|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
“Сулууга бүткөн кал окшойт” – бул ыр жыйнагым мындан бир жыл мурда жарык көргөн эле. Анда акын Жоомарттын: Суналган төрдө чалкар көл, Сулууга бүткөн кал окшойт – деген ыр саптары китептин аты да, бет ачаары да болгон. Бул элестүү, жандуу салыштыруу бала кезимден тарта сезимиме кыттай уюп, кыздардын жүздөрүнөн кал көргөн сайын, кыргыз жергесинин “үч калы” – Ысык-Көлү, Соң-Көлү, Чатыр-Көлү жан жаханымда чайпала бере турган. Акыры алар ыр толкундарына айланып олтурат. Бул чакан жыйнагымдын кол жазмасын окуп чыгышкан алтын уч калемгерлер, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев учурунда ак баталарын да беришкен. Аны окурмандар жыйнактын алгач беттеринен окушкандыр. Үзүндүлөр да келтире кетмекмин. Анда устатым Сүйүнбай: “Адабиятта өз тили, өз үнү бар таланттуу акын Нурпаис Жаркынбай кыргыз элинин сыймыгы болгон айтылуу Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көлдүн кимди болсо суктандырчу кооздугун, алардын ар биринин өзгөчөлүгүн бийик эргүү, кылдат сезгич жүрөк менен даңазалайт”.
А эмнеге Сары-Челек көлүн кошкон жоксуң? – деген жемени кийин көп калемдештеримден уктум. Чынымды айтайын, уят эле болгонсудум. Мен аны эки-үч ирет көргөм, жүзүмдү чайыгам. Эми мынакей, өзүнчө ыр түрмөктөрүн жаздым. Аны кайрадан басыла турган ошол эле ыр жыйнагыма коштум. “Кыргыз Туусу” гезити менин мурдагы кесиптеш да, кешиктеш да уям болгондуктан окурмандарына ошол “Сарынын” айрым бир сын-сыпатын сунуш кылып жатам.
ЁЁЁ
...Белгисиз,
Болду качан чоң алаамат –
Кыйраган чыгаар там-таш чаң аралаш.
Күтүүсүз шейит кетти канча пенде,
Чаңырып, жан соогалап кары да жаш...
Табышмак
Уламыштын уландысы,
Дөө таштар аска-зоонун урандысы.
Ортодо Сары-Челек... Ыйык, аруу
Уйкуда жаткандай бир Үрдүн кызы.
Байырта,
Алгач аты Тоскоол тура,
Тоо көчүп, жер таманын тоскон тура...
Ошондон Кожо-Атанын албуут суусу,
Аргасыз чөгөлөгөн, окшоп буура.
Ат-Оонак,
Чаткал тоосу – төшү жазык,
Ат ойнойт бел-белесте чериң жазып.
Дүпүйгөн жаңгагын кой, сан жемишин,
Бүтпөсмүн терип дагы, терип жазып...
Мекени
Махабаттын Сары-Челек,
Сейилдеп кыз-жигиттер баручу элек.
Бул жолу жалгыз келдим... Көздөн учат,
Толкундар чулу ташты кемирчү жээк...
Олтурдум,
Ошол ташка көчүк бастым,
Бөкчөйүп жээк бойлой, өксүп бастым.
Келбейт да келгин куштай кеткен жаштык,
Калбайм да өткүнүндө өткөн жаздын!
ЁЁЁ
Бу “Челек”
Мактанат кооз жамалына,
Гүл бүркүйт тикени да таноо жара.
Ташы тек тамырлабайт, бүр байлабайт,
Таш боорлук бүткөн сымак ага гана.
Суу ичет
Бу “Челектен” бүт жан бүткөн,
Жээк чарпыйт ак толкундар бүктөм-бүктөм.
Үтүктөйт бырыш бетин каз-өрдөктөр,
Из чалат кылыч канат бүркүт көктөн.
“Сарынын”
Жайынын жок жанга тынчы,
Бакасы бака-шака... Аарысычы –
Ызылдайт беш атаардын окторундай,
Балыктан башкасынын баары “ырчы”.
Бир барсаң
Күздүн күйгөн чагында бар,
Чок мөмө, араң турат шагында алар.
Ошончо азгырмалуу аруу кооздук,
Коротуп, көздөрүңдүн майын алаар.
Оо, айтпа,
Өтө катаал кышкы убагы,
Тызылдайт мергенчинин кош кулагы.
Чээндеги май курсактар, суугун тоотпой,
Тынч уктайт аюу, сууру, кашкулагы...
Үздүксүз
Мезгил артка акса дагы,
Үстүндө Күнү, түндө – Ай чырагы,
Бу “Челек” Чоң театр, кооз сахна –
Жеримдин бир бучкагы – Аксыдагы!
Нурпаис ЖАРКЫНБАЙ, кын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25