|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы Кыргызстан үчүн оор сыноо болгон. Бирок, анын 10 жылдыгы республикада түзүлгөн кырдаалдан улам өз деңгээлинде белгиленбей калгандыгы өкүндүрөт. Биз ошол кезде Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген, ошол окуяга түздөн түз катышып, эл аралык террористтер менен сүйлөшүү учурунда жана Эгиз-Талаадагы салгылашууда көрсөткөн эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган Курманбек Султановго жолуктук. 1999-жылдагы Баткен окуясында анын ысык-суугун өз башынан кечирген милициянын полковниги ошол учур тууралуу мындай эскерет.
– Баткен окуясы башталганда, тактап айтканда, 1999-жылы мен Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болчумун. 1-август күнү саат 10 чендерде жумушта олтурсам, нөөмөттө тургандар бир адам сизге кирүүнү суранып жатат деп калды, руксат бердим. Кабинетке 60тан өткөн аксакал кирип келди. Ал мага өзүн Буркан Кушкеев деп тааныштырып, Зардалыдан ары турган Коргон айылында жашай тургандыгын, ошол жерге 21 сакалчан боевиктер таң атканда басып киргендигин, 3 күндөн бериРайондун акими Абдырахман Маматалиевге телефон чалып, ага аксакалдын берген маалыматы тууралуу баяндадым. Аксакалды акимге жөнөттүм. Бир аздан кийин аким мага телефон чалып:
– Абал олуттуу окшойт, Улуттук коопсуздук министрлигинин райондук бөлүмүнүн начальниги отпускада экен, анын орун басарын чакырттым. Силердин да кызматкериңердин бири барсын, – деген көрсөтмө берди. Мен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальнигин чакыртып, ага абалды түшүндүрүп, айтылган маалыматты жеринде иликтеп келүүгө,
Таяндагы милиция бөлүмчөсүнүн начальнигине Баткенден баргандарды тосуп алып, алар менен кошо жүрүүгө буйрук бердим. Адегенде алардан кабар келип калат деп тургам, бирок бир суткадан кийин кабатыр боло баштадым. «Зардалы менен почтадагы рация аркылуу байланышса болот» деп айтышканынан, аларга бардык. Аердегилер рациянын 5-6 күндөн бери иштебей жаткандыгын айтышты. Абдан тынчсызданып, акимге «Зардалыга өзүм барып келейин» деп айттым. Ал руксат бергенден кийин, облустук ички иштер башкармасынын начальниги Болот Ногойбаев менен макулдашып, өзүмдүн ордума орун басарымды дайындап, айдоочум экөөбүз жөнөдүк. Жылуу-Сууга 4 саатта араң жеттик. Айылда 50-60тай адам топтолуп туруптур. УКМинин райондук бөлүмчөсүнүн начальнигинин орун басарына кайрылып: «Бүгүн 2-күнгө баратат, эмне үчүн кабар бербедиңер?» десем, ал «байланыш жок болуп жатты» дегенден башка жооп айтпады. Чогулган элге «Зардалыга өз ыктыяры менен ким барат?» деп кайрылдым. Шамурза аттуу аксакал бар экен, ал «Зардалыда неберелерим калды эле, алардан кабар алганча мен барып келемин» деп калды. Ал кечинде саат 5-6ларда жөнөп, эртең менен таң атпай кайра келип калды. Боевиктердин командири ага «Бизге райондук милициянын начальниги өзү жалгыз куралы жок келсин» деп айттырып жибериптир. 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш болуп жатканда мен Чоң-Алай менен Тажикстандын ортосундагы бейтарап аймакта согушчандар менен сүйлөшүү жүргүзгөн тажрыйбам бар болчу. Ошого таянып, эртеси мен жанагы аксакал экөөбүз Зардалыга жөнөдүк. Душмандар Сох дарыясындагы көпүрөнү жардырып жибергендиктен, жалгыз аяк жол менен жүрдүк. Жол ортолоп калганда бир адам араң батчу асканын кысыгы бар экен, ал жерден алда-тообо менен араң өттүк. 2 саатча жүргөндөн кийин Зардалыга жеттик. Айыл тынч. Бизди эски мечиттин жанында 10-15 чакты аксакал тосуп алды. Алар менен учурашып, «Сакалчандар кайда?» деп сурадым. «Камуфляж кийген, аз сүйлөгөн 21 сакалчандар биерге келгенине 3 күн болду, силер келээр алдында кокту менен жогору тарапка чыгып кетишти, алардын командири «эгер милициянын начальниги келсе, биздин артыбыздан барсын деп айтышты» деп жооп беришти. «Жол алыс, жөө барган адам кыйналып калат» дешип мага ат мингизишти. Сох дарыясын бойлоп жалгыз жөнөдүм. Жолдо баратып, балким мени алдап чакырып, атып салышабы... деген кыжаалат ой коштоп жүрдү. Жогорку Жылуу Суу деген жерге жетпей 6 автомат кармаган адам күтүп туруптур. Алардын бирөөсү мени аттан түшүрүп, аябай текшерди. 2-си минген аттын ээр-токумунун ичин текшерип чыкты. З-сү мага автоматын кезеп турду. Ал мага кол менен ымдап, «арчанын арасында тургандарга карай бас» деген белгини берди. Бирөөсүнүн колунда кол пулемет бар экендигин байкап калдым. Алардын жанына барганда, бирөөсү мени: «Сиз кимсиз?» деп сурады. Мен: «Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Курманбек Султановмун» – десем, ал: «Мен отряддын командири Абдилазиз Юлдашовмун, документиңизди көрсөтүңүз” – деди. Күбөлүктү карап көрүп: – Сиздин атыңызды биз укканбыз, – дегенде, мен: «Силер – Зардалыга эмне келдиңер, максатыңар эмне? – деп сурадым. «Биз И.Каримовду жок кылганы келдик» – деп жооп берди. «Бул жер Кыргызстандын жери, башка жол менен барбайсыңарбы? – деген суроом ага жакпай, тырчый түштү: «Буер куданинг йули, кахлаган йул билан йура берамиз. Ошикча гапирсангиз, каллаңизди олип ташлаймиз! – деп өктөм сүйлөдү.
Сүйлөшүү процессин бузуп албоо жана кененирээк маалымат алуу үчүн анын сөзүн бөлбөй аягына чейин угууну чечтим. Ал Өзбекстанда ага окшогондор көп экендигин, Каримовдун бийлиги алардын үй-бүлөлөрүн куугунтукка алып жаткандыгын айтып, райондун акими так ушул жерге эртең саат үчтө келүүсүн талап кылып , ага «бул тарапка бир да куралчан адамдын келбесин!» деген сөздү кошумчалады. Атты минип кайра артка жөнөдүм. Зардалыга чай кайнам убакыт калганда вертолеттун өзүн көрбөсөм да анын үнүн уктум. Ал жерге келсем мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары В.Верчагин, КРнын ички иштер, коргоо министрликтеринин орун басарлары Калмурат Садиев, Исмаил Исаков менен райондун акими А.Маматалиев, райондук коопсуздук кызматынын начальниги Дайырбек Бөкөев да жүрүптүр. Аларга бүгүнкү жолугушуу, боевиктердин талабы тууралуу баяндап бердим.
Андан кийин мен эс алганча К.Садиев менен сүйлөшүп отурсам, А.Маматалиев, Д.Бөкөев, анын 2 кызматкери болуп, төртөө атчан жогору тарапка карай бастырып калышты. К.Садиев аларга кайрылып: «Каякка жөнөдүңөр, көп алыска барбагыла, боевиктер жашынып жатышы мүмкүн», – деп калды. Аким: «Биз алыс деле барбайбыз. Айылдын чекесин карап, блокпостторго ылайык жер тандап келебиз», – деп жооп берди. Жарым саатча өткөндөн кийин Зардалыга «акимдер колго түшүптүр» деген кабар келди. Чоңдор ошол күнү бир чечимге келе алышпады.
Эртеси күнү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери мени, МККнин облустук бөлүмүнүн кызматкери Макамбай Коңурбаевди, Аллияр Имаров үчөөбүздү жөнөттү. Саат 11лерде жөнөп, бешим ченде жеттик. Душмандар баарыбызды текшерүүдөн өткөрүп бүткөндө алардын командири Абдилазиз мага карап: «Мен бир да куралдуу адам келбесин дебедим беле, эми каллаңиз алынат»,- деп кекетип кирди. Мен ага «вертолет мен Зардалыга жете электе келди, аны өзүңөр деле көргөндүрсүңөр”,- деп жооп бердим. Ошондо бир аз жоошуй түшүп: «Булар кимдер?!» деп өктөм сүйлөдү. Жаңы барган экөөнү тааныштырдым. Бир аз сүйлөшүп, алар жумшаргансып калганда: «райондун акимин колго түшүрүп алыпсыңар, убада андай болгон эмес эле го», – деп айттым. Бул сөз жакпады. Абдилазиз «Ал биздин ишибиз!» деп орой сүйлөсө да, биз: «Аким, анын жанындагылар аскерий адамдар эмес, аларда эч кандай күнөө жок. Аларга күч колдонбогула, акимге жылуу кийим ала келели», – деп сурандык. «Эртең ушул маалда үчөөңөр кайра келесиңер, калганын ошондо сүйлөшөбүз» деп коюшту.
Эртеси да кайра бардык. Ал күнү алар бизге 3 мүшөк ун, май, чай сыяктуу азык-түлүктөрүн алып келүүбүздү талап кылышты. Андан кийинки күнү алар айткан азык-түлүктү 4 эшекке жүктөп жөнөдүк. Акимге айылдык аскакалдын жылуу кийимин ала бардык. Душмандар бул ирет бизге «тамак-аш үчүн 2 кой жана 200 миң америка долларын алып келесиңер, ошондо гана аким баш болгон 4 адамыңарды бошотобуз» деп, Коңурбаев Маккамбайды да барымтага алып калаарын айтышты. Менин «Силердин колуңарда 4 адам турбайбы, 5 адамдын кандай кажети бар» деп алар менен талашууга жасаган аракетим ишке ашпай, Маккамбай акени алып калышты. Алар «Биз айткан суммадагы долларды тапканда гана келесиңер» деп коюшту.
Жетекчилерге бүгүнкү болгон окуяны жана сүйлөшүүлөр тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин айтып бердик. Алар бизге эртең да барып, мынчалык көп суммадагы долларды таба албай тургандыгыбыз тууралуу түшүндүрүп келүү үчүн эртең да барасыңар деген тапшырма беришти.
Андан кийинки күнү душмандар сураган 2 койду ала бардык. Биз 200 миң долларды табууга мүмкүнчүлүк жок экендигин анын ордуна 50 миң гана бере ала тургандыгыбызды түшүндүрдүк. Ага чейин Маккамбай аке да мынчалык суммадагы каражат табуу кыйын экендигин айткан экен. Абдилазиз ага макул болду. Биз Маккамбай акени бошотууну сурандык, ал макул болбой, «доллардын баары 100 купюрдан кем болбосун, эгерде анын бирөөсү жасалма болсо, башыңар алынат!» деген сөздү айтты.
Акча табылганча эки -үч күн туруп калдык. Душмандар 2 күн барымтада калган М.Коңурбаевди бошоткон экен, ал 11- августта келип, Баткенге вертолет менен учуп кетти. Эртеси, 12-августта жогору жактан 50 миң долларды алып келишти. Ошол эле күнү мен, Аллияр Имаров, Зардалы айылынын айыл башчысы Акмурза Тагаев үчөөбүз жана тамак-аш жүктөгөн унааларды айдаган 10 чакты жигиттер менен жогору тарапка жөнөдүк. Жардамчыларды төмөнгө калтырып, үчөөбүз душмандар турган жерге бардык. Алар акчаны алгандан кийин Абдилазизден барымтадагыларды бошотуп берүүсүн сурандык. Ал: «Силер төмөнгө кете бергиле, төрт адамыңар артыңардан барып калат» деп жооп берди. Мен алардан: «Биз силердин талабыңарды аткардык, эми Кыргызстандын аймагынан чыгып кетесиңерби?”... – деп сурадым. Ал макул дегендей түр көрсөттү.
Биз үчөөбүз ылдыйга түшүп, төмөндө бизди күтүп турган жигиттерди ээрчитип, Зардалыга бет алдык. Жарым жолго жеткенде бизди утурлап чыккан ички иштер министрлигинин атайын отрядына жолуктук. Бир сааттан кийин барымтадагылар келип калышты. 10 күндөн ашуун душмандын колунда жүрүп аябай эле жүдөшүптүр. Сакал-муруттары өсүп, кийимдери кирдеп калыптыр. Бир сааттан кийин баарыбыз Зардалыга жеттик. Чоңдордун баары ошол жерде экен. 2 вертолет менен Баткенге кайттык.
Андан кийинки күнү күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин штабында өткөрүлгөн жыйында Зардалыга коргоо министрлигинин бир взвод жоокери, бир нече ички иштер жана улуттук коопсуздук кызматынын бир нече кызматкерин калтыруу боюнча чечим кабыл алынган экен.
Бирок, душмандар айткан сөздөрүндө турушкан жок, 10 күндөн кийин тактап айтканда 22- августта кайрадан Зардалыга кирип келишти. Алар активисттердин жана милиция кызматкерлеринин артынан түшүп, милициянын сержантын кыйнап өлтүрүшөт. Кайран бала, вертолетко чыгып баратканы дале күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат, бутуна туфли кийип алган экен, жылуу кийинип албапсың да деп айтсам, “жолдош начальник, 3-4 күндөн кийин кайтып каламын го”, – деп айткан. Карабак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тажи Тайлаковду атып салышкан. Участкалык милиция куралы менен колго түшпөйүн деген ойдо автоматын бекитип, түнү менен тоодогу жалгыз аяк жол менен Таянга келип, бизге кабар берген.
(Уландысы бар)
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25