Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

“Айланайындар, кыргызстанга көчүрүп кеткилечи!”

PamirkirgizӨткөн жылдын август айында “Кыргыз бутагы” коомдук фондунун бир нече мүчөлөрү анын жетекчиси Гүлзат Боло-това болуп экинчи жолу Памир кыргыздарынын абалын көрүүгө барышкан. Илимий-техниканын гүлдөгөн доору жүрүп турган азыркы цивилдүү дүйнөдөн бөлүнүп калган кандаштарыбыздын кабырганы кайыштырган оор турмушунан, ачуу тагдырынан кабар алуу үчүн Гүлзат Болотованы маектешүүгө чакырганбыз.

Кимдин үйүндө кыз төрөлсө аны бапестеп багып калышыптыр. Аны эптеп, 14-15 жашка чыгарып, элүүдөгү адамга берүү эч кимисине өөн учурабайт. Биз былтыркы жылы август айынын орозо учурунда барып калдык. Ошондо: “Орозо бүтөөр замат үйлөнө турган болдум” – деп кубанычы толуп, 55 жашка чыккан киши келди.

Көрсө, 15 жаштагы көчөт кызды алам деп турган кези экен. Булардын ”башка улутка кыз берип, каныбызды бузбайбыз” – деген принциптери бар. Айрыкча мусулман эмес элден куда күтүүнү каалашпайт. Болгону эки ирет гана башка улуттан келин алышкан факты бар. Башка жактан келген келин деле бул жактын шартынын татаалдыгынан узакка турбайт окшоду. Эми биз аларга барган сайын: “Тескерисинче, башка улуттар менен кан алмаштыруу керек” – деп ишендирүүгө аракеттенип көрдүк...

Алгачкы мектеп, жетимсиреген  бейтапкана

Биз былтыркы жылы барганыбызда, “Бозой күмбөз” деген жеринде мектеп пайда болуп калыптыр. Болгону үч бөлмөлүү мектеп аты бар курулуш экен. Америкалык Грег Мартинсон деген адам Пакистанда, Ооганстанда бир топ мектеп курган. Мына ошол кишинин демилгеси менен 2010-жылы Гүнжубай чек арасы аркылуу курулуш материалдары жеткирилип, мектепти бүткөрүп бериптир. Азыркы учурда ал мектепте 55ке жакын өспүрүм окуйт. Классты алар сынып деп аташат. Биринчи сыныптан бешинчи сыныпка чейинки балдарга сабак өтүлөт. Мектепте кыздардан төртөө эле окуйт. Кээ бир балдар ат менен эки күндүк жол жүрүп келишет. Ата-энелери абдан тынчсызданып жаткандары андан арбын. Аларды да түшүнсө болот. Мисалы, бир ата-эне балдарынан айрылып отуруп, болгону бир эле эркек баласы калган. Көздүн карегиндей сактаган баласын алыска жибергенден чочулашып турган чагы. Балдарын окууга узатып, энелери дүрбү менен алысты тиктеп отуруп карек талытышат. Андагы мектепке Ооганстан менен Пакистандан келишим менен бирин-экин мугалимдер келип иштеп калыптыр. Мен англис, пуштун тилдеринен берген мугалимдери менен жолуктум. Беш балага бир китептен берилет. Кыргыз тилинен окуткан мугалим жок.

Заманбап жашоо-шартынан тумтак экенине карабай, кыргыздарды бул нерсе абдан тынчсыздандырып жатыптыр. “Жаш балдарыбыз бөлөк элдин тилин бат эле өздөштүрүп кетип, нукура кыргыз тилин унутуп коюшат. Биз бүгүн эне тилибизди жоготсок, эртең дилибизди жоготобуз. Кыргыз эли улутун, салтын эч качан саткан эмес” – деп коркушканын көрдүк. Ар бирөөсүнүн айткан сөзү ушул болуп жатты. Эзелки элдик макал-лакаптарды сөз арасына кынаптап, кооз сүйлөшкөндөрүнө да күбө болуп жүрдүк. “Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт” – деген сыяктуу макалдар ооздорунан түшкөн жок. Мына ушундай мекенчил сөздөрдү сүйлөп оту­рушуп, көздөрүнөн жаш тоголонгонун көрөсүң. Биздин топ экинчи ирет барганда тосуп чыккан кандаштарыбыздын саламдан кийинки дароо эле сурагандары ушул болду: “Айланайындар, бизди алып кеткени келдиңерби? “ – дешти... Атүгүл кичинекей балдарына чейин бизге жалооруй карап, боор тартып турушту.

– Кыргызстан деген абдан жакшы жер ээ?” – деди мага бир бала.

– Жакшы жер экенин кайдан билип алдың? – деп мен да суроо узаттым.

– Анткени ал жакта алма өсөт, – деди бала.

– Алма жеп көрдүң беле?

– Жок,  жеген эмесмин – деп тес­тиер бала чуркап кетти...

“Бозой күмбөз” аймагынан чыгып, эки саат жол жүрүп, Абдрашид хандын кыштоосуна келдик. Тактап айтсак, жайлоосунан күңгөйдөгү кыштоосунун тескей тарабына жеттик. Союз учурунда бул жакка келген советтик жоокерлер таш үйлөрдү салып беришиптир. Коктунун ичиндеги ошол таш үйлөр ушул кезге чейин турат. Кышкысын ошол таш үйлөрдө кышташат экен. Раматылык Абдрашид  хандын кыштоосуна келгенибизде таң калыштуу жагдайга туш болдук. Анда аппак чоң автобус турат. Көрсө, дарылоочу көчмө клиника экен. Ичине кирип көргөнүбүздө, алгачкы жардам көрсөтүүгө керектүү медициналык техникалык жабдуулардын негизгилери орнотулуп коюлуптур. Бул жакка кандай жеткирилген болсо, дал ошол калыбында кыймылдабай туруптур. Мындай бейтапкана тууралуу жергиликтүү эл бизге эмне үчүн айткан эмес деп катуу таң калдык. Кыргыздардын балдары ич өткөк оорусун күчөтүп жибергенден өлүп калган учурлар болуп жатпайбы мында. Ал эми бул бейтапканда ага керектүү дары-дармектер дайындалып  коюптур. Бирок, мөөнөтү өтүп кеткен 2008-жылдагы дарылар экен. Көпчүлүгү англис, араб тилдеринде, кээ бири гана орусча жазылыптыр. Биз көчмө клиниканын ары-бери жагынын баарын карап көрүп, “Пакистан-Ооганстан дос­тук келишими” – деген белги, жазууну окудук. Демек, бул жерге бир да кесипкөй дарыгер чыдабайт. Кыргыздардын үйлөрүнө киргенибизде баштыктардагы дарыларды көрдүк. “Буларды эмне ичпей катып жүрөсүңөр?” – деген суроо бергенибизде алар: “Кайсы дары кайсы дартка жардам бере турганын унутуп калдык” – дешет. Кээ бирөөлөрү дарыларды тоонун башына алпарып төгүп салышкан.

Аялдары менен аңгемелешкени­бизде жүрөгүнө даттанышты. Мен 12 жыл бою медайым болуп иштегенден улам кээ дарттардын себебин да билип жаттым. Айтымдарында кан кусуп, көңүлдөрү да айныйт. Ашказан, ичеги дарттарына да дуушар болушат экен. Ошол кыштоодо бир күн түнөп калдык. Баарынан кызыгы, чет өлкөлүк туристтер келип калган учур болуп турат экен. Болгондо да ошондой шартта бир чет элдик алты ай жашап, дагы бирөөсү алар менен кошо кыштай жашап кеткендерин айтышса таң калдык.

«Кара дарыга» кайгырдык, ЭлТР тартса кубандык

Биз эки жолу тең август айындагы орозо учурунда баргандыктан, алардын тойлоруна катыша албадык. Маданий иш-чараларын көрөлү деген оюбуз анчалык ишке ашпады. Комуз, ак калпак, чепкен сыяктуу белектерди алып барганбыз. Мурда жамактатып ыр ырдап, улак тартыш, ордо оюндары ойнолчу экен. Азыркы убакта ордо оюну дээрлик ойнолбой баратыптыр. “Манас” айткандары дээрлик жок. Кыздарынын кээ бири темир ооз комузду кагып отурушту. Биз менен барган Нургүл деген Бишкектеги улуттук консерваторияда окуган кызыбыз комуз чертип берди. Дагы бир кызыктуу көрүнүштү белгилеп кетейин. Алардын эс тутуму абдан жакшы экен. Нургүл комуз чертип ырдаганда алар карап отуруп, дароо үйрөнүп алып жатышты. Буларды Кыргызстанга алып келип, көркөм маданиятын өстүрсө, арасынан мыкты таланттар чыгат го деген ойдо калдык. Мен бир аялдан:

– Эмне үчүн ырдоо өнөрүн өнүктүрбөй калдыңар? – деген суроо бердим.

–  Ээ кызым, бул биздин Памылда кайдагы ыр. Көңүлүбүз өлгөн... – деди.

Нургүл комуз күүсүн шаң­шытып, улам катуулап, көңүл удургутуп черткен сайын бир апанын каректеринен мөлтүлдөгөн жаш кулап жатты. Анын ыйында эмне катылып жатканын биле албадык...

2009-жылы барганыбызда кээ биринин үйлөрүнөн кадимки Кытайдан чыгарылган радиолорду көрүп жүрдүк. Пакистанга соодага барганда күн энергиясынан тартылган батареяларды алып келишет тура. “Бай”  деп саналган адамдардын боз үйүнүн үстүндө күн энергиясын тартуучу чырактары бар. Кечинде аны аккумуляторго туташтырып, азыноолак жарык чыгарып алып, тамак ичишет. 2008-жылы КРнын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министри болуп иштеп турганда Айгүл Рыскулова жетектеген экспедиция атайын памирлик кыргыздарды издеп барышкан. Тилекке каршы, Тажикстандын коопсуздук кызматы аларды чек арадан ары өткөргөн эмес. Үч-төрт саат гана амандашып, сүйлөшүп, белектерин берип кайтышкан. Ошондо алар үч-төрт телевизорду кошо ала барышканын көрдүк. Ал жакта кубаттуу антенна байланышы менен ЭлТР каналы тартат экен. Андан тышкары “Азаттык” радиосунун жыштыгын да кармап угууга жетишип калгандарын көрүп кубандык. Өмүрбек деген байкенин кулагынан радио түшпөйт. Ошону менен алар Кыргызстандагы, дүйнөнүн чар тарабындагы кабарларды биз сыяктуу эле алып турууга шарт түзүлүп калыптыр. Биз былтыркы жылы 2-августта сапарга чыгып, жолдогу ар кандай тоскоолдуктарды, чек ара түйшүктөрүн баштан кечирип, он күн сапарда жүрдүк. Анын кесепетинен бир топ жаңылыктардан артта калдык. Памирликтерге жеткенибизде алар: “Кыргызстандагы президенттик шайлоого аттанган талапкерлер сексенден ашыптыр” – деп, бизге акыркы жаңылыктарды айтып беришти...

Эми “кара дары” же тариэк деп тергелген апийимдин таасири тууралуу айтпасак болбос. Ширенкенин кутучасындай тариэктин наркын биздин акчага которуп эсептесек, 22 000 сомго жетет экен. Мына ушуну көп колдонгондон бул элди кедейчилик ого бетер каптаганын өздөрү айтып отурушту. Ден соолуктарына катуу зыян келүүдө. Денеге кызыл так чыгып, жогоруда айтылган жугуштуу дарт каптаганда тариэкти көп колдонушуптур. Айрыкча, бир-эки ай катары менен чеккендери ага көнүп алышкан. Балдары ооруса, тариэкти күйгүзүп оозуна үйлөйбүз дешет. Атын атагысы келбеген бир адам: “Бул балээни чегип, балдарымдын ырыскысын жеп жатканымды жакшы түшүнөм. Бирок, муну чекпей коюуга дарманым жетпейт” – деп сүйлөп отурду. Аны чеккендердин үй шарты, жашоо образы чекпегендерден кадимкидей айырмаланып турат. Тариэкти сатып алуу үчүн майда жандыктарды эсепке албаганда бир жылда сегиз топозду  соодалаган адамды көрдүк. Тилекке жараша, алардын бир тобунун апийим менен күрөшүүгө алы-күчү жеткенине кубандык.

– Тариэк менен кош айтышып жатабыз – дейт бир байке.

(Уландысы бар)

Жазып алган Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Сүрөттөр “Кыргыз бутагы” коомдук фондунан алынды.

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25