Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

“Манас” эпосун бурмалоого жол берилбесин!

manaas_kilichКыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Т.Бабановго

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Ш.Жээнбековго

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Ж.Садыковго

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министри И.Жунусовго

Даанышман кыргыз калкына

Биз Сиздерге азыркы кыргыз коомчулугу, анын ру­хий-маданий турмушу үчүн өтө маанилүү маселе боюнча кайрылып отурабыз. Анын мааниси келечек муундар үчүн да ченемсиз десек болот. Сөз «Манас» эпосу, анын бүгүнкү жана эртеңки тагдыры жөнүндө болмокчу.

Кийинки жылдарда кылымдардан бери элибиздин аң-сезимине сиңип, өзгөчө кастарланган Токтогул ырчы, Асанкайгы, Келдибек, Найманбай, Балык, Тыныбек, Чоюке сындуу ондогон, жүздөгөн гениалдуу айтуучулардан Сагымбай, Саякбай, Жусуп Мамай, Багыш, Шапак, Шаабай (ж.б.) сындуу залкарларга ыйык эстафета таризинде берилип, айтылып келген, салттуу жана даңктуу «Манас» эпосу болуп көрбөгөндөй бурмалоолорго, ачыктан ачык жана уятсыз өзгөртүүлөргө дуушар болууда. Мындай тескери, маани-маңызы бузук иштер уламдан улам күч алып, ишенчээк жана дили таза эл ичине айлакерлик, «сырты жалтырак, ичи калтырак» кооз сөздөр менен сиңирилип жатат. Өзүлөрүн «көзү ачык, айтымчы, аянчы, гипнолог, парапсихолог, манасизилдөөчү (?), кайыптар дүйнөсүнүн кабарчылары» (ж.б.) деп аташкан «адис­тердин» жоон тобу пайда болуп, алар эпосту элдик негизинен ажыратып, идеялык-философиялык, социалдык-тарыхий, маданий-рухий маани-маңызын иритип-чиритүү багытында өтө ыкчам иштеп жатышат.

Бул «иште» алардын дээрлик бардыгы Бүбү Мариям Муса кызы тарабынан Жайсаң Үмөт уулунун (Манастын кырк чоросунун бири) «авторлугу” ыйгарылып, көп нуска менен кайра-кайра басылып жаткан «Айкөл Манас» аттуу дастанын эч бир талаш туудурбаган «чындык» катары тутунушат. Иш жүзүндө авторлугу, жаралыш тарыхы чырдуу, мистикалуу бул чыгарманы «Манас» эпосунун өзү тургай, анын бир вариан­ты дешке да болбойт. Чындыгында ал асмандан түшпөй эле автордук, б.а. бир же бир нече адам (Бүбү Мариям Муса кызы, Шарыпкул Эсенгулов ж.б.) тарабынан эпостун жана кайсы бир тарыхий, адабий таасирлердин натыйжасында жаралган, элдик «Манас» эпосуна ички руху гана эмес, формасы (ыр түзүлүшү ж.б.) да дал келбеген чыгарма. Дегеле рух-арбак көркөм чыгармага «автор» болгон факты адамзат тарыхында кездешпейт. Ушунун өзү эле «Манас» эпосун жана анын автору болгон кыргыз элин, аны аздектеген ар бир атуулду мазактоо, келеке кылуу, аны бир макоочалыш, маңыроо жандыктарга теңегендик болуп эсептелет. Атактуу драматург жана акын Жалил Садыковдун айтылуу «Айкөл Манас» драмасынын атын кайталап, же уурдап алган бул «Айкөл Манас» дастанына «чыныгы «Манас» эпосу ушул, анткени Жайсаң Үмөт уулунун рух-арбагы аркылуу асмандан түштү» деген сандырак философия менен жанталашып элди ишендирүү аракеттери жүрүүдө. Бул ишке ошол дастандын асмандагы автору Жайсаң эмес, жердеги эле «авторлору» түркүн айла-амал, балким акчанын күчү, таасири менен айрым белгилүү инсандарды (мамлекеттик, саясий ишмерлер, жетекчилер, искусство адамдары, окумуштуулар, педагогдор ж.б.) аралаштырып, алар биздин доорго  чейинки, караңгы жана түркөй ушундай окууну билбей, же билмексен болуп жайылтууга көмөкчү болуп жатышкандыгы өтө өкүнүчтүү. Бул иштер уюшулган жана мыкты каржыланган кандайдыр бир секталык аракеттерди элестетип, аларга айрым гезит-журналдар, радио-телеканалдар, ал түгүл мамлекеттик маданий, илимий, билим берүү  мекемелери активдүү көмөкчү болушкан учурлар улам арбып бара жатат.

Эпостун Сагымбай менен Саякбайдан жазылган, башка ондогон элдик, мыкты варианттары акчанын жоктугунан алиге жарык көрбөй турса, Жайсаң Үмөт уулунун рух-арбагы «автор» болгон «Айкөл Манас» кайсы бир акчалуулар тарабынан марттык менен каржыланып, орус, казак, англис, уйгур ж.б. тилдерге тез которулуп, ал элдерге да «чыныгы Манас – ушул» деген көз караш өкүмзордук менен таңуулануу иштери болуп көрбөгөндөй күчөдү. Мындай бузук идеяны колдоого алган өзүбүздүн «чөнтөктүү» атуулдар жана чет элдердин өкүлдөрү да бар дешет. Бул жерде эпостун элдүүлүгү эмес, чоң акча роль ойноп жаткандыгы анык.

Булардын бар­дыгы элибиз эзелтеден бери аздектеп келген «Манас» эпосун акырындап жок кылууга, анын ченемсиз рухий, маданий, идеологиялык-тарыхий маанисин бузуп-бурмалоого ба­­гытталган аракеттер болуп эсептелет. Элибиздин генийлигинин туундусу болгон «Манас» эпосу эч бир оңдоп-түзөөлөргө, жасалма модернизацияга муктаж эмес. Аны көрүнгөн секталык мүнөздөгү оккульттук, эзотерикалык, мистикалык, теңирчилик, исламдык, индуисттик, «касиет, кут, нур» сөздөрүн жамынган, тантык окууларга кол жоолуктай пайдаланып, тепсенди кылып, баркын кетирүүгө жол берилбеши керек. Өткөн жылы Республиканын Жогорку Кеңеши кабыл алып, элдин колдоосуна ээ болгон «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзам өз күчүн ушундай практикалык аракеттерде көрсөтсө жакшы болор эле!

«Айкөл Манас» дастанында  атайын бурмалоолор, казаны кайнабаган калптар, элдик эпоско жок нерселер жабыштырылып, «ошондой болчу» деген кытмыр ишендирүүлөр көп экенин бир эле мисал менен белгилүү окумуштуу Омор Сооронов кашкайта далилдеп берди. («Жаңы Ордо» гезити, 27-январь, 2012-жыл). Манастын кырк чоросунун бири Үмөт уулу Жайсаң эч качан ырчы болбогондугун, анын ырчылыгы тууралуу эпостун бир да вариантында бир ооз сөз жок экендигин, Бүбү Мариям Муса кызы «автор» кылып отурган Жайсаң таптакыр башка, аты уйкаш персонаж экендигин О.Сооронов айкын фактылар менен көрсөтүп, ал Жайсаң – Манастан жеңилип, кызы Карабөрктү ага аялдыкка тартуу кылган калмак ханы Кайыпдаңдын эшик ырчысы болгондугун мисалга тартат. Ошол калмак ырчысы Жайсаң Карабөрктүн тоюнда безеленип ырдап турса эле, «Айкөл Манас» дастанынын көчүрмөчүлөрү анын рух-арбагы кыргыздын «Манас» эпосун жаратып, асмандан түшүрүүгө жарайт деп эсептешкен окшойт! Асмандан түшөбү, жерден чыгабы, деги ушул көз карашты кайсы кыргыз кабылдайт болду экен? Дегеле, ушул көз караш азыркы адамдардын акылына сыябы? Же Бүбү Мариям элибизди келесоо деп эсептейби?! Мунун артында элибизге жана нагыз «Манас» эпосуна карата шылдың, мыскыл кошулган арам ой, кыянаттык жаткан жокпу!?

Кийинки мезгилдерде ушул чуул­гандуу «Айкөл Манас» дастанын салттуу «Манас» эпосунун ордуна же ага удаалаш орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуу аракеттери көрүлүп жатыптыр. Айрым мугалимдер, окутуучулар, лекторлор залкар «Манас» эпосуна караганда ушул дастан жөнүндө узун сабак сөз кылышат экен, ушул дастан боюнча түркүн иш-чаралар өткөрүлүп (буга тарых музейиндеги асмандан түшкөн сүрөттөр көргөзмөсүн мисал кылсак болот), алар мыкты каржыланат экен.

Акырында айтарыбыз, «Манас» эпосу салттык негизде гана Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо (ж.б.) сындуу залкар манасчылардын варианттары боюнча мектептерде, жогорку окуу жайларында окутулушу, ал дагы кеңейтилиши жана тереңдетилиши зарыл деп эсептейбиз. Эпосту жогоркудай өзгөртүүлөргө «модернизациялоого», ошол ойдон чыгарылган жасалма «Манас» дастандарынын чыныгы эпосту булгашына жол берилбеши, мындай бузук иштерге чечкиндүү бөгөт коюлушу керек. «Манасты» акылман элибиз кандай жаратса, ошол абалында таза сактап, «кир колдордун» өзүмчүл соода-сатык предметине айландырууга жол бербейли!

Мындай иштерге бөгөт коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинен, Премьер-министринен, Жогорку Кеңештен жана тиешелүү министрликтерден биз азырынча төмөнкүдөй айрым иш-чараларды жүзөгө ашырууну өтүнөбүз:

1. Жайсаң Үмөт уулунун арбак-руху «асмандан түшүрүп берген» «Айкөл Манас» делген, чыныгы «Манас» эпосунун элдик негизин бурмалаган мистикалык чыгарманы мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууга тыюу салуу.

2. Сагымбай менен Саякбайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун варианттарынын толук академиялык басылышын чыгаруу.

3. Тоголок Молдо, Шапак,  Шаабай, Багыш, М.Чокморов (ж.б.)  сыяктуу залкар манасчылардын варианттарын бастырып чыгаруу.

4. 1958-60-жылдарда басылып чыккан «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун кошмо вариантын кайра бастыруу.

5. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун алдында Манастаануу борборун кайра ачуу жана тиешелүү штаттык бирдиктер жана каражат менен камсыздоо.

6. Эпос боюнча мурда, кийин жазылган (Ч.Валиханов, В.Рад­лов, К.Тыныстанов, М.Ауэзов, В.Жир­мунский, Б.Юнусалиев, М.Бор­бугулов, Р.Кыдырбаева, М.Мамыров, А.Сыдыков ж.б.) жазылган илимий изилдөөлөрдү кыргыз тилинде кайра чыгарып, элдин калың катмарына жеткирүү.

7. Аталган ушул иштерди жүзөгө ашырууга жетиштүү акча каражатын бөлүп, анын аткарылышына көмөк көрсөтүү.

Кыскасы, салттуу «Манас» эпосун бурмалап, бузууларга, анын «эпикалык калмак ырчысы Жайсаңдын арбак-руху жараткан чыгармага айланышына», анын «чыныгы «Манас» эпосу – ушул» деген беттырмаар жана уятсыз, жалган идеянын астында калуусуна эч убакта жол берилбеши керек. Мындай болбосо, элибиз дүйнөлүк коомчулукка күлкү болуп, туу туткан «Манасыбыз» шылдыңга айланат.

Кайрылууга кол койгон адамдар: ЭРАЛИЕВ Сүйүнбай, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны; ЖУСУЕВ Сооронбай, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны; ЖАКИЕВ Бексултан, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз эл жазуучусу; АКМАТОВ Казат, Кыргыз эл жазуучусу; ДАНИКЕЕВ Өскөн, Кыргыз эл жазуучусу; ӨМҮРКАНОВ Анатай, Кыргыз эл акыны;  ДҮЙШЕЕВ Шайлообек, Кыргыз эл акыны; САДЫКОВ Абдыкадыр, КР УИАнын корр.-мүчөсү; КЫДЫРБАЕВА Раиса, КР УИАнын корр.-мүчөсү; КОЙЧУЕВ Турар, КР УИАнын академиги; КАКЕЕВ Аскар, КР УИАнын академиги; ЭРКЕБАЕВ Абдыганы, КР УИАнын академиги; АКМАТАЛИЕВ Абдылдажан, КР УИАнын академиги; АСКАРОВ Теңдик, КР УИАнын корр.-мүчөсү; МУСАЕВ Сыртбай, КР УИАнын корр.-мүчөсү; ИБРАИМОВ Осмонакун, КР УИАнын корр.-мүчөсү; ЖУНУШАЛИЕВ Жеңиш, КР УИАнын корр.-мүчөсү; ТОГУЗАКОВ Осмон, КР УИАнын корр.-мүчөсү; ДАУТОВ Кадыркул, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер; БАЙГАЗИЕВ Советбек, филология илимдеринин доктору; САМАТОВ К., филология илимдеринин доктору; ҮКҮБАЕВА Лайли, филология илимдеринин доктору; АКМОЛДОЕВА Шайлоо философия илимдеринин доктору, профессор; СООРОНОВ Омор, профессор, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер; НУРУШЕВ Эсенбай, журналист; МАМБЕТАЛИЕВ Кубан, публицист, коомдук ишмер; ТУРГУНАЛИЕВ Топчубек, коомдук ишмер; ИШЕКЕЕВ Назаркул, педагогика илимдеринин доктору, профессор; ЧЫМАНОВ Жеңишбек, педагогика илимдеринин доктору, профессор; БАЙЖИГИТОВ Калыбек, филология илимдеринин доктору, профессор; ЧОРОЕВ Тынчтыкбек, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз тарых коомунун президенти; КОЙЧУЕВ Капай уулу Арслан, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз тарых коомунун вице-президенти; ЖУМАГУЛОВ Маметайып, философия илимдеринин доктору, профессор; КЕБЕКОВА Батма, КР УИА, манастаануучу, филология илимдеринин кандидаты; ЖАЙНАКОВА Айнек, КР УИА, фольклорист, филология илимдеринин кандидаты; МУКАСОВ Мурат, КР УИА, филология илимдеринин кандидаты, фольклорист; ОРОЗОВА Гүлбара, КР УИА, филология илимдеринин кандидаты, адабиятчы; КАДЫРМАМБЕТОВА Айнура, КР УИА, бөлүм башчы, филология илимдеринин кандидаты; САДЫКОВ Назир, филология илимдеринин кандидаты, доцент; БИЯЛИЕВ Абак, КУУнун профессору; ИБРАИМОВ Кубат, КР УИА, филология илимдеринин кандидаты; АБАКИРОВ Курманбек, филология илимдеринин кандидаты; КУУнун кафедра башчысы; МЕДЕТОВ Аскар, филология илимдеринин кандидаты, доцент; АЛАХАН Садык, филология илимдеринин кандидаты, доцент; БАЙМЫРЗАЕВ Бакыт, КУУнун доценти; ИСАЕВА Сайра, филология илимдеринин кандидаты; ШАДЫБЕКОВ Кеңешбек, КР жазуучулар Союзунун мүчөсү; АБЫКЕЕВ Чолпонбек, КР жазуучулар Союзунун төрөгасы; ТУРДУБАЕВА Назгүл, филология илимдеринин кандидаты, доцент; ТОЛУБАЕВ Мамыр, ага илимий кызматкер; КОЎУРБАЕВА Роза, филология илимдеринин кандидаты; ЖАМАНКУЛОВА Гүлжамал, филология илимдеринин кандидаты; АБДУВАЛИЕВ Ибраим, филология илимдеринин доктору; АХМАТОВ Болот, филология илимдеринин кандидаты, доцент; САТЫБЕКОВ Мухтар, доценттин милдетин аткаруучу; ЫЙСАЕВА Нурзина, филология илимдеринин кандидаты; ИСМАИЛОВ Ж., филология илимдеринин кандидаты; ЖАКЫПБЕКОВА А., илимий кызматкер; КАРЫБАЕВ Асан, ага илимий ызматкер; МАМЫТОВ Аркар, илимий кызматкер.

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25