Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

«Кыргызстандын өнүгүшүнө коррупция, улутчулдук, маңкуртчулук бөгөт болууда»

dosbabГезитибиздин мурдагы санында белгилегендей,  17-февралда түштөн кийин Өлкө башчысы  Алмазбек Атамбаев  Ош мамлекеттик университетинин,  Ош технологиялык университетинин жана Оштогу гуманитардык педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулар жамааты, студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Президент: "Баарыбыздын жүрөгүбүздү ооруткан бир нерсе бар, ал – Кыргызстандын келечеги, элибиздин келечеги. Кыргызстан бизге, кыргызстандыктарга гана керек. Кыргызстандагы тынччылык дагы өзүбүзгө гана керек, мен эртең эле коммунизм болуп кетет дегенден алысмын, тескерисинче азыр Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоол болуп турган көп факторлор бар. Анын бири катары мен өзгөчө коррупцияны белгилейт элем. Улутчулдук жана маңкуртчулук экенин айтат элем. Ушул үч нерсе Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоол болууда",- деп баса белгиледи.

Президенттин айтымында коррупция эбак эле кыргызстандыктардын мээсине кирип алган. "Ачыгын айтайын, корруп­цияга каршы күрөштү баштадык. Камоолор башталды. Муну бир жолу боло турган акция деп ойлобоңуздар. Бир топ адамдар камалышат",- деди Өлкө башчысы.

Андан аркы сөзүндө Алмазбек Атам­баев буларга токтолду: "Министр болобу, МАИ кызматкери болобу, коррупционер болсо камабасак болбойт. Белгилеп кете турган жагдай, 20 жыл ичинде бир да сот камалбаптыр. Бир аял сот камалган экен, ал дагы күйөөсүнө уу берип өлтүргөндүгү үчүн камалыптыр. Башка эч ким камалбаптыр. Биз мына үчөөнү камадык. Мындан ары да отургузабыз. Кечээ мен башкы прокурордун үч орун басарын иштен алдым. Анткени уурулар менен прокуратура иш алып барыш керек болчу.

Менмин деген мамлекеттик чиновниктер, депутаттар криминалдык топтордун ана башчылары менен чай ичип, сүрөткө түшкөндү авторитет катары баалаган мезгилге келдик.

Эмнеге Кыргызстан ушунчалык кедей, анткени акыркы 20 жылдан бери мамлекетти уурулар башкарып, талап, тоноп келишти. Буюрса бул илдеттен кутулабыз. Албетте, элибизге иш беришибиз керек. Ишкерлердин жолун ачышыбыз керек. Мындан ары уурдаганды токтотушубуз керек. Бирок алганга көнүп калгандарды токтотуу кыйын болууда. Мисалы, ооруканаларда врачтардын эмгек маянасын көтөрдүк. Врачтардын эмгек акысы 40 миң сомго жакын, медайымдардыкы 10-15 миң сомго жетти. Ошого карабай дагы деле ийне сайгандыгы үчүн, дары бергендиги үчүн акы алышат экен. Себеби алардын канына сиңип калган да. Өзгөчө коркунучтуу илдет -паракорлук болууда. Акча берип врач болгон студент кандай врач болот? Кимди дарылайт? Ал дарылабай эле өлтүрөт. Акча берип диплом алган адис кандай адис болот?

Анан эң негизги маселе жаштарды мектептен, ЖОЖдон баштап паракорлукка үйрөтсөк, алар бардыгын акча чечет турбайбы деп калат да. Эгер мугалим пара алса, аны көргөн студенттер эмне болот? Биз туура эмес окутуп, туура эмес тарбия берип атабыз. Жаштарга чоңдорго жагынмайды, кошоматтанууну, алдамайды үйрө­түп атабыз. Эмнеге мен экинчи жарлыгымды маңкуртчулукка каршы чыгардым? Биз тарыхыбызды унутуп койдук. Жакында бир саясатчы айтып жатат, Премьер-министрдин энеси кыргыз эмес экен, Кыргызстанды таза кандуу кыргыздар башкарыш керек деп. Бул туура эмес. Ошол эле тарыхыбызга кайрылсак Манас атабыздын энеси Чыйырды – чыныгы аты Шахан – Булгаркандын кызы болгон, Семетейдин энеси Каныкей – тажик кызы, Сейтектин энеси Айчүрөк – Ооган канынын кызы болгон. Бул Улуу кыргыз каганатынын учурунда болгон. Мына быйыл кыргыз каганатынын түзүлгөнүнө 1170 жыл болуп отурат. Биз кенедей эл болгонбуз, колубуздан эч нерсе келген эмес деп ойлойбуз. Башкалар да ошентип ойлошот. А чындыгында кыргыздар Каганат түзүп, Сибирден, Кытай чебинен Каспийге чейин башкарып турушкан. Биз азыр кенедей Кыргызстанды бириктире албай жатабыз. Анткени бузукулар кыргыз-өзбек, кыргыз-орус, Түндүк-Түштүк кы­лып бөлүшүүдө. Бүгүн Кыргызстандын бөлүнүшүн каалагандар көп. Кыргызстанда Кыргызстандын жараны деген түшүнүк­тү ар бир адамдын башына куюшубуз зарыл. Бул сунушумду ар кандай талкуулагандар да болууда. Мисалы, "Түрк улуту" деген графаны алып салып, Ата Түрктүн убагында дини деген графаны гана калтырган. Ошол убакта, 1920-жылдары Түркияда түрк­төрдүн саны калктын 30 пайызын түзсө, азыр 80 пайызга жетет.

Билим берүүдө көйгөйлөрүбүз толтура. Бизде кантип көйгөй болбосун, эгер тажик тилиндеги мектептерде Тажикстандан келген, өзбек тилиндеги мектептерде Өзбекстандан келген окуу китептерди окуп атышса. Мындан ары сентябрдан баштап кайсы тилдеги мектеп болбосун, окуучулар 1-класс­тан кыргыз тилин окушу керек. Бирок моюнга ала турган дагы бир маанилүү жагдай – кыргыз тили азыр толук реформалоого муктаж. Күзгө чейин каражатты аябай сапаттуу китептерди чыгаруубуз керек. Мамлекеттик тилдин байлыгын, тарыхын көтөрүшүбүз керек.

Ал эми каргашалуу июнь окуясынын күнөөлүүлөрү, уюштургандар, каргашага шыкак болгондор аныкталып, такталып, саясий баа берилмейинче улуттук араздашуу токтобойт. 50 жылдын ичинде Ошто мындай трагедия үч жолу кайталаныптыр. Буга чекит коюш керек. Тагыраак айтканда апрель, июнь окуялары боюнча хронологиялык иликтөө жүргүзүлөт. Ошондо гана Ош окуясын кимдер баштаган, кандай максаттары болгон, Кадыржан Батыров менен кимдер чай ичип, анын акчаларын алып турганы жана башка окуялар такталып, ийне-жибине чейин териштирилет",- деди Президент.

Ош мамлекеттик университетинде өткөн жолугушууда А.Атамбаев Кыргызстанда азыр башкаруу системасын толук парламенттик деп айтууга болбой турганын, бирок башкарууну бир адамдын колуна бербеш керек экендигин белгиледи жана ал өзү Президент болуп турган мезгил ичинде парламенттик башкаруу системасын бекемдей тургандыгын айтты. Алмазбек Атамбаев окуу жайларда таза коом, таза ыйман, таза ниет гана мамлекеттин өнүгүшүнө өбөлгө боло турганын айтып, мында жаштардын, жаш кадрлардын ролу жогору экенине токтолду. Келечек жаштардын колунда экендигин баса белгиледи.

Жолугушууларда студенттер: "Кыргызстанда жаратылыш коруктарын түзсө болобу, Иран-АКШ мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерге кандай көз караштасыз? Мамлекеттик тилге көз карашыңыз кандай?" деген сыяктуу көптөгөн суроолорго жооп алышты. "Кыргызстанды бүтүндөй жаратылыш коругуна айландыруу керек", - деди жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш жүргүзүлө тургандыгын белгиледи Президент. Ош МУнун студенти Турсунай Эргешова медфактын студенттери үчүн атайын клиниканын зарылдыгын айтып, анын курулушуна жардам бере аласызбы деп суранды. Президент ага жардам берүүгө убада берди. Ноокат районунун Кичи Алай айылынан келип окуган ОшТУнун студенти өз айылында орто мектептин жок экендигин айтып, анын курулушуна жардам берүүсүн өтүндү, Мамлекет башчысы "бул фактыны өзүмө жазып алдым, бул маселени тиешелүү жерге сунуштайм" деген убадасын берди.

Ош социалдык университетинин сту­денттеринин бири Арзыбай Жунусовду чет өлкөлүк биолабораториянын, Ош-Баткен автожолунун жана кыргыз-кытай темир жолунун курулушу кызыктырды. Студенттер Президенттин бош убактысын кандай өткөрө тургандыгына да кызыгышты.

А.Атамбаев кыргыз элинин тарыхын жана улуу эпосу "Манасты" жана экономика жаатындагы жазылган илимий эмгектерди окуп жаткандыгын айтып берди.

Жыпар АКУНОВА, "Кыргыз Туусу"

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25