|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
«Өлкөбүздүн Өкмөтү республикабызда олуттуу реформаларды жүргүзүүгө белсенип отурат», – деди Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Грузияга барып келген депутаттарды жана журналисттерди кабыл алуу учурунда.
Жолугушууда Грузиядагы мамлекеттин бардык чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын тажрыйбасы негизги тема катары талкууга алынды.
Биздин кардиналдуу реформа жасоого каалообуз да, саясий эркибиз да бар. Бул багытта айрым иштер аткарылып жатат. Реформалар ийгиликтүү болушу үчүн бийликтин бардык бутактары бир нукта иштеши керек. Өкмөттүн айрым демилгелери боюнча чечимдер парламентте кечиктирилип жатат. Мисалы, визалык режимди жана техникалык кароону алып салуу боюнча сунуштарды чечүү парламентте создуктурулуп жатат”, – деди Ө.Бабанов.
Депутат Өмүрбек Абдрахманов парламентте демократиялык альянс түзүлүп, ага көптөгөн депутаттар Өкмөттүн демилгелерин колдоо жана реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылышына кол кабыш кылуу максатында кошулуп жатышкандыгын белгиледи.“Биздин катарыбызды толуктоону каалагандар аз эмес. Бул ишибиз парламенттик фракциялардын саясатына каршы келбейт. Биз реформаларды алга жылдыруу үчүн зарыл болгон мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышына көмөк көрсөтөбүз. Өкмөттүн элдин жашоосун жакшыртууга болгон иш-аракеттерине биз тараптан толук колдоо көрсөтүлөт”, – деди ал.
Жолугушуу учурунда депутаттар сапардан алган таасирлери менен ой бөлүшүп, Грузиянын реформалоо боюнча тажрыйбасы туурасында сөз кылышты жана Грузияда ийгиликтүү башталган айрым демилгелерди Кыргызстанда да ишке ашыруу боюнча сунуштарын киргизишти.
Депутаттар ошондой эле Укук коргоо органдарын реформалоо боюнча концепция иштелип чыккандыгын жана ал жакын арада парламенттин жыйынында талкуулана тургандыгын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов курамына өкмөт башчысы, демократиялык альянстын депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кире турган Реформалар боюнча кеңешти түзүү сунушун колдоду.
Жолугушууга КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Өмүрбек Абдрахманов, Данияр Тербишалиев, Замир Алымбеков, Алла Измалкова, Курманбек Дыйканбаев, Назарали Арипов, Нурбек Алимбеков жана Улукбек Кочкоров катышты.
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25