|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
17.02.2012
Өткөн жылдын август айында “Кыргыз бутагы” коомдук фондунун бир нече мүчөлөрү анын жетекчиси Гүлзат Болотова болуп экинчи жолу кичи Памир кыргыздарынын абалын көрүүгө барышкан. Илимий-техниканын гүлдөгөн доору жүрүп турган азыркы цивилдүү дүйнөдөн бөлүнүп калган кандаштарыбыздын кабырганы кайыштырган оор турмушунан, ачуу тагдырынан кабар алуу үчүн Гүлзат Болотованы маектешүүгө чакырганбыз.
– Буга биз абдан кубанычтуубуз. Кандайча күрөшүп жатасыздар? – деген суроо бердик.
– Мүмкүн бизди Кыргызстанга алып кетишээр деген үмүттөбүз, – дейт...
Бадахшанда Ага хан фондусунун реабилитациялык борбору бар экен. Ошол жакка бир тобу барып, дарыланып келишиптир. Биз барган сайын: “Кара дарыны колдонгондор Кыргызстанда катуу көзөмөлдөнөт. Жашы жете элек кыз баланы күйөөгө берген ата-эне мыйзамдын чегинде жооп берет...” – деп айтып жатабыз. Ошол сөздөр аларга таасир берет окшойт.Булардын паспорт маселеси да чоң көйгөйдү жаратып жатыптыр. Ооганстандагы шайлоо учурунда бериле турган таскира деген документ паспорттун милдетин аткарып калган учур да болот. Көбүндө такай алып жүрүүчү документ жок. Азыркы учурда кээ бир эркектери Түркияга каттап жатыптыр. Ал жактан жардам иретинде рация беришиптир. Биздин топ өткөн жылы экинчи ирет барып түшөөр замат эле, бардык айылдары рация аркылуу угушуп, бат эле чогулуп, жетип келишти. Кээ бирөөсүн Түркиянын Ван аймагында жашаган туугандары чакырып, ооругандарын дарыгерге көрсөтүп жардам бергендери чыгууда. Бир адам көзүнүн катаракт дартын операция жасаткан. Чет мамлекеттеги тууганы чакырткан учурда бир жылга сырткы паспорт алууга укугу бар. Алардын арасында ажыга барып келгендери да учурады.
Памирлик кыргыздар дүйнөдөгү эң татаал шартта жашашат. Катуу өнөкөт дарт басканда алар малдын сорпосун ичпейт, сары май, топоздун сүтү сыяктуу азыктардан дээрлик аз колдонушат. Себеби, деңиз деңгээлинен 4500 метрдей бийик катаал климатта мындай азыктарды адамдын организми көтөрө албайт. Болгону сүт кошулган чайды митан чай дешип ичишет. Айлап ошол “тамак” аталган митан чайын, сейрек учурда гана ун азыктарын пайдаланып, сакайып кетишкенге көнүшүптүр. Кыргыздын меймандостугунан айланса болот. Мына ошондой зарланган кыйын кырдаалда жашашса да бизге белек бергенди унутушкан жок. Мүнөздөрү абдан уялчаак, тартынчаак келишет. Экспедициянын үч кызы боз үйгө кирип-чыгып жүргөнүбүздө аялдары: “Ии, абдан арыксыңар го”, – деп бизди кытыгылаган болуп, денебизди кармалап жатышкан болчу. Сапарыбыз аяктап, кетээр күн келип жеткенде кыздарга бирден көйнөк тигип коюшуптур. Көрсө, кармалап, тийишип, көйнөктүн өлчөмүн алып жатышкан турбайбы. Көйнөккө кошуп, бирден атыр самынды белекке беришти эле, андан сыпаа баш тарттык. Көйнөктөрүн болсо, көңүлдөрүн калтырбайлы деп алууга макул болдук.
Алыста калган кыргыздардын катаал тагдырын, эң оор жашоосун мамлекеттик жетекчилерге ийне-жибине чейин калтырбай жеткирүүгө аракет жасадык. Жалпы Кыргызстан калкына алып келген маалыматтарыбызды жеткирдик. Бизди Президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев кабыл алып, бардык жагдайды көзмө-көз сүйлөштүк. Жантөрө Жолдошевич Тышкы иштер жана миграция министри Руслан Казакбаев баштаган бир нече тиешелүү түзүмдөргө аларды көчүрүп келүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга тапшырмасын берген. Андан тышкары Айгүл Рыскулова менен байланышып, ал Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри болуп турганда бул боюнча кандай иштер аткарылганы тууралуу сурап, маалыматтарды тактады. Айтор, мына ушундан кийин ишибиз ордунан жыла баштады десем болот.
Мындан тышкары Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиевага да кайрылдык. Депутаттар аларды көчүрүп келип, жардам берүү ойлорун ортого салып жатышат.
***
... Рахманкул хан Кытайдын Кашкарынан элин кайрадан Памир аймагына көчүрүп келет. 1978-жылы ал кыргыздарды Памирден Пакистандын Гилгит аймагына алып кеткен. Ошол жылдары кичи Памирде он чакты үй-бүлө калган. Гилгитте алар төрт жылдай жашап, Түркиянын Ван аймагына көчүп барышкан. Абдрашид хан өзүнүн шайым уруусун алып, кайрадан кичи Памирге келип отурукташкан болчу. Бул жактагы кыргыздардын ханы ал жылдары СССРден, расмий Кабулдан жардам сурап, элин багып жүргөн. Андан тышкары Тажикстандын Мургабынан да келген адамдар бар болуп чыкты.
РЕДАКЦИЯДАН: “Кыргыз бутагы” коомдук фондусунун мүчөлөрүнүн экспедициясы кичи памирлик кыргыздарды трагедиялуу абалдан чыгаруу үчүн жасала турган иштерди ордунан козгоп койду. Бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошеванын билдиргенине караганда Өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ал эми КРнын финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев: “Эгерде сиздер памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү чечимине келсеңиздер, биз каржылап берүүгө даярбыз”, – деген пикирин билдирген. Албетте, 2012-жылдын бюджетине айтылган маселе каралган эмес, бирок, бюджеттик мыйзамдарга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизсе болорун А.Кожошев кошумчалай кетти.
Бүгүнкү күндө ал жактагы боордошторго жардам берүү боюнча атайын эсеп ачылганын жалпы журтчулугубузга билдирип коюуну туура көрдүк.
Общественный фонд (Коомдук фонд) “Кыргыз бутагы” ОАО “РСК Банк” 720010, Кыргызская Республика, г.Бишкек, пр. Молодой гвардии, 36 а. Счет № 129900 1900065220.
Памирлик кыргыздарга жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү дарек менен байланышсаңыздар болот: 0312 48-31-97, 0772 96-14-61, Бишкек шаары, Абдрахманов көч., 150/40.
Жазып алган Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”
Сүрөт “Кыргыз бутагы” коомдук фондунан алынды.
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25