|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Тарыхый материалдарга таянсак кыргыз-өзбек бир атанын - Түрк атанын балдарыбыз. Элибиздин тили деле бир - Түрк тили. Ошондон болсо керек, эч кандай котормочусу жок эле бири-бирибизди түшүнөбүз. Динибиз деле, дилибиз деле бир. Жашаган жерибиз, ичкен суубуз, үстүбүзөгү асманыбыз, дем алган абабыз деле бир.
Кыскасы, бардык жашоо булактарыбыз бир. Илгертен эле азап-тозокту бирге тартып, сүйүнсөк-кубансак да бир болуп, совет бийлигин бирге тосуп алганбыз.
Бир кыргыз Ташкен облусун башкарганБардык жагынан алып караганда Өзбекстандын, айрыкча өзбек маданиятынын Орто Азия элине тийгизген таасири абдан чоң болгон. Ал жөнүндө улуу Ч.Айтматов 1988-жылы "Правда" гезитине жарыялаган макаласында "Сан кылымдарды карыткан өзбек маданиятынын Орто Азия элине тийгизген шарапатын Византиянын байыркы Руска тийгизген таасирине тең турган иш дешке болот", - деп жазган экен. Орто Азиянын илим-билим жана маданият борбору катары эсептелген Ташкендин кыргыздын интеллигенциясынын калыптанышына, илимий-маданият чөйрөсүндө таланттуу адистердин чыгышына таасири абдан чоң болгон.
Кыргызстандын жана Өзбекстандын эң жогорку бийлигиндеги А.Орозбеков менен Ю.Ахунбабаевдин ортосундагы ынтымак Маргалаңда башталып, андан ары уланган бир туугандык, достук мамилеси кыргыз менен өзбек элинин биримдигинин, достугунун үлгүсү болуп, ал эки мамлекеттин ортосундагы байланышты бекемдеген. Ушундай саясаттын, достуктун жемиши катары кыргыздын эң чыгаан уулу, мамлекеттик жетекчи И.Раззаковдун эмгек жолунун Өзбекстанда башталып, анын эл агартуу министри, мамлекеттик пландоо комитетинин жетекчиси, Борбордук Комитетинин катчылыгына чейин көтөрүлүшү, ал эми кыргыздын жөнөкөй бир инсаны А.Токтобаевдин Өзбекстандын бир чоң районунда райкомдун биринчи катчысы, Ташкент обкомунун биринчи катчысы болушу, ага Социалистик Эмгектин Баатыры деген наамдын берилишин эсептөө керек.
Кыргыздын төлбашы деп эсептелген интеллигенттери - А.Токомбаев, И.Ахунбаев, М.Адышов, А.Алтымышбаев, Т.Жолдошов, Т.Айтматов, Э.Эсенаманов ж.б. да Ташкенден окушкан, билимдүү болушкан. Андан кийин да Ташкенден, Самаркандан ондогон-жүздөгөн кыргыздын С.Ибраимов, А.Токтоналиев, Б.Миңжылкиев, А.Токонбаева, А.Тажибаев сыяктуу таланттуу, атактуу кадрлары даярдалып чыкты.
Жогоруда аты аталган Ташкенден билим алышкан инсандардын Кыргызстандын келечегине, өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы опол-тоодой, ат көтөргүс болгондугу бүт кыргыз журтчулугуна маалим. Эки элдин, эки мамлекеттин ортосундагы байланыш күчөп, кулачын жайып, достук мамилелер бекемделип, анын натыйжасы Кыргызстанда жашаган өзбек элинин да ар тараптан өнүгүшүнө таасирин тийгизген. Алар дагы кыргыз мамлекетинин алдыга жылышына эмгегин аябай, ал аракеттери бааланып тиешелүү жооптуу мамлекеттик кызматтарга, наамдарга ээ болушкан. Алардын катарына Ош обком партиясынын идеология боюнча катчысы М.Исмаиловду, тамак-аш соода-сатык кызматын узак жылдар бою башкарган, абдан таасирдүү инсан М.Ишматовду, Ош облусунун эң чоң райондорунда биринчи катчы болуп иштешкен Мирабдазизовду, Исакуловду, Эргешовду, Ахуновду, Ош шаарынын кеңешинин төрагалары Б.Фаттаховду, Азимовду ж.б. кошууга болот.
Кыргызстанда гана эмес эл аралык аренада белгилүү болгон илимпоз-академиктер М.Миррахимов, М.Мамасаидов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Э.Акрамов, элдин колдоосуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары болушкан Н.Бахрамов, З.Юсупов, Э.Кочкоров, Б.Жураев, Д.Сабиров, А.Сабиров, А.Абдуллаевди ж.б. кимдер билишпейт.
Кыргыз-өзбектин «Достук сарайы»
Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин өзбек элине болгон ушундай камкордугунун, урматтоосунун жана сыйлоосунун натыйжасында аларга жетиштүү деңгээлде шарттар түзүлгөн. Андай шарттардын түзүлгөнүнө мен өзүм да күбөмүн. Өзбек жаштарынын жогорку билимге ээ болушуна шарт түзүү максатында Ош шаарында өзгөчө статус менен Кыргыз-Өзбек университети ачылып, ал университет ачылганга чейин Ош мамлекеттик университетинин (мурдагы ОШ ПИ) базасында өзбек тил жана адабияты боюнча атайын кафедра уюшулуп, ал кийинчерээк факультетке, анан институтка чейин айланган. Бул окуу жайларда жүздөгөн-миңдеген өзбек жаштары билим алышып, андагы "Достук сарайы" деген жаңы имаратта окуу-тарбиялык иш-чаралар гана эмес, абройлуу өзбек-кыргыз ардагерлери жана студенттердин ата-энелери өз ара баарлашып, пикир алмашышчу. "Достук сарайы" чынында эле эки улуттун биримдигин бекемдөөчү, достугун чыңдоочу борборго айланган эле.
Узак жылдар бою Ош шаарында жашаган, жогорку окуу жайында окуган жана иштеген кыргыз-өзбектер аралашып, катташып эле жүргөнбүз. Айрыкча окуу жайдын мугалимдеринин мамилелери абдан жакшы болчу. Алардын бир топтору, мисалы: М.Исмаилов, Г.Маматурдиев, К.Назаров, Д.Тажибаев, А.Худайбердиев, Х.Артыков, А.Кыргызбаев, Г.Нурдинова, Р.Турсунов, А.Исманова ж.б. илимдин докторлору, кандидаттары болуу менен бирге окуу жайдын проректору, факультеттин декандары, кафедра башчылары сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалашкан.
Ушундай камыр-жумур болуп жашап жаткан эки элдин биримдигине, ынтымагына, ийгилигине көз тийдиби же "аң-сезимибиз өтө эле жогорулап, талаптарыбыз өтө күчөп кеттиби", айтор от жагылды, ынтымакка жарака кетти. Негизинен, айрым шыкакчылардын, ушакчы менен чагымчы бузукулардын, бийликке жана байлыкка тойбогондордун, калыс жана таза эмес бийликтеги айрым жетекчилердин жүргүзгөн саясатынын айынан 1990-жана 2010-жылы Ошто жана башка жерлерде жаңжал чыгып, ал алоолонгон өрткө айланып, натыйжада жүздөгөн карапайым, күнөөсү жок адамдардын өмүрү кыйылды, миңдегендер жабыр тартты. Түздөн-түз ушул абалга алып келген күнөөлүү адамдардын кармалбагандыгы, жазасын албагандыгы эки элдин тең нааразылыгын туудурууда.
Эрегишүүдөн майнап чыкпайт
Ушул жерде атайын бир нерсени белгилегим келет. Өнүгүп аткан Азия өлкөлөрүнүн ахыбалын, саясатын эске алуу менен кыргыз элинин түпкүлүктүүлүгүн, титулдук улут экендигин башка улуттар эске алуусу керек. Кыргыздын (кыргыз элинин) башка бир жерде таяна турган, жер которуп жашай турган мамлекети жок. Кыргыз Республикасынын б.а. мамлекеттин өзөгүн, негизин түзгөн кыргыз эли.
Түпкүлүктүү элдин (журттун) мүдөөсү орундалып, көңүлдөрү тынч болсо, көйгөйлөрү б.а. проблемалары жок болсо Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрүнүн да көңүлү жай, турмушу тынч болот...
Англистердин: "Биздин акыреттик (түбөлүк) досубуз да, касыбыз да жок, болгону акыреттик талабыбыз гана бар",- деген кеби бар экен. Чындыгында турмушта биротоло канааттануу да, алымсынуу да эч качан болбойт эмеспи. Талап же таламдар түптүү, титулдук улутта көбүрөөк болушу мүмкүн. Бирок, чоңбу же кичинеби башка ар бир улуттун талаптары да бар экендигин эске алышыбыз абзел.
Түпкүлүктүү улутпуз, "Титулдук улутпуз",- деп башка улуттун өкүлдөрүн теңине албай кемсинтип, тебелеп-тепсеп, кордоп, биз эмне десек, эмнени талап кылсак ошонун баары аткарылыш керек, бул кыргыздын жери, ал кыргыздарга гана кызмат кылат деп өкүмсүнө бергенибиз биздей улуу элге жарашпайт. Кыргыз улутунун айланасына башка улут өкүлдөрүн баш коштуруп, ынтымакты-биримдикти камсыз кылуу биздин негизги милдетибиз. Ал үчүн өзүбүз (кыргыз эли) ынтымакта болуп, бөлүнбөй-жарылбай, жашоодо болобу, иштеген жумушта болобу үлгү көрсөтөөрлүк сапатка ээ болушубуз керек. Айкөл, нарк-насилдүү, сабырдуу жана кечиримдүүлүк сапаттарыбыз менен дүйнөлүк коомчулукка талкалоочу-кыйратуучу эл эмес, айкөл эл экендигибизди далилдешибиз зарыл.
Каргашалуу июнь айындагы өткөн күндөрдү эстеп, көз алдыбыздан өткөрүп - анализдесек: эрегишүүдөн, өзүбүздү баатыр катары көрсөтүп менменсинүүдөн, кыйынсынуудан, өч алуу жана эсептешүү керек деген сыяктуу ойлорго батуудан эч пайда-майнап чыкпай турганына ынанасың. Өңгөлөрдөн өөн издеп, өчөшүп-кектешип, айып таап, ар кандай "объективдүү себептерге" шылтоолоп, бири-бирибизди душман катары көрүп, ошол "душмандардын" катыгын бергенге үндөгөн ультра жана псевдо патриоттор эки элден тең чыга берет. Жашырганда эмне, азыр кыргыздар менен өзбектердин ортосунда бири-бирине ишенбөөчүлүк сезими пайда болуп калды.
Бирок, каалайбызбы, каалабайбызбы кечиримдүүлүккө барып, өз ара таарынчтарды ичке сактай бербей, келечек үчүн кам көрүп, алга умтулуудан, бирге ынтымакта жашоодон башка жол жок. "Түбү бирге биригет" дегендей кыргыз жана өзбек элинин тамыры-түбү бир болгондуктан мындан ары бир журт болуп жашаарына ишенемин.
Кыргыз менен өзбектин ынтымагына эки элдин улуу инсандары, сөзү өтө турган аталар жана энелер, таасирдүү лидерлик сапаты бар жаштар данакер жана себепкер болушубуз керек. "Өңдү көрсө жүз таят",- дегендей колу-коңшу жашагандар, бирге иштеген, мектепте же окуу жайларда бирге окуп жаткан эки элдин өкүлдөрү ар кандай шылтоо-себептерди таап тез-тез жолугушуп, баарлашып, катташып туруулары керек. Бул нерселер системалуу жана туруктуу болушу шарт.
Бизди, бардык элдерди жакшылык гана бириктирет. Бири-бирибизге жакшы ниетте жана тилекте болуп, жакшы ойду ойлоп, жашоо турмушта дайыма жакшы сөздөрдү сүйлөп, туура түшүнүшүп, урматташып-сыйлашып жүрбөсөк эки эл гана эмес, жалпы эле мамлекетибиздин аймагында жашагандардын биригүүсү кыйын, алдыга да жыла албайбыз.
Миш-миштерге караганда көптөгөн өзбек ишкерлер, дүкөн-кафе-ресторандары барлар Ош шаарында 4- мартта болчу шайлоонун тынч өтүшүнөн кооптонушуп, партиялардын депутатка талапкер өкүлдөрүнүн басымынан-коркутууларынан чочулашып Россияга, Өзбекстанга ж.б. жактарга кетип жатышыптыр. Эгер ушул каңшаар чындык болсо, анда бул эки элге тең душмандардын кылганы деп билем.
Кымбаттуу Ошпиримдин тургундары!
Ар кандай ушак-айыңдарга, провокациялык чакырыктарга, каалаган кызматтарга коебуз деген алдоолорго ишенбей жана алданбай жашыруун берилүүчү акча-буюмдарга азгырылбай, сабырдуулук менен акыл калчап, ар бир талапкердин ким экендигин талдап-тандап, келечегибиз үчүн адашпай добуш берели.
Бектемир МУРЗУБРАИМОВ, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Төрагасы, академик
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25