|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
17.02.2012
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборуна (КТБ) алдын-ала пландаштырбай туруп, барып келди.
Өкмөт башчысынын кайсы жакка кандай максат менен бара тургандыгы белгисиз болгондуктан, Премьер-министрдин журналисттер отурган микроавтобуска кирип келиши жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн күтүүсүз болду. Ал эми КТБнын ишин күтүүсүз жерден текшерүү үчүн бараткандыгы жолдо айтылды. КТБга келээри менен Өкмөт башчысы кезекте турган жарандарга барып, кайсы документтерди алганы жаткандыгына, буга канча убакыт корой тургандыгына байланышкан суроолорду берди.
Жарандар үч негизги проблема боюнча нааразычылыктарын айтышты. Алардын сөзүнө караганда, документтерди алуу үчүн кезекке туруу көп убакытты алат, КТБнын имараты коомдук транспорт өткөн жерден алыс жайгашкан, ошондой эле КТБнын сурап-билүү кызматы абдан начар иштейт. Кээде документтердин даяр-даяр эмес экендигин билүү үчүн эле бир күн керек болот.Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эмилбек Алиевге шаардын башка эки районунда да эки КТБны ачууну тапшырды. Алардын имараты коомдук транспорттун аялдамасына жакын жайгашышы керек. Мэрия азыркы КТБнын жанынан өтө турган маршрутту ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүсү зарыл. Ошондой эле КТБнын сурап-билүү кызматынын ишин жакшыртуу боюнча да чаралар көрүлүшү керек.
Өкмөт башчысы кыска мөөнөттүн ичинде КТБ кызматкерлери штаттык формалар жана аты-жөнү, кызматы жазылган бейжиктер менен камсыздалышы керектигин эскертти. Андан тышкары, даттануулар жана сунуштар китепчеси ачылып, ведомствонун жетекчилиги ага жазылган арыздар менен таанышып, тиешелүү жыйынтык чыгарып туруусу зарыл.
"Жарандарыбыз көтөрүп жаткан проблемаларды чечсе болот. Кезектин көптүгүн кошумча түрдө дагы эки КТБ ачуу менен чечебиз. Мында алардын имараттары коомдук транспорт өтө турган жерге жайгаштырылат. Ошондой эле КТБнын ишин эл документтерди толтурууга бир сааттан ашык убакыт коротпогондой кылып уюштуруу керек. Мамлекеттик органдар элге кызмат көрсөтүүдө эң мыктылардын катарында болушу керек", - деди Ө.Бабанов.
Өкмөт башчысы арыздарды берүү жана алардын аткарылышы туурасында маалымат алуу иши да автоматташтырылышы керек деп айтты. Анын ичинде маалыматты интернет аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү да каралышы зарыл.
Премьер-министр элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдарга ушинтип күтүүсүздөн текшерүү менен барууну салтка айландырууга ниети бар экендигин белгиледи.
А.ЭСЕНОВ
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25