Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

Сейит ЖЕТИМИШЕВ Кыял кайрыктары

JetimishevЗамандаш кандай көрсөң сенин ишиң,

Оюмду ойноктотпой айткан үчүн.

Кудайга ыраазымын берген мага,

Чындыкты чыдап айтар үлүш-күчүн.

 Ал күчтү камап-матап күйүнтпөймүн,

Күч менен эл көйгөйүн үгүттөймүн.

Көйгөйлөр көлдүн жыбыр толкунундай,

Көрбөйт деп көй кашка элди түңүлтпөймүн.

24.01.12

 

Кээде кантем көңүл калат турмуштан,

Турмуш түгүл асмандагы жылдыздан.

Ошол кезде ыйлачудай муңканып,

Жөлөк издейм күлкүсү ачык бир кыздан.

 

О, жараткан көңүлүмдү калтырба,

Ысык жанды айлантпагын салкынга.

Жан ысытар кыздын ачык күлкүсүн,

Алмашпаймын ат көтөргүс алтынга.

19.12.11

 

Жалбыз жыттуу дархан талаа, ак дайра,

Көңүлүмдү учуп жүргөн кап-кайда.

Ашык кылып эритесиң көлкүтүп,

Үн алышып чымчык сайрар жаз-жайда.

 

Жайдын күнү кечки салкын бешимде,

Сепкен эгин кылкан алган кезинде.

Ак суу жайып турсаң кандай ыракат,

Кылкылдаган жашыл талаа четинде.

20.12.11

 

Неге адамдар бий-бийликсиз жашабайт,

Бирин-бири алдагандан тажабайт.

Деп эзилсем тили чыккан наристем,

Бийлөөсү жок, алдоосу жок аталайт.

 

Пенде бар деп наристедей жаралган,

Пенде бар деп ак какымдай агарган.

Уксам сурайм чын бекен деп шамалдан,

Бетке үйлөп сергитчүдөй саналган.

 

Шамал кантсин үн катпайт да лепилдейт,

Ой  ойлонуп онтогону сезилбейт.

Кайра сурайм кайдыгердей карабай,

Кайдыгерди шамал деле кечирбейт.

20.12.11

 

Табияттын аян доошун угалы,

Ал менмин дейт билимдердин булагы.

Көрүнбөстү көздү ачып көргөзгөн,

Мугалим дейт жандын жанган чырагы.

31.12.11

 

Шар суу урган жумуру таш сайда экен,

Канча урса да чыдай берген жайда экен.

Тирүүлүктүн бир азабын көтөрбөй,

Тизгин таштап качкан адам майда экен.

 

Азап деген адамдардын энчиси,

Аңдыгандай айтпай туруп келчүсү.

Болбогондо боз ингендей боздотмок,

Табияттын таштай кайрат берчүсү.

 

Өчүрчүдөй жүрөктөгү очокту,

Азап жайса муздай-муздак тозотту.

Музду жарган Ледокол сыяктуу,

Кайран адам жашайт жиреп тозокту.

30.12.11

 

Ден соолук деп ооз учунан айтабыз,

Көңүлдөрдү болгон болуп жайкамыш.

Чындап ооруп көр башына барарда,

Чын нукура адамдыкка кайтабыз.

 

Кечирилип дос, душмандын сатымы-ай,

Мансап-дүйнө бир тыйынга татыбай.

Жалгыз гана жанга керек көрүнөт,

Бир кашык суу, же бир атым насыбай.

30.12.11

Кармагандай капысынан тузактап,

Кыялымда жыттай берем кучактап.

А, турмушта сен жолуга калганда,

Алыс турам алдыртадан ызааттап.

 

Ызааттасам ага себеп табылар,

Ыраактасам ысып жүрөк сагынар.

Өмүрүмдө бир эзилип өппөсөм,

Өтчү   өмүр өкүнүчкө багынар.

30.12.11

Күндү көрүп, күндө кайра сагынам,

Ал бүткөндөй менин чымчым жаныман.

Күн бүркөлсө жүрөк согот дикилдеп,

Чыгуучудай чыга качып кабынан.

 

Күн-ай, Күн-ай кактап тийип

бүркөлбөй,

Өрттөп кетчи зулумдарды

үркөрдөй.

Балын соруп байкуштарды кууратты,

Алдап-соолап аны көрүп түркөйдөй.

01.01.12

 

Акча башка, мансап башка жүгүндүң,

Саунага жылаңайлак жүгүрдүң.

Сенден кантип элдик киши чыксын деп,

Тилиңден да, дилиңден да түңүлдүм.

 

Сени көрсөм көргөнсүймүн  сагызган,

Шакылыктап сайды бойлоп тааныткан.

Кечирип кой мен буларды айтпасам,

Калгансыймын кутула албай карыздан.

 

Буларды айтсам кутулармын карыздан,

Арылармын бир уйгактан жабышкан.

Бизди өстүргөн ташты кесер болоттой,

Катаал кезде Сталиндей даанышман.

03.01.12

 

Бийлик чыкты калыстыкты тебелеп,

Калктын үнүн карт каргадай жемелеп.

Буга күйүп акын чыкты топ баштап,

Курч сезимин кургак акыл жеңе элек.

 

Акын түштү ар-намыстын жолуна,

Таяк эмес, калем албай колуна.

Ага каршы атыларын арсыз ок,

Алдастуу акын түк алган жок оюна.

 

Ал аңгыча чып этип ок атылды,

Акын каны кара жерге чачылды.

Ушундай деп акындардын тагдыры,

Улуу тоодон улар какшап басылды.

01.01.11

 

Сенсиң го ысып-күйсөм салкын кылган,

Сенсиң го дат басарда алтын кылган.

Дитимди кара түндөй түнөрткөндө,

Сенсиң го сылап-сыйпап жаркын кылган.

 

Садагам сары талдай аман болчу,

Сайраган сай чымчыктай аян болчу.

Башкалар укса угар, укпаса жок,

Өзүмө-өзүм айтар баян болчу.

08.01.12

 

Кайран өмүр жалгыз экен, бирөө экен,

Эмгексиздик – эң биринчи күнөө экен.

Жароокердин жаным деген бир сөзү,

Таш күлүктү сүрөп турган сүрөө экен.

 

Таш күлүктөй ташыркаба өмүрлөр,

Таштан качат күлүк эмес төгүндөр.

Кокус тарып, кокус арып баратсаң,

Ала-Тоонун ак кар баскан төрүн көр.

Төр чакырып көтөргөнсүйт бийикке,

Кууса дагы жеткис кылып күйүткө.

Эй, жаралган жалгыз өмүр, бир өмүр,

Камчылангын үмүттөрдөн үмүткө.

06.01.12

 

Өмүрүм акпаса экен селге дедим,

Колумдан эмне келсе элге дедим.

Суусасам сууну ичип жарым кашык,

Бир данды арамы жок аппак жедим.

 

Арамды, адалды да таптак бөлөр,

Ийинге конот дешет периштелер.

Чын болсо бул айтылган ыйык сөздөр,

Акындын жашаганы жеңиш делер.

 

Жеңишти жерге уратпай чындык жөлөр,

Замана баалай турган бала төрөр.

Кантсе да жашабаймын капаланып,

Буларды эл айткандай кудай көрөр.

07.01.12

 

Ысык-Көлдө апийим гүл ачканда,

Кыздар каччу жигит торой басканда.

Кылыктанып кызыл жоолук салынып,

Жарашчу эле көпкөк тунук асманга.

 

Апийимден керемет жыт урчу эле,

Көл көйкөлүп көлбүп тынып турчу эле.

Ак чыныга айран куюп ак келин,

Нарктуу ийилип ичиңиз деп сунчу эле.

 

Ай, Кудай-ай, айырдың го ал күндөн,

Адам издеп зарлап турар-зар күндөн.

Кыялымда көлүмө айдайм апийим,

Артык көрүп жашоочудай ар күндөн.

11.01.12

 

Жаным жыргайт көк Теңирге сыйынсам,

Жаман ойго жакындабай тыйылсам.

Жеригендей жемелеймин өзүмдү,

Жетеси жок жемкор аттай жулунсам.

 

Жаратканым жалгыз сага муюймун,

Муюганда жакшы айрандай уюймун.

Жаратканым ичсем шарап сени укпай,

Жанды коёр жерди таппай куруймун.

15.01.12

 

Боор сыздап көз чакыйып уктабай,

Бирде тердеп, бирде болуп муздамай.

Доктурлардын жардамы да жарабай,

Көкүрөктү кыстаганда, кыстамай.

 

Күн алмашып түнгө берип кезегин,

Жашар күндүн кемиткенде эсебин.

Жер шарында сансыз адам турса да,

Мен сеземин жаным жалгыз экенин.

Сезген кезде Теңир болот жанымда,

Шордуу башым сен Теңирге таарынба.

Азап менен тозокторго баш ийбей,

Чымчыктарым сайрап турсун багымда.

16.01.12

Жазга маал кара шамал соккон кезде,

Көк жөтөл эзет жанды эрте-кечте.

Сактай көр ден соолукту азаптуу жан,

Тургандай кыл жылдырбай кызыл чекте.

 

Каршыгат кара шамал өпкө жакка,

Шамалга араң чыдайт кызыл аска.

Аскадан сен болбосоң бекемирээк,

Жылдырат бооруң менен иштээр чакта.

 

Дүйнөдөн жоголбогон кара шамал,

Издейсиң сен дарт үчүн миң бир амал.

Курчуткан өзүн-өзү болот жандар,

Издебейт сенден качып жылуу арал.

18.01.12

Жерде турсам көтөргөнсүйт көк закым,

Көк закымга берилгенсийт бүт затым.

Жеткенсиймин анда аруу дүйнөгө,

Жада калса тузду эстебей бир татым.

 

А, көк закым кылкылдатып тургансыйт,

Аалам тыптынч ойго чөгүп тунгансыйт.

Мейкиндикте учуп жүргөн учкундар,

Аяп мени айланпа уюл кургансыйт.

 

Ошол уюл бөлө албастай калкыман,

Калкыгансып кайра жерге тартылам.

Адамдарды азаптарга ким салса,

Кууп жүрүп жойгум келет артынан.

18.01.12

 

Жашоодо жабыркаткан күрөштөр көп,

Жактырбайт кайдыгерлер бардыгын төп.

Чычайып чыртыйгандар күлүп турса,

Чындык деп зарлап турган шордууну өп.

 

Күрөштү зарлап турган пенде билет,

Күрөштүн азоо атын ошол минет.

Айланып чартылдаган чагылганга,

Агылган калың элди баштап жүрөт.

19.01.12

 

Замандаш, доор алмашып кедей болдум,

Зар кагып жарты кашык сууга тойдум.

А, бирок эки жүздүү адамдардын,

Кантейин арасына батпай койдум.

 

Көргөнчө бетпак жүздүү адамдарды,

Көрөйүн тикенектүү бадалдарды.

Деп туруп тике аралап басып кирсем,

Тулку бой кан чийилип тарамдалды.

 

Бет келди таштап коюп бадалдарды,

Карадым бетпак жүздүү адамдарды.

Бир Кудай чын жазалар аларды деп,

Жүрөмүн жүйрүк таштап кадамдарды.

22.01.12

 

Жаш акын нелерди окуп иликтедиң,

Чын талант бардыгынан бийик дедиң.

Бөлөнгөн наам менен сыйлыктарга,

Алыска чуркай албас күлүк дедиң.

 

Билбеймин, ал жаш акын ушундай дейт,

Жазгыла чыгарманы бузулбай дейт.

Чындыктан кайра тартпас баатыр калем,

Таш чегер курч балканын учундай дейт.

06.02.12

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25