|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Жер чоюла бергидей желим эмес
Өлкөбүздө эгемендүүлүктүн таңы атаар мезгилдеги 90-жылдагы Ош шаарыбыздын тарыхында жазылган кыргыз-өзбек кагылышынын себеби жер талаштан келип чыкты деп ошол учурдагы чоңдорубуз оозу-мурду кыйшайбай тыянак чыгарышкан.
Ал коогалаңдын келип чыгышынын башкы себебинин тамыры таптакыр башкада экендигин мына, туптуура жыйырма жыл өткөндө кайрадан дагы көрбөдүкпү. Ошентсе да ал жылдарда Ошто да турак-жай курууга жерге муктаж жаштардын талабын канааттандыралы деп канчалаган сугат жерлерди садага чаап жаңы конуштарды түптөгөнгө жетиштик! Кайран гана жаңы конуштар!
Кооздугу көздүн жоосун алган, биринен-бири кем калбаган катар-катар заңгыраган хан-сарайлар өсүп чыкпадыбы! Ошол кезекке турган жаштар жер участокторуна жетип, ушундай үйлөрдү куруп алганына Кудайдын көзү сүйүнсүн дегиң келет! Бирок паспортунун шаардагы элементардык каттоосу жоктугунан миңдеген кыргыз жаштары четте калып, айрымдары жер алса, курулушка каражат таппагандан арзыбаган пулга сураганга кармата бергендери канча болду? Ал эми ошондогу жетекчилер Ош окуясын шылтоолоп, жер сураган кыргыздарга бир тарап, өзбектерге бир тарап кылып жаңы конуштарды түптөп берип, кыргыз менен өзбек биринин айылын бири аралап баспай калса кийинкиде кесепети кандай болоорун ныпым ойлоп койбостон, өздөрүнүн капчыгын кампайтуу менен гана күн өткөрүшкөнүн эми минтип турмуш көрсөтүп атпайбы! Өзгөчө өлкөбүздөгү катар-катар революция, төңкөрүштөр, бийлик алмашуулар, кайталанган улуттар аралык кагылыштардан кийин жер участокторуна муктаждык дегенди саясатка айландырган адатыбыз кайрадан кармап, канчалаган адамдар анын курмандыгына айланууда!Айталы, бир канча чоңдорубузду баш, мен өзүмдү кошуп төш кылып, 20 жылдан ашуун эмгегимди арнаган түштүктөгү эң ири жогорку окуу жайы болгон Ош мамлекеттик университетиндеги үч миңге жакын кызматкердин соңку 6-7 жыл ичинде эле бир далайы жеке турак-жай курганга жер участогун сурап арыз бергендиктен, бул боюнча Ош шаардык мэриясына сегиз жүзгө жакын өтүнүчтөрдү келтириппиз. Мейли, өмүрүндө бир жолу кезекке туруп жер участогун алуу ар кимдин конституциялык укугу дейли, бирок жер туш тарапка чоюп кете бергидей желим эмес да, же мэриянын карамагында жаңы турак-жай конуштарын түптөөгө анчалык жери жок. Шаарга жакын айыл өкмөттөр ондогон-жүздөгөн гектар айыл чарба жерлерин турак-жай конуш жерлерге трансформациялап Ошко өткөрүп берген күндө деле биз шаардын тегерегин эмнеге айлантып жатабыз? Космостон, же самолет менен вертолеттон караганды коёлу, береги Сулайман тоого эле чыгып карап көрөлүчү, чар-тарабыбыздан жаңы конуштар курчап чоң айылга гана окшоп калбадыкпы! Ал эми жаңы конуштарда бир гана евро үлгүдөгү особняк үйлөр эле болбосо, алар инфратүзүмү боюнча жок эле дегенде шаар тибиндеги дурусураак посёлоктун да деңгээлине жетпей турат.
Каттасайдан катта үмүттөр үзүлбөй…
Учурдагы кызык нерсе, жери жок оштуктардын баарын, кыргызын да, өзбегин да Каттасай массивине батырабыз деп азыркы бийликтердин бир-эки жылдан берки тартып аткан убарагерчилдигинен да майнап чыгышы кыйындай болуп турган кези азыр.
Анткени, кыргыз-өзбекти ушул жерге аралаштырып жашатабыз дегендин өзү болбогон нерседей. Жер участогуна канчалык муктаж болбосун, өзбекти Каттасайга, же Ачысайга байласаң да турбастыгын билип туруп деле, максатсыз куру убара тартуунун зарылдыгы жок деп ойлойм. Бул убарагерчиликтер да мындан 3-4 жыл мурун эле шаар менен облустун мурдагы жетекчилери тарабынан Оштун айланасында талкаланып жок болгон дачалык конуштардын ордун жер участокторуна бөлүп берүү аракеттери сыяктуу эле ара жолдо калбашына ким кепилдик берет?
Оштун бир четиндеги 15-20 чакырым аралыктагы Каттасайга турак-жай салган менен шаардын башка четиндеги, же борборундагы жумушка каттоо кандай болмокчу деп сарсанаа тартат. Мындай алыс аралыкка талаптагы-
дай жолу, транспорту, отун-суусу, электри менен газы баргыча качан? Анан да Каттасайдын күн чыгыш тарабынан жай таап, Оштон тээ 40-50 жылдан берки ташылып чыгып төгүлүп, тоо-тоо болуп додолонуп жаткан таштандылардын дайыма жагымсыз жыты уруп турганы көңүл иренжитпей койбойт экен. Азыр жарым чөлгө окшоп шыбактан башка эч нерсе жок боз адырлуу талаа болгон ичимдик, же агын суусу жок Каттасайга мурдагы каналды тазалап кайрадан кубаттуу насостордон суу айдатабыз деген менен анын бир саатта, бир аптада, бир айда же бир жылда эле канча киловатт чыгымдаарын акчабайга чагып көрсөк, ошол опол тоодой сумманы жаңы конуштагылар сүйүнүп төлөп турушаарына ким кепил боло алат?! Ал эми бала бакча менен мектеп, почто менен мончосу, базары менен мазары, дагы башка-башка зарыл шарттарды түзгөнгө чейин не замандар өтөөрүн бүгүнкү күндө Бишкектеги мындан жыйырма жылдан мурда пайда болгон жаңы конуштардын көйгөйүнөн көрүп атып деле эмнеге сабак албайбыз?!
Өйдөгө өсүү – замандын талабы
…Эми ар кандай аракеттерге эле минтип сын тагып отура берсек эмне кылышыбыз керек дегендер да, албетте, четтен чыгат.
Андыктан коомчулуктан, эл ичинен бул боюнча ким эмнени сунуштаса анын үстүнөн бийликтегилерибиз астейдил ойлонуп көрүп чечим кабыл алышса туура болоор эле.
Соңку жыйырма жыл ичиндегидей жер фондусуна карата жапайы ач көздүк мамиледен улам баш аламан жаңы конуштарга
бастырылбастан, сугат жерлер айыл чарба өндүрүшүнүн негизги каражаты болуу менен элди бакканы келечек үчүн максатка ылайык болмок. Азыркы учурда да шаарды айланта айталы, Каттасай менен Ачысай өңдүү жакын жерлерге айыл-кыштактарды жайната бергендин ордуна жашыл токойлордун тилкесин түптөсөк, бул үчүн Кудай берген ырыс- кылуу, берекелүү топурагыбыз, сай-сайда, дарыяларда акыл-эстүү пайдалана албагандан сыртка агып кетип жаткан сууларыбыз жана күнөстүү климаттык шарттарыбыз бар экендиги эске алынса дейбиз. Мунун баары эң ири аянттарда мөмө-жемиш бактарын, курулуш багытындагы дарактарды өстүрүүгө толук мүмкүн болмок. Мындай иш-аракеттер ары миң ирет соопчулуктуу да, ары канча адамды жумуш орду менен камсыздап, айталы, жүздөгөн тонна жаңгак, бадам-мисте, алча-кайналы жыйналып турса, Кыргызстандын мындай экологиялык таза продукцияларын экспорттоо менен келечекте маркетинг саясатыбыз дурус өнүгүп кетсе, мындан ири кирешелерди алууга эмнеге болбосун? Анан да минтип бизде да шаарды тегерете жашыл зоналардын пайда болгону жыйырма биринчи кылымдын учурдагыдай дүйнөлүк глобалдуу экологиялык проблемаларын аз да болсо жеңилдетүүгө карай таштаган зор пайдалуу кадамыбыз болбойт беле!
Июнь окуяларынан кийин өрттөлүп-талкаланган эски махалялардын ордуна мейли ошол эле үй-тамдардын ээлери үчүн ошол эле ордуларында эмне үчүн көп кабаттуу заманбап үй-имараттарды салууга белсенбедик? Алгач кышта суукта калбас үчүн тээ жер титирегенден жабыркаган Нурадагыдай кылып контейнерлерден өткөөл гана үйчөлөр (убактылуу времянка) куруп беребиз деп, андан кийин жыл айлантып эле акырындап кулак-көздү көндүрүп, өзбек туугандардын дубалы чириген каратамдарынын ордуна эми минтип заңгыратып бышык кыштан, пластик эшик-терезелүү, жаркыраган чатырлуу чоң-чоң үйлөр курулуп жатканы, же дале болсо Оштун шаар эмес, кайрадан эле айылга айлантылып жатканы кайсы бир тарапты кыжырдантпай койбойбу? Ачыгын айтканда, эгемен Кыргызстандын жаңы шарттарында шаар жеринде жер үйдө жашайт элем деген менталитетти жүк жыйгандай жыйыштырып коюп, бир журттун бир гана эли болуп, мындан ары Оштун эки улутун – кыргыз-өзбекти аралаштырып, мурдагы союз мезгилиндегидей жашоо маданиятына кайтаруу учуру келгени качан деп айтканга эмнеге болбосун?
Мурдагы шаар башчылары оңго-солго “прихватташтырып” отуруп канчалаган ишкана-мекемелерди жер менен жексен кылышкандан алардын канчалаган аянттагы жерлери менчиктештирилип кетти! Айталы, Оштогу грензавод, нанзаводдун маңдайындагы пассажирдик, андан арыраакта авторемзавод, жүк ташуучу 2902, «Максат», Черемушка районундагы КАМаз автобазалары ж.б. акционерлештиримиш болуп туруп сатылып эле кетпедиби. Алардын имараттарын талкалап, жер аянттарын болсо жеке турак-жай участокторуна майдалап сатышып, ордуна козу карындай жеке турак үйлөр курулганы менен беш-ондогон адам эле күнүн көрбөсө, шаарга же анын калкына эмне пайдасы тийди? Андан көрө мындай жерлерде башынан эле көп кабаттуу үйлөрдү куруу колго алынып, ипотека саясатын ийкемдүү жүргүзүү аркылуу турак-жайга муктаждардын маселесин туура чечкенде бийлик төбөлдөрүнө ишеничибиз артып, мамлекеттин күч-кубатын сезбейт белек, эл-журт? Бул жерлерде тигинтип Каттасайга чейинкидей алыскы аралыкка баш оорубайт, көп кабаттуу үйлөрдү курууга зарыл болгон инфратүзүм үчүн бардык шарттардын – жол, транспорт, бала бакча, мектеп, суу, газ, жылуулук, электр, канализация ж.б. эң ыңгайлуу экендигин, аларды пайдаланууга эч канчалык деле чыгымдардын кетпешин эске алганда, бул боюнча дале болсо ойлонсок болчудай.
Көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу мэрияга караштуу жер жоктугунан кыйын болуп турганы түшүнүктүү дейли, бирок шаарды кеңейтебиз деп алыскы адырларга карай чамынбастан азыр да айрым мамлекеттик аты бар, заты жок мекеме-ишканалардын карамагында турган, же болбосо иштебей токтоп калган ХБК, ДСК, ЖБИ, гормолзавод, авто, же межрайбазалар, гараждардын ж.б. жерлерин көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн пайдаланууга эмнеге болбосун? Эгерде акционерлер болсо баары бир саткандан гана пайдасын алышат экен го. Ушундай жол менен Шайиттөбө-
дө, Он Адырда, Кашкар-Кыштак, Нариман, Шаркта беш-ондон көп кабаттуу үйлөр курулса, шаардын борбордук бөлүктөрүндө эле тыгыла бербестен, мамлекеттик бийлик органдары, мекеме-ишканалары, милиция, прокуратурасы ошол жактардан орун таап, кыргыз менен өзбектин каттаган жолу бир, кириш-чыгышы, баскан-турганы, базары-мазары бир болуп улуттар аралашып эле жашап калбайт беле!
Шаарды оңдоп-түзөп жаңылайлы десек, Оштун кыйла аймактарын, алтургай чоң көчөлөрдү бойлото эң көрүнүктүү жайларды ээлеген барак тибиндеги үйлөр жайгашкан кварталдардын абалына назар салганыбыз оң. Мисалга, Фрунзенское базарынын арт жагындагы, Больничная көчөсүндөгү, Таатан соода-комплексинин маңдайындагы, шаардык соттун жанындагы, обком үйлөрүнүн тушундагы
ж. б. көптөгөн кварталдар жалаң эски үйлөрдөн туруп, инфратүзүмдүк эч кандай шарты жок, көчөлөрү кууш, үй алды участоктору тар, ажатканалары, суу колонкасы аянычтуу абалда экендиги баарыбызга маалым. Мына ушундай шарттарда жашагандардын көпчүлүгү турак-жайын кеңейтип алуу максатында жер участокторун сурап жүрүшкөндүгү жашыруун эмес. Эгерде алардын эски, шарты жок турак-жайларынын ордуна заманбап шарты менен бир-эки жыл ичинде көп кабаттуу үйлөр курулуп, эң биринчи кезекте ошол жер участокторунун ээлерине керек болсо каалаган кабаттан бекер квартиралар берилип, бул үчүн алар менен алдын ала ишенимдүү келишимдер түзүлүп, бул максаттар ишке ашырылса, буга ким гана макул болмок эмес? Мында балким 100-200 адам өз участокторун берген үчүн бекер квартира алышаар, ал эми үстүңкү кабаттардан 1000-2000 адамга сатылган квартиралар опол тоодой маселелерди чечпейт беле?!
Келечекке карай шаарды-шаардай сактайлы десек жана чындап каалообуз болсо бул иштерди эртелетпесек, турак-жайын дурустап кеңейткенге көзү жетпегенден айрым адамдар ушул эле тар участокторуна шаардын генпланын ойлоп да койбостон өйдө көздөй өздөрү курулуш түптөп салып жаткандыктарын баамдоого болот. Минтип ала-була плансыз баш аламан курулуштар күчөп, мындай кварталдар жашап же өсүп кете берсе түштүк ордо калаанын эртеңи эмне болот?
Абдыжапар АККУЛОВ, ОшМУнун профкомунун төрагасы, география илимдеринин кандидаты
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25