|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
14.02.2012
"Электр станциялары" ААКнын башкы директору Аман Тентиев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, чуулгандуу таш көмүр кайрадан Казакстанга жиберилип жатканын маалымдады. Анын айтымында биздин республикага таш көмүр саткан Казакстандын "Кулан ТБ" компаниясы радиациясы нормадан ашык болгон таш көмүрдү кайра ташып кетүү чыгымын өз мойнуна алды. Анын жалпы суммасы 180 миң долларга барабар. Учурда таш көмүрдүн үчүнчү партиясы вагондорго жүктөлүп жатат.
"Өткөн жылдын сентябрында көмүрдү кабыл алып жатканда, биз анын радиациясы жогору экенин билген эмеспиз. Анткени радиация маселеси биздин милдетибизге кирбейт, биз бар болгону ал отун тууралуу маалымат суроого гана укугубуз бар. Албетте, эгерде биз ал таш көмүрдүн радиациясы нормадан ашык экенин билгенде аны сатып албайт болчубуз", - деп кошумчалады А.Тентиев.
Эске сала кетсек, депутаттык текшерүү жүргүзүлгөндө Кулан шахтасынан ташылып келинген таш көмүрдүн нурлануусу жогору экендиги аныкталып, анын натыйжасында ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн жана өткөн жылдын 8-ноябрында ал көмүр пайдаланууга жараксыз деген чечимге келген.(Уландысы 4-бетте)Учурда Бишкектеги жылуулук борборунун кампасынан 10 вагон же 700 тоннага жакын уулуу көмүр Казакстанга ташылып кетти. А.Тентиев белгилегендей, ар бир сутка сайын 5 вагон уулуу таш көмүр ташылып чыгарылууда. Анын айтымында, февралдын аягына чейин бардык 8,5 миң тонна таш көмүр Казакстанга ташылып кетет.
Ал эми Кыргызстандагы Казакстандын элчилиги билдиргенге караганда, мындай чуулгандуу жагдайдын пайда болушуна Казакстандын ”Кулан ТБ” компаниясы менен Кыргызстандын “Электр станциялары” ААКнын ортосундагы ишмердүүлүктүн начардыгы себеп болгон.
Бул маселе боюнча элчиликтин суроосуна Кулан таш көмүр кени жайгашкан Жамбыл облусунун прокурору Б.Таимбетовдун берген жообуна караганда, сөз болуп жаткан иш боюнча кылдат текшерүү жүргүзүлүп, “Кулан ТБ” компаниясынын иши токтотулган жана анын жетекчилерине жана бажы кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогон. Ишти текшерүүнүн жүрүшү Казакстандын башкы прокуратурасынын көзөмөлүнө алынган.
Албетте, бул ишке тиешеси бар Кыргызстандагы кызмат адамдарына да кылмыш иши козголгону жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылууда.
Токтомуш ӨСКӨНОВ, “Кыргыз Туусу”
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25