Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары
21 Февраля 2012, 12.41 ...
Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз
21 Февраля 2012, 12.40 ...
Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык
21 Февраля 2012, 12.40 ...
– Үрөнчүлүк боюнча 68 мамлекет менен байланыш­табыз. Жылына 118 млн. дол­лардык үрөндү экспорт­тойбуз. 2023-жылга Түркиянын 100
21 Февраля 2012, 12.39 ...

Апта суроосу

Жогорку кеўеш єз милдетин жакшы аткарып жатабы?



 

kyrgyzsalam
header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                      

КИБ "ИШЕНИМ"      

aktilek

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
Өкмөттө

Пенсия дагы көбөйөт

21.02.2012

Май айында пенсиялардын камсыздандыруу­чу бөлүгү 11 пайызга көбөй­түлүп, республикабыздагы пенсиялардын орточо көлөмү 4082 сомго жеткирилет. Бул тууралуу Премьер-министр Өмүр­бек Бабановдун кабыл алуусунда болгон учурда Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев  билдирди.  Ал мекеменин былтыркы жылдагы ишмердиги жана быйылкы милдеттери жөнүндө маалымдады.

Мурдараакта өкмөт башчысы Соцфонддун жетекчисине пенсияларды жашоо үчүн керек болгон минимумдун деңгээлине жеткирүү боюнча тапшырма берген эле. Бүгүнкү күндөрү пенсиялардын орточо көлөмү 3690 сомду түзүп, өлкөбүздүн жашоочуларына бир айда керектелчү минимум каражат 4180 сомго барабар болуп отурат. Пенсияларды көбөйтүү боюнча токтомдун долбоору Өкмөттүн кароосуна киргизилмекчи.

 

Чаткалга Чүйдөн тоют

21.02.2012

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кардын калың жаагандыгынан улам төрт түлүк малы жабыр тарткан Ош облусунун Чоң-Алай жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун малчыларына жардам берүү боюнча буйрукка кол койду.

Кыштын суук болгондугуна байланыштуу аталган эки аймакта жем-чөп аз калгандыктан, андагы төрт түлүк мал өлүм-житимге учуроо алдында турат.  Эгер мындай абал дагы созулса, анда жаз алдында тоютсуз калган мал кырылып калышы мүмкүн. Бүгүнкү күнү малчылар 30 баш топозунан айрылган.

Уландысы...

 

Бирге иштесек реформалар жүзөгө ашат

21.02.2012

«Өлкөбүздүн Өкмөтү республикабызда олуттуу реформаларды жүргүзүүгө белсенип отурат», – деди Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Грузияга барып келген депутаттарды жана журналисттерди кабыл алуу учурунда.

Жолугушууда Грузиядагы мамлекеттин бардык чөй­рөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардын тажрыйбасы негизги тема катары талкууга алынды.

Биздин кардиналдуу реформа жасоого каалообуз да, саясий эркибиз да бар. Бул багытта айрым иштер аткарылып жатат. Реформалар ийгиликтүү болушу үчүн бийликтин бардык бутактары бир нукта иштеши керек. Өкмөттүн айрым демилгелери боюнча чечимдер парламентте кечиктирилип жатат. Мисалы, визалык режимди жана техникалык кароону алып салуу боюнча сунуштарды чечүү парламентте создуктурулуп жатат”, – деди Ө.Бабанов.

Уландысы...

 

«Кумтөрдө» иш жанданды

21.02.2012

«Кумтөр Оперей­тинг Компани» ал­­тын кенинин жумуш­­чулары менен ад­­ми­­нистрациясы­нын ортосунда пай­да болгон эмгек та­лаш-тартышы өк­мөттүк деңгээлде чечилди. Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун «Центерра Голд Инктин» жетекчилиги менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин Кумтөр кениндеги чыр-чатак аягына чыкты. 16-февралдан баштап компаниянын кызматкерлери иш таштоосун токтотушту.

“Кумтөр Оперейтинг Компанинин” иш таштоо жана проф­союз комитеттери жаңжал жагдайды чечип берүүгө жардам сурап КРнын Өкмөтүнө кайрылган эле. С.ОРОЗОБЕКОВ

 

Ал «Ата-Журттан»

07.02.2012

Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Исмаил Исаков Алай районунун мамадминистрациясынын башчысынын кызматына талапкер Алмазбек Осмонов "Республика" саясий партиясынан сунуш кылынгандыгын айткан.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү А.Осмоновдун талапкердиги "Ата-Журт" саясий партиясы тарабынан сунушталгандыгын билдирди. Бул боюнча "Ата-Журт" фракциясынын лидери К.Ташиевдин колу коюлган тиешелүү сунуштама өткөн жылдын 13-августунда КРнын Премьер-министри А.Атамбаевге жиберилген болчу. М.АЛАГУШЕВ

 

Страница 1 из 21

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25