|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
17.02.2012
“Кыргыз тарых коому” – эл аралык коомдук бирикме. Анын уюштуруу жыйыны быйыл 11-февралда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүлдү. Анда 13 кишиден турган башкармалык, 3 кишиден турган текшерүү комиссиясы жана коомдун президенти шайланды.
Бул илимий-агартуучу коомдук бирикменин президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегинге кайрылып, КТКнын милдет-жүгү туурасында кепке тарттык.
- Тынчтыкбек мырза, Кыргыз тарых коому бышып жетилген зарылчылыкпы же президенттин жарлыгынан кийин гана пайда болгон уюмбу?- Албетте, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөгү тарых илимин өнүктүрүү, тарыхый эстеликтерди, мурасыбызды сактоо тууралуу быйыл январда чыгарган олуттуу жарлыгына Кыргыз тарых коомунун жаралышы үндөш болуп калды. Жарлыкта атуулдук, коомдук демилгеге өзгөчө басым жасалган.
Ал эми Кыргыз тарых коомуна кайрылсак, анын узун тарыхы бар.
Тээ 1989-жылы 3-июнда түзүлгөн Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (КЖТЖ) менен анын негизинде 1995-жылы ноябрда уюшулган Кыргызстан тарыхчылар коому азыркы КТКнын тарыхый башаты болуп саналат.
Дал ошол мурдагы уюмдарды негиздеген тарыхчылар жана аларга тилектеш кесиптештери эми жалаң гана кыргыз тарыхын эмес, жалпы дүйнө тарыхын заманбап усулдар менен иликтөө, тарых илимин жаңы баскычка көтөрүү, тарыхты окутууда интернет жана мультимедиа усулдарын жайылтуу, тарыхый мурасыбызды (анын ичинде археологиялык эстеликтерди) сактап калуу, ажайыпканаларды ачуу, жаш адистерди даярдоо көйгөйлөрүн чечүү үчүн Кыргыз тарых коомун уюштурушту.
Бул эл аралык коомдук бирикмени түзүү даярдыгы бир нече жылдан бери талкууланып келген. Кыргыз тарых коомуна жамааттык мүчө макамы менен болочокто башка да чыгармачыл уюмдар кириши мүмкүн. Бөлөк чыгармачыл уюмдардын мүчөлөрү да жекече ыктыяры менен КТКга мүчө боло алат.
Эң башкысы – Кыргыз тарых коому эч бир саясий партияга багыныңкы эмес, көз карандысыз чыгармачыл бирикме.
- Башкармалыкта кимдер бар?
- Уюштуруу жыйынынын демилгечилери 19дай кишиден турган башкармалык түзүлсө деп ойлогон. Бирок жыйын маалында бул санды 13кө кыскартуу сунушу айтылды. Айрым тарыхчы адистерибиз өз талапкердигин сунуштаса, айрымдары талапкердигин алып салды. Акыры ар кыл багыттагы жана ар башка окуу жайларда жана мекемелерде иштеген тарыхчы адистер башкармалыкка шайланды.
Алардын арасында КУУнун тарых факультетинин деканы, профессор Бектемир Жумабаев, археолог, кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Кубат Табалдиев, тарыхчы жана публицист, мурдагы Кыргызстан тарыхчылар коомунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, археолог, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын өкүлү Кадича Ташбаева, түрк элдеринин этнографиясы, ономастикасы, этнонимиясы жана эн тамгалары боюнча адис, профессор Олжобай Каратаев, Жалал-Абад университетинин өкүлү, тарыхчы Бакыт Ураимов, тышкы иштер министрлигинде иштеген чыгыш таануучу, иранист Акылбек Кылычев, булак таануу адиси Шайыр Батырбаева, Кокон хандыгынын тарыхын жаңыча жазып чыккан тарыхчы Ташмамбет Кененсариев, археолог Михаил Москалев жана Кыргыз УИАсынын тарых институтунун директорунун орун басары, совет тарыхы боюнча адис Акылбек Жуманаев, тарыхчы жана жазуучу, чек ара тарыхы жана кыргыз дипломатиясынын тарыхы боюнча адис, Лондондо бир катар жылдар жашаган Арслан Капай уулу Койчиев бар.
Текшерүү комиссиясы өзүнүн төрагасы кылып КУУнун мурдагы ректору, саясат таануучу жана тарыхчы, профессор Аалыбек Акуновду шайлады.
Кыргыз тарых коомунун уюштуруу жыйыны маалында тарыхчы Рыскул Жолдошов башкармалыкка “кандайдыр бир устуканды бөлүштүрүү үчүн эмес, карандай жумуш жасоо үчүн умтулуу керек” деген эскерткен сөзү менен айырмаланды. Чынында да ушундай. “төргө чыгып, бирок иш кылбаган генералдардын” мындай уюмга эч кереги жок.
Башкармалык коомдун вице-президенттигине Бектемир Жумабаевди, Кубат Табалдиев жана Арслан Капай уулун, жооптуу катчылыкка Олжобай Каратаевди бекитти. Жыйынга 80дей тарыхчы жана кыргыз таануучу, жоон топ студенттер катышканын эске алсак, чынында да ал олуттуу окуя болду.
- Тынчтык мырза, көпчүлүктүн кызыгуусун туудуруп жаткан Кыргыз тарых коомунун максаты, жүгү, иш пландары кандай?
- Жыйын маалында археолог Кубат Табалдиев буга чейинки археологиялык иликтөөлөрдөн тышкары, археологиялык жана башка мурастарды сактап калуунун зарылчылыгы жөнүндө мыкты мультимедиалык баяндамасын жасады. Архивист Чоробек Сааданбеков болсо bizdin.kg интернет барагынын мисалында илимий адабиятты интернетке жайгаштыруу усулдарын өнүктүрүүгө чакырды. Маалымат технологиясы боюнча адис, википедиячы Тынчтыкбек Жанадылдын заманбап интернет сабагын кантип даярдоо керектиги тууралуу баяндамасы да катышкандардын бүйүрүн кызытты. Алардын баяндамалары КТКнын азыркы жана болочокку изилдөө жана агартуу иштеринин орчундуу бөлүгүн чагылдырды.
Кыргыз тарых коому эч кандай расмий мекемелердин (УИАнын тарых институтунун,КУУнун тарых факултетинин ж.б.) ишин алмаштырбайт, аларга огожо жана шерик болот, алардын колу тийбей жаткан далай иш-чараларга демөөрчүлөрдү тартат.
КТКнын иш аракет долбоорлорунун арасында кыргызча жана башка тилдерде тарыхка арналган атайын интернет барагын ачуу, интернеттик энциклопедияларды жана окуу куралдарын байытуу, археологиялык, археографиялык, этнографиялык, фольклордук, булак таануучулук жана башка илимий экспедицияларды уюштуруу, илимий басылмаларды жарыялоо, ажайыпканаларды уюштуруу жана байытуу, жаңы окуу китептерин жана окуу куралдарын жарыялоо, жаш адистерди багыттоо, эл аралык илимий байланышты чыңдоо жана башка ар кыл тармактар боюнча реформаларды жүргүзүүгө катышуу сыяктуу долбоорлор бар.
Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенти Кыргыйбек Молдожунусов өзүнө шерик студенттердин атынан КТКнын студенттик бөлүмүн түзүү сунушу менен кайрылды.
“Жөжөнү күздө санайт” демекчи, эми ишке өтүү керек.
Маектешкен Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА, “Кыргыз Туусу”
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25