|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
07.02.2012
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын-акимдерди шайлоо процесси боюнча кайрылуусу
Өкмөттүн программасын, Өкмөттүн иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, жаңы Конституцияга жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдердин кызматына талапкерлерди көрсөтүү туурасында чечим кабыл алдым.
Мамлекеттин өнүгүүсүнүн демократиялык принциптерин сактоо жана тандоо эркиндигине болгон укукту камсыздоо менен райондук кеңештердин кароосуна акимдердин кызматына 3төн талапкер киргизилген.
Баса белгилеп койчу жагдай – талапкерлердин тизмеси саясий партиялардын, жергиликтүү бийлик органдарынын сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен жана Өкмөт бекиткен кесипкөйлүк талаптарга ылайык түзүлгөн.Тилекке каршы, айрым райондордо бул процессти саясатташтырууга аракеттер жасалып жатканы байкалууда. Акимдерди тандоо ачык-айкын, калыс жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарынын кийлигишүүсүз өтүшү керектигин баса белгилеп койгум келет.
Ошондо эле райондук кеңештердин депутаттарын акимдерди тандоо процесстерине кийлигишүүгө болгон аракеттерге бөгөт коюп, калыс жана туура чечим кабыл алып, талапкерлердин ичинен татыктуусун тандап алууга чакырам.
Мен укук коргоо органдарына акимдерди тандоо процессине ар тараптуу көз салып, шайлоо процессинде мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн өз убагында жана ыкчам чараларды көрүүгө тапшырма бердим.
Акимдерди тандоо демократиялык нукта, ачык-айкын жана жогорку уюшкандык дең-гээлде өтүшү керек.
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25