Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

Ооздон жаңылган оңбойт

Nazaralip“Ата-Журт” партиясынын лидеринин айткандарын сөзмө-сөз келтирейин: “Биз татарлардын, еврейлердин, орустардын жана башкалардын артынан чуркап жүрдүк эле, эми Бабановдун келиши менен курддардын артынан чуркап калдык. Улут жөнүндө ойлогон киши таза кандуу кыргыз болушу керек. Россияда да, Казакстанда да ушундай деп айтышат. Ал эми биз эмне үчүн бул тууралуу айтуудан уялышыбыз керек экен”.

Премьер-министрге анын апасынын улуту аркылуу тийишиши мени ыңгайсыздантып, таң калтырды. Анын апасы курд элинин кызы болсо да, кыргыздын үрп-адатын, каада-салтын кабыл алып, премьер-министрлик кызматка жеткен уулу­на татыктуу тарбия жана терең билим бергенин кантип танууга болот? Бул чындыгында эле оңой иш эмес. Ал эми, анын апасы кыргыз эмес деген күлкү келтирерлик.

Кымбаттуу кыргыз бир туугандарым, мен Кыргызстанда улуттук маселе боюнча көп эле сүйлөп чыкчумун. Өткөн кылымдын 90-жылдарында мен Майрам эже аркылуу президент А.Акаев менен жолукканмын. Ошондо мен ыңгайын келтирип, мындай дегенмин: “Биринчиден, интернационалдык жагдайды сактоо керек, экинчиден, Мухаммед пайгамбарды туу тутунушубуз керек, анткени, кыргыздар мусулман асманынын алдында жашашат жана өздөрүн мусулманбыз деп эсептешет”. Ошондой болсо да, андан кийинки президенттердин баары менин бул оюмду угушпады.

1987-жылдан баштап, биринчи миграциянын толкуну мезгилинде биздин өлкөнү 400 миңден ашуун киши таштап кетти. Алардын ичинде башка улуттагылар эле эмес, кыргыздар да бар эле. Ал эми ошол адамдардын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстандын жашоо-турмушундагы бардык тармактардын алдыңкы адистери жана кесипкөйлөрү эмес беле. Ушундай тар, кууш чеке сая­сатчылардын улутчулдук саясатынын кесепетинен улам биз коомубуздун “каймактарын” жоготуп жатканыбызды кантип танабыз.

Мен Кыргыз мамлекеттик медицина институтун 1984-жылы бүтүрүп жаткан кезде, ушул эң сонун жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамы ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнөн болушкан. Кыскартып айтканда, интернационалдык жамаат болучу. Заводдордун, ишканалардын, энергетикалык каскаддын, агрардык өнөр жайынын, илимдер академиясынын жамааттары да интернационалдык жамаат болучу. Бүгүнкү күндө алардан кимдер калды? Бардык жерде жана чөйрөдө жалган адистер отурушат. Билим берүү деңгээли төмөндөп, ал түгүл жөнөкөй тарбия да жок, ар кимиси өзүнчө, каалаганын айтышат жана жасашат.

АКШнын атайын кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү көйгөйү экономикалык эле эмес, интеллектуалдык, кесипкөйлүк көйгөйүндө болуп жатат. Биз олуттуу гранттарды жана көп миллиондогон насыяларды өздөштүрүүгө күчүбүз жетпейт. Биз аларды уурдап, жок кылууга маш болуп алганбыз.

Россиялык космонавт, биздин жердешибиз Салижан Шарипов жана Анатолий Березовой менен жолугушуусунда Алмазбек Атамбаев бүткүл дүйнөгө: “Кыргызстандын эң башкы душманы, бул – улутчулдук”,  –  деп жар салды. Бул биздин президенттин эң эле олуттуу билдирүүсү деп билемин жана анын бул пикирин колдоймун. Ташиев мырзага бир суроо бергим келет: Казакстандын күчү эмнеде? Кайра куруу мезгилинде казакстандыктар эмнеликтен туруштук берди? Анын себеби жөнөкөй эле – алардын башчысы Нурсултан Назарбаев кыйла “жаңы” президент катары, күч интернационализмде – бирдикте экенин түшүндү жана казактар башка элдерден көп нерселерди үйрөнүүлөрүнүн зарылдыгын таамай баамдады. Ошентип, ал көп улуттуулукту кармай алды. Россияда деле ошондой. Эгерде В.В.Путин кайсы бир орус саясатчысы улут маселесине тийишкенин угуп калса, анда ал ошол орусту кызматтан четтетип эле тим болбос­тон, аны саясат жагынан “бүктөп” салат. Россиянын негизги улуттук саясаты – ушул өлкөдө жашашкан 120дан ашуун этностун биримдигин сактоо болуп саналат.

Андыктан, улутчул саясатчылар жөнөкөй эле бир нерсени жакшы түшүнүшү зарыл – биз, кыргыздар, өзүбүздүн тарыхый өнүгүүбүздө жоголуп бара жатабыз. Ошондуктан, кыргыз эместерди өлкөдөн чыгарып салуу жолу менен эмес, Кыргызстанда жашашкан бардык элдердин башын бириктирүү аркылуу “тирилүүбүз” керек. Дүйнөнүн бардык мамлекеттери дал ушул схема менен жашашат. Буга мисал катары, АКШны, Европа мамлекеттерин, Австралияны, Малайзияны, Сингапурду ж.б. көптөгөн өлкөлөрдү көрсөтүүгө болот. Дагы бир мисал, Араб Эмираттарын алып көрөлү. Аларда туруктуу жашашкан жана эмгектенишкен элдин 80%ы чет өлкөлүктөр. Ошондой болсо да, ушул мусулман өлкөсүнө барууну каалаган мигранттардын агымы аябагандай арбын. Анткени, толук кандуу жана жыргалдуу турмуш өткөрүү үчүн аларга бардык шарттар түзүлүп берилет.

Кымбаттуу Камчыбек Ташие­вич, бүгүнкү күндө биз “чирип” баратабыз жана кыргыз
эместерди өлкөдөн “кууп” жатабыз, эр­теңки күнү бизге жак­паган өз кандаштарыбызды өз мекенинин аймагынан кетирип тынабыз. Мындай мисалдар да бар. Ошондуктан адегенде өзүбүздүн кыргыздар баш кошолучу. Түндүк-түштүк болуп бөлүнбөйлүчү. Биз улуу кыргыз – бир туугандар эмне болуп баратабыз? Биздин жан дүйнөбүзгө кайсы шайтан кирип алган? Биздин өлкөнүн бардык улуттары качан бирдиктүү эл болобуз?

Адамзаттын өнүгүү идеалы ар түрдүү улуттун биримдигинде жатканын эстен чыгарбайлы. Кымбаттуу кыргыз – бир тууганым, мен кыргыз тилинин, кыргыз маданиятынын, этносунун сакталышын жактаймын. Бирок, ушул жерде жашашкан башка улуттагы элдерди эзүү жолу менен эмес, жаңы рационалдуу мамиле аркылуу биригүү менен мекенибиздин гүлдөп, өнүгүшүнө жетишели. Ошондо жарык дүйнөдө, жыргалчылык турмушта жашоого бардыгыбызга шарт түзүлөт.

Тууган күйдүрүп айтат,  душман сүйдүрүп айтат. Ооздон жаңылган оңбойт.

Жеңишбек НАЗАРАЛИЕВ

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25