|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
14.02.2012
Мен республикада жер реформасы башталгандан аралашып 15 жылдай Улуттук жер фондунун, кийин Агрардык жер реформасы борборунун директору болуп иштеп, жер ресурстарынын мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билип калдым. Бул багытта АКШда, Түркияда, Францияда болуп, алардын тажрыйбалары менен тааныштым. Ошондуктан азыр мамлекеттик кызмат-керлердин санын кыскартуу, ички жана тышкы миграцияны азайтууга багытталган маселелер боюнча өз пикиримди билдирип коюуну чечтим.
1997-жылдын 1-январына карата жер реформасына ылайык жерлердин менчикке берилиши боюнча республикадагы бардык айыл өкмөттөрү боюнча отчет түздүм. Тилекке каршы, ал кездеги өкмөттүн, парламенттин каршылыктарынан улам, ал реформа аягына чыгарылбай калган.
Андан кийин президент А.Акаевге гезиттер аркылуу (“Эркин Тоо”, “Асаба” гезиттери тиркелет) кайрылып, айрыкча райондун борборунда жашаган элдер (аларга жер үлүштөрү бөлүнгөн эмес) жумушсуз калышып, ички миграция күч алып баштаганын, аны алдын албаса чоң кыйынчылыктар жарала тургандыгын айтканмын. Азыр кайра бөлүштүрүү фондунун балансында 328 миң га жер бар. Райондордун борборунда жашаган элге таратуу үчүн жалпысынан көп болсо 15-17 миң га жер кетмек, калган 300 миңден ашыгын аукционго коюп сатууну сунуштагам. Мындай практика ошол кезде бар болчу, анткени мурун сынамык долбоорго ылайык, практика менен төрт райондон 8000 га жер сатылган. Ошондо 100-150 га жери бар фермерлер чыккан.А.Акаев менин ал сунушумду колдомок тургай, Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин айыл чарба министрлигинен алып, алардын бюджети жок, ансыз жашай алышпайт деген шылтоо менен айыл өкмөттөрүнө бердирип салды. Натыйжада бүт республика боюнча ал жерлердин айланасында коррупция башталды. Бул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына маалында толук чагылдырылган.
2006-жылы К.Бакиев президент, Ф.Кулов премьер-министр болуп турганда, мен “Эркин Тоо” гезити аркылуу аларга да кайрылдым. Алардын өздөрү турмак аппаратындагылары деле окушпаптыр. Республиканын айыл чарбасынын мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин, дагы миңдеген кишини иш менен камсыз кылууга боло тургандыгын жазганмын.
Кайра бөлүштүрүү фондунда 1997-жылдын 1-январына карата 328 миң га жер бар болчу, азыр 280 миң га калыптыр. Республикада бир мил-лиондон ашык түтүн ээлеген огороддордо 176 миң га жер бар. Токойлордун арасындагы бош жерлерге совет мезгилинде эле мен Ысык-Көл, Нарын облустарын башкарып турганда колхоз-совхоздордун саан уйларын жайдырчубуз. Азыр менчик уйларды чыгарып, токойчуларга 50 сомдон төлөп жатышканын “Азаттыктан” уктум. Ошол токойдун арасындагы бош жерлерди жеке менчикке берсе болот.
Топчубек Тургуналиев Токой чарбасы агенттигин жетектеп турганда токойлорду кырктырып, арасындагы Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды жок кылгандарды кызматтан алганын айткан. Аны менен маселе чечилбейт! Мен билгенден СССР жоюлгандан бери эле токойлордун жакшылары кыйылып,
КамАЗдар менен ташылбадыбы, аны СССР кезинде да тыя алган эмес. Ал гана эмес жаңгак уюлдары (кап) кантип кыйылып сатылганын угуп, көрүп эле жүрөбүз.
Мындай талоончулукту болтурбай коюунун жалгыз жолу – ал жерлерди жеке менчикке берүү. Менчикке өтмөйүнчө токой көбөйбөйт. Менчик ээси дарактан бирди кыйса, анын ордуна 2 дарак тигет, ошентип арасында жан-жаныбарлар да көбөйөт. Бирок, мен бак-дарак өсүп турган токойлорду бүгүн эле жеке менчикке берели деген жокмун. Арасындагы бош жерлерди берүү керектигин айтып жатам.
Кызыгы, менин 15 жылдан бери президенттерге кайрылып келген маселем боюнча “Вечерний Бишкек” гезитинин 2011-жылдын 16-декабрдагы санына чыккан “Житие по Герману Стерлигову” аттуу макалада жакшы жооп берилиптир. Окусам, ал жигит Россиянын коомдук ишмери, ишкер, мультимиллионер экен, 2002-2004-жылдары Москва шаарынын мэри, Красноярск крайынын губернатору кызматына талапкер болгон экен. Кийин банкрот болуп, үй-бүлөсүн ээн токойго көчүрүп барып, андан турмуш курап, анан ден соолукка эң жакшы экенин билгенден кийин шаар элин элет жерине көчүрүү боюнча программа иштеп чыгып жатыптыр. Биздин Ысык-Көлгө келип, жергиликтүү фермерлер менен сүйлөшүп, бул жакка ферма курууну да ойлонуштуруп жүрүптүр. Президент А.Атамбаевдин инаугурациясына катышуу менен өтө ыраазы болгонун да айтыптыр.
Таблица1
Эскертүү: 1997-жылы Баткен облусу жок болчу
Биздин токой чарбасы тармагында 2,6 миллион гектар жер бар, арасындагы бош жерлерге каалаган адамдарды отургузуп, бир үй-бүлөгө мүмкүнчүлүгүнө жараша 1ден 5 гектарга чейин жерди 5 жылга келишим менен ижарага берип, анан ал жерге тал-дарактарды отургузуп, өстүрсө түбөлүк менчикке бериле тургандыгы шартын коюу керек. Токой чарбасына ошол жайгашкан адамдарды ал жерлерде кайсы дарактардын түрүнүн көчөттөрүн жана кантип отургузуу, өстүрүү боюнча кеп-кеңештер менен камсыз кылуу милдетин токой чарбасынын кызматкерлерине жүктөш керек.
Мен Түркиядан көргөнмүн. Ал жерде ар кайсы түрдөгү тал-дарактарды кыйып туруп, аларды таарынды кылып майдалап, андан таарынды чыгарып, эмерек жасалат. Бизде да ошентсек, канчалаган эмерек чыгарылып, канчалаган адамдар иш менен камсыз болмок!
Бүгүнкү күндө иштен кыскартылгандарга Чүй облусундагы айыл өкмөттөрүндөгү кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жерлерден 2 гектарга чейин бөлүп берсе, жалпысынан 3 миң кишиге суу баскан жерлерден 6 эле миң гектар жер кетет. Калган 75 миң гектары деле жетиштүү. Азыр ал жерлердин көпчүлүгүн ири чиновниктер башка адамдарга жаздырып коюп өздөрү пайдаланып жүрүшөт.
Эсенгул АЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмери
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25