|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кардын калың жаагандыгынан улам төрт түлүк малы жабыр тарткан Ош облусунун Чоң-Алай жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун малчыларына жардам берүү боюнча буйрукка кол койду.
Кыштын суук болгондугуна байланыштуу аталган эки аймакта жем-чөп аз калгандыктан, андагы төрт түлүк мал өлүм-житимге учуроо алдында турат. Эгер мындай абал дагы созулса, анда жаз алдында тоютсуз калган мал кырылып калышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү малчылар 30 баш топозунан айрылган.
Буйрукка ылайык, айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрациялары аталган эки райондун аймагы үчүн Чүй облусунан жем жана чөп даярдоо иштерин колго алды.КРнын финансы министрлигине жем-чөптү ташып жеткирүүгө керектелген сумманы төмөндөгүдөй өлчөмдө бөлүп берүү тапшырылган. Жалпысынан 3 млн. 541 миң 380 сом бөлүнүп, анын 2 млн. 940 миң сому Чоң-Алай районунун малы үчүн 150 тонна комбикормду жана 350 тонна чөптү жеткирүүгө, 601 миң 380 сому Чаткал районундагы мал үчүн 10 тонна комбикормду, 100 тонна чөптү жеткирүүгө жумшалууга тийиш. Бул жардамдар 2007-жылы Өкмөттүн токтому менен ачылган Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана залакасын жоюу боюнча атайын эсептин каражатынан алынмакчы. Азыркы учурда КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймактарга комбикорм жана чөп жеткирүү иштерин баштады.
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25