Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

37 млрд. 700 млн. сом салык жыйналат

Кечээ Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик салык кызматынын 2011-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2012-жылга иш-пландарын караган жыйынга катышып, быйыл 37 млрд. 700 млн. сом салык жыйноо тапшырмасын берди.

“Мага депутаттардан дагы телефон чалгандар болууда. Жакындарым, тааныштарым менин атымдан кайрылышса да, аларды укпагыла. Алардын ким экенин айтып, түз мага кайрылгыла. Сиздердин милдетиңиздер бюджетке салык топтоо. Ким планын орундатса, кызматынан жогорулайт, аткарбаса бошотулат”, – деди.

Өткөн жылы салык планын толтурбаган Бишкек, Токмок шаарларынын салык кызматынын жетекчилерине катуу сөгүш берүүнү кароону сунуштады. Былтыркы жылда салыктын жыйналышы боюнча салык кызматынын кирешелер жана декларацияларды жөндөө башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Искен Абдалиев баяндама жасады.

2011-жылы 30303 млн. сом салыктар жана төлөмдөр чогултулуп, мурдагы жылга караганда 290 млн. сом ашык жыйналган. 2010-жылга салыштырганда 6080 млн. сомго (25%га) көп. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келип түшүүлөр 5376 млн. сомго же 30%га өскөн.

Жергиликтүү бюджет 7421 млн. сом болгон, өткөн жылга караганда ушул мезгилде 10%га жогорулаган. 2012-жылдын 1-январындагы абал боюнча жалпысынан салык карызы 1660446 миң сомду түзсө, 2011-жылдын 1-январы менен салыштырмалуу кыскаруулар (190925 миң сом ) 248778 миң сомго же 13%га камсыздалган.

2011-жылда ишкердик субъектилерге 8685 көчмө салыктык текшерүү жүргүзүлгөн. 2010-жылга салыштырмалуу 834кө көп болуп, 1 млрд. 726 млн. сом кошумча түшүрүлгөн. Каржы полициясына жалпы 833 млн. сомдук 130 материал жөнөтүлгөн.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев таза адистерди тандоо, аларды окутуу, жоопкерчиликтерин көтөрүү, жыл акырына чейин республика боюнча салык системасын автоматташтыруу, салык төлөөчүлөр менен натыйжалуу иш алып баруу, жаңы ачылган салык сайты аркылуу ачык-айкындуулукту камсыздоо маселелерине токтолуп: “Барыдан мурда каалоо болсо, адистерибиздин дарамети жетет”, – деди.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов салык кызматына быйыл 37 млрд. 700 млн. сом чогултуу тапшырмасын берди. “Мамлекеттик салык кызматынын ишмердүүлүгүн баалоонун эң негизгиси – бюджеттин киреше бөлүгүнүн планын аткаруу. Дагы бир жолу эскертким келет – кимде ким белгиленген тапшырманы аткарса, кызмат ордунда калат”, – деди. Үч айдын жыйынтыгында кимдин кандай иштегенине жараша баа берилерин баса белгиледи.

Ооруп жыйынга келбей калгандардын чын эле ооруканада дарыланып жаткандыгын тас­тыктоону каржы полициясына тапшырды. Башкы көңүл салыктын киреше бөлүгүн арттырууга гана бурулбастан, салык карыздарын азайтууга аракеттенүүнү тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө Премьер-министр салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге эки күндүн ичинде салык кызматына алкоголдук тармакты көзөмөлдөө жана лицензия берүү милдетин өткөрүп берүү боюнча экономика жана монополияга каршы министрлик менен бирдикте Өкмөттүн токтомунун долбоорун даярдоону тапшырды.

Салык кызматына чоң маани берген Өкмөт башчы: “Бюджетте салыктык толуктоо айтарлык орунду ээлейт. Биз муну эске алып, оптималдаштырып, салык инспекциясынын штатын кыскарткан жокпуз. Сиздердин араңыздарда мамлекетке таза иштеген, коррупциялык жеп-ичүүлөргө аралашпаган адамдар көп экенине ишенем. Мен сиздерди салык жаатында коррупциялык көрүнүштөргө каршы ачык күрөшүүгө чакырар элем. Бизде сиздер байкаган терс фактыларды маалымдай турган коррупцияга каршы сайт бар. Ар бир билдирүү сөзсүз иликтенип, чара колдонулат. Андан сырткары мен өзүм кайсыл кызматкер болсун ведомстводогу паракорлукту же коррупцияны ачык айтууга каалоосу болсо, жеке кабыл алууга даярмын”, – деди.

Өкмөт башчы пландарын ашыра аткарышкан салыкчыларды сыйлоо, кызматынан жогорулатуу маселесин көтөрүп, коллегиянын жыйынын жыйынтыктады.

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25