Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

«Кеңешип кескен бармак оорубайт»

К.Баялинов атындагы китепканада вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Өкмөттүн реформалык программасын жарандык коом жана бизнес чөйрө¬сүндөгүлөргө тааныштырып, ал кызуу талкууга алынды.
Баяндамачы программадагы негизги багыттарга басым жасады. Бюджетти борбордоштуруу алыстатылып, жергиликтүү бюджет көбөйтүлөрү айтылды. Негизги багыт катары: мамлекетти башкаруу реформасы, бюджеттик реформа, укук коргоо системасындагы реформа, экономиканы жана аймактарды өнүктүрүү, социалдык чөйрө баса көрсөтүлдү. Бюджет жыл сайын динамикалуу 15%дан өсөөрү, он жылда 50%га өскөнү, 2014-жылы эки эсе жогорулашы маалымдалды. Ал үчүн коррупцияны 30%га кыскартуу пландалган.
“Сиздер, жарандык коомчулук, ишкерлер, сунушталган кандай программалар, долбоорлор болсун, аны талкуулоого катышпасаңыздар, сапатына таарынбаңыздар”, – деди Ж.Оторбаев.
Талкууга жарандык коомго караганда ишкерлер басымдуу келишиптир. Кыргызстандагы базар, соода ишканаларынын жана тейлөө чөйрөсүнүн президенти Сергей Пономарев айыл чарбасын, соода жүгүртүүнү каржылоо, тышкы өзгөрүүлөр, мисалы, бажы союзуна кирүүдөгү багыттар ачык айтылбагандыгын сындады.
Каржы министринин байкоочу кеңешинин төрагасы Азамат Акелиев жумушсуздукту жоюу Өкмөттүн программасында жеткиликтүү чечилбегендигин белгиледи. Чыгып сүйлөгөндөр Өкмөттүн эл менен акылдашууга чыкканын, ачыктыкка барып жатышканын колдошуп, сынын да айтып жатышты. Өзгөчө алар реформанын тууралыгын колдошоорун, бирок, ага каражат кайдан алынат деген күмөн ойлорун айтышты. Айрыкча жумушсуздук, коррупция, салык, жеке менчикти коргоо, инвестиция тартуу маселелери кызуу талкууга алынды.
Алардын сунуштарына жана суроолоруна жооп берген вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, реформалык программаны бирге ишке ашырабыз. Элдин күчү биримдикте”, – деп жыйынтыктады.
Марип ТАЙЧАБАРОВ, “Кыргыз Туусу”

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25