Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

Турдакун Усубалиев: «Элибизге терең ыраазымын»

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин мааракесине арналган бул китепте белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, илимпоздордун, маданияттын ишмерлеринин, журналисттердин жүрөктөн чыккан терең, жылуу пикирлери, баалары, адилет ой толгоолору, эскерүүлөрү ар кандай жанрда чагылдырылган.

Т.Усубалиевдин «Элибизге терең ыраазымын» аттуу китеби 2011-жылдын декабрь айында жарык көргөн. Китеп окуучулардын суроо-талаптарын эске алуу менен эки жолу 1000 нуска, көлөмү 23 басма табак менен басылып чыкты. Төрт бөлүмдөн турат: расмий бөлүм, публицистикалар, поэзия, эскерүүлөр, ой жүгүртүүлөр. 50дөн ашык авторлор катышкан, 40тан ашык фото-сүрөттөр менен коштолгон. Китеп эки жолу тең «Бийиктик» басмасынан басылып чыкты.

Автордун өтүнүчү боюнча китептин биринчи жана экинчи басылышынын көп бөлүгү борбор шаарыбыздагы улуттук китепканага, К.Баялинов атындагы мамлекеттик китепканага, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетке, И.Арабаев атындагы  университетке жана башка жогорку окуу жайларына, республиканын облустук, райондук китепканаларына, мектептерге автордон белек катарында тартууланды.

«Т.Усубалиевдин өмүр жолунун маанилүү учуру деп «Кыргыз Туусу» гезитинин 2009-жылдын 21-августтагы санында белгилегендей 1942-жылдын апрель айында Кочкор райком партиясында иштеп жаткан мезгилде командировкага келген Кыргызстан КП БКнын секретары Иван Александрович Соболевдин атайын жолугушуп, аңгемелешүүсү, андан соң 1942-жылы Кыргызстан КП БКнын аппаратына жооптуу кызматка кө­төрүлүшү, ал эми 1943-жылдын июль айында ВКП(б) БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепке окууга өтүшү, 1945-жылдын октябрь айында ВКП(б) БКнын секретариатынын токтому менен ВКП(б) БКнын пропаганда жана агитация башкармалыгынын инструктору болуп бекитилиши  болуп саналат». Ошентип, ал он жыл бою ошол аппаратта иштеп, чоң тажрыйба алат. Ал Кыргызстандын тарыхында ошол аппаратта иштеген биринчи кыргыз уулу болот.

«Улуу тоонун улуу уулу»

Автордун экинчи жолу басылып жаткан «Элибизге терең ыраазымын» аттуу китебинин алгачкы барактарында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шарипа Садыбакасова өзүнүн «Заманыбыздын улуу инсаны – Усубалиев Турдакун Усубалиевич» деген макаласында: «Беш жыл аралыгында Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасында чогуу иштешип калга-ныма абдан сыймыктанам. 1995-2000-жылдары 70 кишиден турган Эл өкүлдөр палатасынын учурунда өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө орчундуу салым кошту», – деп белгилейт.

Академик Абдыганы Эркебаевдин «Феномен» аттуу материалы китептин алгачкы бөлүгүнөн орун алган. Ал «Усубалиев Кыргызстанда гана эмес, мурдагы СССРдин, азыркы КМШнын мейкиндигинде, чынында эле бул сөздөрдү жакшы максатта түшүнсөк, феномен – адам, легенда – адам, миф – адам», – дейт. Андан ары академик А.Эркебаев: «Турдакун Усубалиев качандыр бир У.Черчиллдин жашына жетүүнү эңсеген. Ал көздөгөн максатына, оюна, тилегине жеткен, биз дагы чын дилибизден кубанабыз. XX кылымдын дүйнөдөгү улуу саясатчыларынан жана мамлекеттин ишмерлеринин ичинен узак жашагандар: Де Голь, Аденауэр, Дэн Сяопин, Н.Манделла болгон. Алардын узак жашоосунун сыры Т.Усубалиев сыяктуу  эле  жөнөкөй  талыкпаган
эмгек, аскетизм эмес, тынбаган күрөш, катаал өздүк тартип, өздүк көзөмөлдүн катуулугу», – дейт ака-демик, көлөмдүү, кызыктуу материалында.

«Биринчи жетекчилердин ичинен атактуусу, даңктуусу»

Жумагул Сааданбеков «Патриарх» аттуу терең аналитикалык материалында Т.Усубалиев союздук республикалардын биринчи жетекчи лидерлеринин ичинен эң эле жарык, атактуу жана даңктуусу болгондугуна кү­нөм саноого болбойт. Партиянын жа­на союздук мамлекеттин борбордук органдарында Т.Усубалиевди ошол эле Д.Кунаев жана Ш.Рашидовдон кем эмес баалоочу жана сыйлоочу. Ошондуктан, азыркы жаштар, айрыкча
саясатчылар Т.Усубалиевден үлгү алып, үйрөнүүбүз керек. Дегеле Турдакун Усубалиевич өзү ким? Албетте, ал биздин тарыхыбызда, элдин тагдырында терең из калтырган советтик чыгыштын ири саясий жана мамлекеттик ишмерлеринин бири экендиги шексиз», – деп сыймыктануу менен жазган саясат таануу илимдеринин доктору, Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.

«Турдакун менен Исхактын мамилеси жакшы болчу»

Китепте Кыргызстандын кадырлуу карыясы, мурда Министрлер Советинин төрагасы, Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри Казы Дыйканбаев менен журналист Адилет Айтикеевдин маеги жарыяланган. Ушул маектен үзүндү бере кетүүнү туура көрдүм:

– Айрымдар Раззаковдун кызматтан кетишине түрткү болгон арызды Усубалиев уюштурган деген сөздү айтып жүрүшөт.

– Ал болбогон ичи тардыктан келип чыккан сөз. Чындыгында Турдакун менен Исхактын мамилеси абдан жакшы болчу. Ал киши Раззаковдун үй-бүлөсү менен түз телефон аркылуу байланышып, ар кандай посылкаларды жөнөтүп турчу. Раззаков кызматтан алынганда дагы ага республиканын бюджетинен союздук маанидеги 220 рубль персоналдык пенсия чектеп, Москвадан квартира берилген. Кийин Исхак уулу менен Кыргызстанга келгенде дагы резиден-цияда кабыл алып, көпкө маектешип, сүйлөшүштү. Андан кийин Ысык-Көлгө бир айлык жолдомо берип, ал жерде бир ай эс алгандан кийин, мамлекеттин атынан машина бөл­дүрүп, Министрлер Советинде иштеген С.Чокоев деген жигитти жанына кошуп, бүт республиканы кыдырткан. Анан фактыларды каалагандай бурмалап, ушак-айыңдын артынан түшө берген туура эмес да.

«Эл үчүн кызмат кылуу – зор бакыт»

Турдакун Усубалиев – «Руханият» сыйлыгынын лауреаты. Ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн өркүн­дөтүүгө кошкон зор салымы, республиканын экономикасынын рухий потенциалын өнүктүрүүгө талыкпай көмөктөшкөндүгү, элдердин боордоштугун, биримдигин жана достугун чыңдоо боюнча көп жылдык жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн «Элдердин ортосундагы тынчтык жана тилектештик үчүн» эл аралык сыйлыгы, улуттук илимдер академиясынын «Ардактуу академиги» наамы ыйгарылды. Ошондой эле чечимдер борбордогу ири, атактуу окуу жайларында да болду.

Бул китептин бул нускада чыгышынын максаты – жогоруда айтылгандай улуу адамдын басып өткөн жолу, иштеген иштери, тарыхтагы ээлеген орду жаштарга жетсин, алар Турдакун Усубалиевичтин касиеттүү сапаттарынан сабак алсын, жолун улап, алар дагы элдик уул, кыздардан болсун деген ой эле.

Турдакун Усубалиевич азыр деле өлкөбүздүн келечегине байланыштуу көп ойлор менен тынчсызданып келет. Себеби, өзүнүн чыгармаларында «Мен өмүр бою Кыргызстан деген жалпы үйдү курдум», «Мен элим үчүн жашадым жана иштеп келдим», «эл үчүн кызмат кылуу, элим деп өмүр сүрүү – зор бакыт» – деп, бул бир томдугунун атын да «Элимдин мага көрсөткөн ишенимине чексиз ыраазымын», – деп уулдук ыраазычылыгын билдирип, бул мага дем, кубат берет деген ойду туюнтуп жатпайбы.

Мына ушунун баары анын доордун адамы, легенда-адам экендигин дагы бир жолу далилдеп тургансыйт. Жакында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземине катышып, ак батасын берди. Элибиздин ынтымагынын, биримдигинин символу болуп узакка жашай бериңиз, урматтуу Турдакун Усубалиевич!

Турду ЖЫРГАЛБЕКОВ, СССР Журналисттер Союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25