|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
14.02.2012
Өткөн жуманын аягында Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттүн отурумун ачып жатып, мында карала турган маселелер 2012-жылга жана өкмөттүн 100 күндүгүнө бекитилгендигин айтты.
Негизги маселеси – мамлекетибиздеги ишкердикти өнүктүрүүнү жакшыртуу жана экономикага инвестицияны тартуу боюнча иш аракеттеринин планы өкмөттүн токтому менен бекитилди. Кабыл алынып жаткан маселелер алгач ишкерлердин чөйрөсүндө да кеңири талкуулангандыгын билдирди.
Отурумда алгач “Аткаруу бийлиги жана анын бөлүмдөрүнүн көрсөтүүчү кызматтарынын бирдиктүү системалашкан тизмесин (реестрин) бекитүү жөнүндө” маселе каралды.
Өкмөт башчысы мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү мамлекеттик кызматтын стандарты, мамлекеттик функцияларынын ортосунда алиге чейин айырмачылык такталган эместигине токтолуп кетти.“Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатынын начар болушу жарандардын канааттандырбоосун жаратып жатат. Бул мамлекеттин туруктуулугуна да кооптонуу туудурууда”, – деди билдирүү жасаган экономика жана монополияга каршы күрөшүү министри Т.Сариев.
Түрдүү себептер менен мамлекеттик кызматтан пайдаланууда анын сапатындагы ажырымдар пайда болгон. Мисалга байлар жана жакырлар, тоодо жана өрөөндө жашоочулар, мындайча айтканда бардар жашагандар аялуу катмарларга караганда мамлекеттик кызматтан сапаттуу жана жакшы пайдаланышууда. Мамлекеттик кызмат кардарлардын кызыкчылыгына ыңгайлашышы керек. Ошондой эле кардардын арыздануусун кабыл алганга да даяр болушу зарыл. Ошондо коррупциянын пайда болушуна бөгөт коюлат.
Мамлекеттик кызмат кылуунун “бир терезе” системасын түзүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын электрондук форматка өткөрүү иши дагы бүгүнкү күнү аяктоо этабында турат.
Долбоор боюнча төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын ичине келечекте биринчиден, ишкердик менен алектенүүчүлөргө, экинчиден, жогорку деңгээлдеги опурталдуу объектти башкарууга белсенгендер үчүн (курал-жаракка, автоунаага ж.б. ээлик кылуу) жана мамлекеттен бир эле кызматты экинчи жолу пайдалангандар үчүн киргизилет. Эгерде мамлекет тарабынан бир жолу кызматын бекер пайдаланып, бирок ошол эле экинчи жолу пайдаланууга мажбур болсо, мисалга паспортту биринчи акысыз алып, жоготуп койгондор экинчи жолу көчүрмө, дубликат алышы үчүн акча төлөп алышат.
– Оптималдаштырууга чейин мамлекеттик кызматтын түрү 19 726га жеткен. Буга мамлекеттик кызматтан бөлөк, жөнгө салуу функциясы, көзөмөлдөө, мунун ичине – түрдүү макулдатуучу документтер жана мамлекеттик органдардын башка функциялары кирген. Андан бөлөк мамлекеттик кызмат көрсөтүү ар кандай майда иш-аракеттерге бөлүнүп, ал үчүн да акча төлөмдөр чегерилген эле. Ал эми Өкмөт башчысы бул маселеге кошумча кылып мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн саны баш-аягы 385ге кыскарып, анын ичинен акысызы – 162 кызмат көрсөтүү, төлөнүүчү кызматка 223ү киргендигин жана эгер жарандарга жана ишкерлерге бул маселе боюнча атка минерлер жөнсүз акча сураса ишеним телефондоруна чалышын, элек-трондук даректерге кайрылуусун айтып кетти.
Мамлекеттик түзүмдүн жаңы системасын түзүү: мамлекеттик кызматтын сапатын көтөрүүгө, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин көтөрүүгө, ошондой эле оптималдаштырууга, бюджеттик каражаттарды пайдаланууда, мамлекеттик органдардын ишин таразалоодо жаңы талаптар менен коррупцияны азай-тууга өбөлгө болот. Акырында жарандардын бийликке ишенимин бекемдөөгө жана конструктивдүү мамиленин орношуна алып келет.
Отурумдагы бекитилген экинчи токтом: “Ишкердик иш аракетти жүргүзүүдө ашырылган тобокелчиликтин даражасын баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” болду. Ишкерчиликтин тобокелдик ишкердик иши менен байланышкан субъекттин түрдүү деңгээлин аныктоо жана ошого карата текшерүүнүн аралыгы каралган. Жогорку деңгээлдеги субъекттер 1 жылда бир жолу текшерилсе, орточо деңгээлдеги субъекттер 3 жылда бир жолудан көп эмес, төмөнкү тобокелдик деңгээлиндеги субъекттер 5 жылда бир жолу текшерилет. Бул амал текшерүүлөрдүн санын азайтууга шарт түзөт. Себеби мындай текшерүүлөр текшерилип жаткан тармактын жумуш убактысынын 10%ын алаары белгилүү.
Тобокелдикти текшерүүнүн тармактык өзгөчөлүгүнө да карата бөлүнүп, ишкердик иш-аракеттин дээрлик 20 түрү иштелип чыккан.
Өкмөт жетекчиси Социалдык фонд жыйган салыктан профсоюзга саламаттыкты сактоо үчүн акча бөлүнүп жатканы менен анын акыбети кайтпагандыгын, профсоюзга 2009-жылдын июнь айынан 2011-жылдын декабрына чейин 265 млн. сом чогултулгандыгын билдирди. Бирок, кесиптик союздар өзүнүн тикелей милдетин аткарбай жатышкандыгына байланыштуу бул төлөмдөрдү жоюу керектиги айтылды.
– Кесиптик союздар мүчөлөрүнө жаңы жылда гана балдарга белек кылуу жана эс алууга жеңилдетилген жолдомо берүү менен чектелүүдө. Ошондуктан кесиптик союздар мүчөлөрү жана компаниялар менен тикелей келишим түзүп иштеши керек. Кабыл алына турган токтом да кесиптик союздун ишин натыйжалуу кылганга шарттайт. Баарынан да биз ишкерлерди артыкбаш жүктөн арылтып жатабыз, – деп баса белгиледи Өкмөт башчысы Ө.Бабанов.
- Бажы инспекциясынын жыйымы 2 жылдын ичинде 12,5 млрд. сомду түзгөн. Бул мурдагы жылдагыга караганда арбын болуп, коррупцияга каршы күрөштүн жакшы натыйжа берип жаткандыгынан кабар берет. Эми бажыга видеобайкоо коюлганда бул андан да анын ачык иштешине шарт түзөт, – деди Премьер-министр “Бажы контролдоо аймактарында видеобайкоо системасын орнотуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндөгү” Кубанычбек Кулматовдун билдирүүсүнө кошумча кылып.
Ошону менен катар отурумда мамлекеттик органдарды оптималдаштыруу, Ош жана Жалал-Абаддагы ишкерлерге жардам көрсөтүү жөнүндөгү маселелер каралды.
Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңда жабыркагандарга өкмөт тарабынан жалпысынан 4119 ишкерге жардам берилген. Акыркы арыздар каралып бүткөндүгүнө байланыштуу арыз алууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Атка минерлерди азайтып, ишти оптималдаштыруу маселелери боюнча экономика жана монополияга каршы күрөшүү министри Т.Сариев бир топ жагдайларга токтолду.
“Сунуш боюнча бул жылдын аягына чейин 877 бирдик кыскартылса, келечекте чиновниктердин саны 3428-3600дөй санга кыскарышы каралууда. Салык жана бажы инспекциясына ишти автоматташтыруу киргизилип жатат. Бул бир топ кыскартууга алып келет. Кыскартуу менен катар жумушсуз калгандарды ишке кайра орноштуруу, аларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү, со-циалдык абалын эске алуу да көңүл сыртында калбайт. Бул үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу каралат”, – деди билдирүүсүндө докладчы. – Мамлекеттик кызматчыларды тейлөөгө мамлекеттик бюджеттин 24%ы кетип жатат. Америкада буга 5%, башка жерлерде 15% сарпталат”.
Талкуудан кийин бул токтомдун долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Бүбү ТОКОЕВА, “Кыргыз Туусу”
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25