|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
17.02.2012
17-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош шаарына иш сапары менен келди. Ал Ош облусунун жана шаарынын жетекчилери менен бирдикте Жийделик массивиндеги пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдү тапшыруу аземине катышты.
Бул салтанатты Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын директору Жусупжан Жээнбеков ачып, жалпы наркы 330 млн. сомду түзгөн бул үйлөр тендерде утуп алган үч курулуш уюму тарабынан 8 айдын ичинде сапаттуу бүткөрүлгөндүгүн, анын 120 квартирасы 2010-жылы Ош окуясында жабыр тарткандарга, 75и шаардагы ички иштер башкармалыгы, прокуратура, улуттук коопсуздук жана чек ара кызматтары сыяктуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине берилип жаткандыгын маалымдады.
Андан кийинки сөз Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге ыйгарылып, ал чогулгандарга: “Конушуңуздар кут болсун!” – деген куттуктоо айтып, “аманчылык болсо мындан ары элибизге үй, жумуш, ага жараша маяна берели” деген каалоо тилегин билдирди. Мамлекет башчысы ага жетүү үчүн биринчи кезекте бизде ынтымак, биримдик зарыл экендигин билдирип, бир мезгилде эбегейсиз чоң аймакта бийлик жүргүзгөн Кыргыз каганатынын кулап калгандыгынын себеби – ынтымактын ыдырагандыгы, бөлүнүп-жарылуунун күч алгандыгын эске алды. Манас атабыздын энеси, жубайы, келини ар кайсы улуттун кыздары болгондугун эстөө менен, айрым саясатчыларды элди бөлүп-жарууга алып барган сөздөрдү абайлап айтууга чакырды. Туура эмес айтылган сөз жана жасалган аракет коңшулаш Тажикстандын жүз миңдеген жарандарынын өлүмүнө себеп болгондугуна токтолуп, 1920-жылы паспорттогу «улуту» деген графаны алып таштоо менен өз аймагында жашаган бир топ элдин башын бириктирүүгө жетише алган Түркиянын алгылыктуу мисалына токтолду.Президент 1990-жана 2010-жылдарда болгон улуттар аралык кагылышуу кайрадан кайталанбоосу үчүн анын себептерин кайрадан терең иликтөө, эки элдин ортосуна от жаккан адамдарды сөзсүз жазага тартуу үчүн тиешелүү органдарга атайын тапшырма берилгендигин айтуу менен Кыргызстандын туруктуу, стабилдүү болушуна каршы болгон күчтөр бар экендигин эске ала жүрүүбүздү эскертти. Өлкөбүздүн мындан ары өнүгүүсүнө кедерги болуп жаткан коррупциянын тамырын кыркуу багытындагы иш-чаралардын масштабы мындан ары да күч ала тургандыгына токтолду.
Андан кийин Президент жаңы үйдүн символикалуу ачкычын Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго тапшырды. Түштүктөгү борбордун жетекчиси шаардын көркүнө көрк кошкон жаңы көп кабаттуу үйлөрдү курууга, элдин социалдык маселесин көтөрүүгө кошкон салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жана Өкмөт башчысына ыраазылык билдирди.
Мамлекет башчысы жаңыдан курулган үйлөргө кирип, жашоочулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты. Ош окуясында жабыр тарткандардын жакындары жана алды он тогуз, арты он эки жыл батирлерде жүрүп турак-жайлуу болушкан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү бул кубанычтарына Кыргыз Республикасынын Президенти ортоктош болгондугуна толкунданып тургандыгын жашырышкан жок.
Ош окуясында жараат алган жана көп балалуу Алтынбек Жусупов, Абдылда Ырысов сыяктуу милиция кызматкерлери мындай окуя көп жылдардан бери биринчи жолу болуп жаткандыгын белгилеп өтүштү. Ош шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрдүн ичинен 12 аскер кызматкери турак-жайга ээ болушту. Анын бири 4 баланын атасы Кулманов Калыйнур Ош окуясында ушул жерде болуп, шаардагы стабилдүүлүктү сактоого өз салымын кошкон.
Жаңы бүткөрүлгөн үйлөрдөн квартира алып жатышкан милиция кызматкерлери, алардын үй-бүлөлөрүнүн кубанычын сөз менен жеткирүү кыйыныраак. Биз суроо узаткандардын бири Сарыбашева Бүбүниса төмөндөгүлөргө токтолду: «Биз жолдошум экөөбүз тең Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштейбиз. Жолдошум 13 жылдан бери кадрлар бөлүмүндө, мен 7 жылдан бери маалымат борборунда иштейм. Экөөбүз үйлөнгөндөн баштап эле көрүнгөндүн үйүндө батирде жашап жүргөнбүз. Жолдошум июнь коогалаңында жаракат алган. Минтип балалуу да болдук. Квартира алгандардын катарында биз да барбыз. Азыр кубанычыбыз койнубузга батпай турган мезгилибиз. Үй алган милиция кызматкерлеринин кубанычтарын айтпай эле коюңуз».
Бул салтанаттан кийин Президент Алмазбек Атамбаев Ош облустук мамлекетик администрациясында “Ош шейиттери”коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушуп, алар менен бир катар көйгөйлүү маселелерди чечүү туралуу пикир алышты.
Мамлекет башчысы күндүн экинчи жарымында Ош мамлекеттик университетинде, Ош технология университетинде жана Ош мамлекеттик педагогика институтунда окутуучулар жана студенттер жамааты менен жолугушууларды өткөр-
дү.
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, Жыпар АКУНОВА, “Кыргыз Туусу”. Сүрөттөрү С.ДОСАЛИЕВдики
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25