|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
17.02.2012
Бул күндөрү Бишкекте мектеп-теги билим берүү тармагы боюн-ча каршылашкан эки тараптын – Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен “Баланын укуктарын коргоо лигасы” коомдук фондусунун, тактап айтканда эки уюмдун жетекчилери Айнагүл Ниязова менен Назгүл Турдубекованын ортосундагы баталия уланууда. Ал эң башкысы – билим берүү тармагындагы буга чейин топтолуп келген проблемаларды чечүү убактысы келгендигин көрсөттү.
Чырдын башы борборбу, же ал жөн эле катализаторбу?
Эки тараптын мурдатан келе жаткан тирешүүсүнө от койгон факт Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо шаардык борборуна жүргүзүлгөн текше-рүүдөн башталды.
Курамына шаардык билим берүү башкармалыгынын жана укук коргоо органдарынын (анын ичинде азыр коррупцияга каршы күрөшүү ыйгарымы берилген Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын да) өкүлдөрү кирген комиссия анда бир катар мыйзам бузууларга жана балдардын укуктарынын бузулушуна жол берилген деген корутундуга келген. Ошол эле учурда борбордун директору Алексей Петрушевский жана бир катар өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери бул текшерүүнү А.Ниязова тарабынан атайын уюштурулган жана негизсиз деп эсептешүүдө. Калыстык үчүн айтсак, борбордо ар кандай укукка жат иштер болуп жаткандыгы боюнча арыз бир өкмөттүк эмес уюмдун лидеринен түшкөн жана билим берүү башкармалыгы ал арызга көңүл бурбай койгону туура эмес болуп калмак. Анткенде башка бир өкмөттүк эмес уюмдар муниципалдык органдын арыздарды кароосуз калтырып жаткандыгы үчүн айыптап чыгуусу толук ыктымал болчу.Арызга келсек, ал атайын уюштурулган күндө деле борбордо эч кандай мыйзам бузуулар болбосо, анын директору жана укук коргоочулар кабатырланышпай коюшса болмок. Анткени жок нерсени комиссия кайдан таба алмак эле? Ошондуктан А.Петрушевский жана “өкмөтчүл эместердин” мындай чуулдаңы сырттан караган адамга “шектүү шексинеттей” көрүнүп турат...
Мына ушул жерден, бул канчалык орундуу болот билбейм, бирок бир параллель өзүнөн өзү суранып турат. Бул жолку шаардык билим берүү тармагындагы баталиялар мага 16-январда Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда башталып, анан бардык пенитенциардык мекемелерде колдоого алынган каршылык акцияларын эске салды.
Анда да №2 ТИЗОдогу мыйзамдуу тартип чарасы – камактагыларды мыйзамга ылайык пландуу тинтүүдөн келип чыккан инцидент системадагы бышып жетилген проблемалардын от алуусуна катализатор гана болуп калган.
Бул жолу да Балдарды реабилитациялоо борборунда мыйзамдуу текшерүү жүргүзүү республикалык масштабдагы ызы-чуулардын катализатору болуп калды.
Анда да акциялар башталаар алдында ЖАМКнын жаңы жетекчиси Шейшенбек Байзаков тарабынан бир катар жаза аткаруу мекемелеринин жетекчилери иштеги кемчиликтери үчүн кызматтарынан бошотулушкан.
Бул жолу да Мэриянын билим берүү башкармалыгынын начальниги Айнагүл Ниязова тарабынан 13 мектептин директору жана бир бала бакчанын башчысы иштериндеги кемчиликтери үчүн кызматтарынан бошотулушкан, алардын жетөөсү өз арыздары менен эмес, башкача айтканда администрациянын демилгеси менен иштен алынган.
Анда да алгач өкмөттүк эмес уюмдар ызы-чуунун башында турушуп, коомчулукта пенитенциардык мекемелерде жатышкан “өтө тартиптүү”, “мыйзамды абдан сыйлашкан” жана “өтө маданияттуу” “интеллигент, башкача айтпаганда сиз дегенден башка сөз айтпаган”, кой оозунан чөп албаган момун жарандар ЖАМКнын кызматкерлери тарабынан бейкүнөө жерден сабалып башташкандай, а алар ошондо да “момурайып” таяк жеп отуруп беришкендей пикир жаратууга аракеттенишкен.
Бул жолу да “Баланын укуктарын коргоо лигасы” КФсынын лидери баш болгон отуздай ӨЭУлар коомчулукта балдар менен ата-энелердин укуктары мектеп директорлору жана билим берүү башкармалыгынын начальниги А.Ниязова тарабынан массалык түрдө бузулуп жаткандай пикир жаратууга аракеттенишүүдө.
Анда да Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы иштеги кемчиликтери үчүн бошотулушкан айрым жетекчилери, кызматкерлери жана түрмөдөгүлөрдүн айрымдарынын ата-энелери жана тууган-туушкандары кайрылуулардын, нааразылык акцияларынын каармандарына айланышкан.
Бул жолу да ар кайсы инстанцияларга кайрылууларга кол коюшкандар – ӨЭУлардын лидерлеринен тышкары, айрым балдарынын тартипсиздиктери үчүн мектептен чыгарылышкан ата-энелер жана кызматтарынан бошотулушкан директорлор.
Анда да каршы чыгышкандар мындай күрөштө “оор артиллерияны” – парламенттин айрым депутаттарын (Токтокүчүк Мамытовду, Дастан Бекешовду) тартуу менен маселени өз пайдаларына чечүүгө аракет кылышкан.
Бул жолу да айрым парламентарийлер (Ширин Айтматова, Асия Сасыкбаева) бул талаш-тартышта ушундай “оор курал” катары (балким өздөрү байкабастан) кызмат кылышууда.
Анда да “адилеттүүлүк үчүн күрөшкөндөрдүн” башкы максаты – бул тармакта жылдар бою топтолгон проблемаларды чечүү, реформа жасоо, тартипке келтирүү жана таза эмес жетекчилер менен кызматкерлерден арылууга аракет кылган ЖАМКнын жетекчиси Шейшенбек Байзаковду кызматтан алуу болгон.
Бул жолу да “күрөшүүчүлөрдүн” башкы максаты – шаардык билим берүү системасында узак жылдардан бери топтолгон проблемаларды чечүү, тартипке келтирүү аракетин көргөн (булар жөнүндө макалада сөз болмокчу – М.Т.) Айнагүл Ниязованы кызматтан кетирүү болууда.
Бирок, ал жолкуда иштин чоожайын жакшы билишкен Президент Алмазбек Атамбаев менен Премьер-министр Өмүрбек Бабанов мындай катуу кысым көрсөтүүгө карабастан, Ш.Байзаковду кызматында калтыруу менен тармакта реформа жасоо үчүн катуу турушкан позициясын көрсөтүштү.
Бул жолкуда шаардын мэри Иса Өмүркулов менен Билим берүү жана илим министри Канатбек Садыковдун позициясы кандай болоор экен? Алар “өкмөтчүл эмес тердин” “кысымынан коркушуп” А.Ниязованы “сары улакка” айлантышабы, же реформа жасоо үчүн өз позицияларында бекем тура алышабы? Аны жакынкы күндөр көрсөтмөкчү.
Проблема кечээ эле чыга калган жок
Калыстык үчүн айтып койсок, мектептеги акча чогултуулар, тартипсиздиктер, сабактарды сапатсыз өтүү, рэкет, коррупция сыяктуу проблемалар кечээ эле, же А.Ниязова Мэриянын билим берүү башкармалыгына начальник болуп дайындалган күндөн бери башталган жок, жада калса күчөп кеткен да жок, тескерисинче Айнагүл айым келгенден баштап алар жөнүндө ачык айтылып, айрым аракеттер көрүлүүдө. Алар бизде өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери өөрчүп келип, эми мамлекеттик масштабдагы проблемага жетип отурат. Буга эң башкысы мамлекет өзү күнөөлүү. Анткени, жыйырма жылдай убакытта тармакты жетиштүү финансылабай, мугалимдерге алардын өлкөнүн келечегин аныктоочу адамдарды тарбиялап жаткандыгын эске алуу менен ошол эмгегине татыктуу айлык акы бербей, эми төө кыядан өтүп кеткен соң “өх” деп кесепеттерин “кепшеп” отурат.
Союз мезгилинде мугалим эң ардактуу кесиптердин бири болчу. Анын кадыр-баркы өзгөчө жогору эле. Эч бир ата-эне мугалим менен айтышмак түгүл, мугалимдин айтканын акыркы инстанциядагы чындык катары кабыл алып, аны укпай койгон баласын өзү жазалачу. Ошондуктан мектептерде өз кесибинин устаттары болушкан кесипкөй адамдар иштешчү.
А кийин эмне болуп калды? Татыктуу эмгек акынын жоктугунан улам анча-мынча колунан иш келген мугалимдер башка тармактарга өтүп кетишип, же өтө эле энтузиасттар, же колунан башка иш келбегендер мектептерде балдарга сабак берип калышты. Ал эми тарбия берүү жөнүндө сөз кылып да кереги жок! Эгерде мурда мугалим үчүн окуучулар окуганына жана жүрүм-турумуна карата алдыңкыларга жана начар окуучуларга бөлүнүшсө, кийин мугалимдер ата-энелердин көздөрүн карап, байлардын балдарына өзүнчө, кедейлердин балдарына өзүнчө “дифференциялуу” мамиле кылып калышканы да жашыруун эмес. Кыргыздын “Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн!” заманы келди.
Мамлекет өзүнүн Конституциясында жазылгандай бардык жарандарын акысыз сапаттуу орто билим берүү менен камсыз кылгандын ордуна билим берүү тармагынын финансылык проблемаларын чечүүнү ата-энелердин мойнуна жүктөп койду. Мындай учурда ар бир мектептин директору ал маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылып, айрымдары жеке байланыштарын ортого салып чечкенге аракет кылса, айрымдары окуучулардын ата-энелерине жүктөй салышты. Натыйжада ар бир мектепте ар кандай аталыштагы фонд пайда болду. Ал фондго акчалар балдарды мектептин биринчи классына кабыл алууда, башка мектептерден которулууда бир жолку төлөнүүчү төлөм катарында жана ай сайын төлөнүүчү төлөм катарында да алынат.
Бул “цивилизациялуу рэкет” цивилизациялуу жол менен алынат. Анткени төлөмдөр мектептердин өзүнө эмес, мектептердин алдында түзүлгөн жана ата-энелер комитети тарабынан көзөмөлдөнүлүүчү ар кандай аталыштагы фонддорго төлөнөт. Анын суммасы да мектептин кадыр-баркына жараша - 2500 сомдон 25 миңге чейин. Мында да эң сонун, адам эч бир кынтык таба албагандай жол табылган. Анан да бир да мектептин директору финансылык тартип бузуу же “мыйзамдуу рэкет” үчүн жоопкерчилик тартпайт. Ал мындайча.
Азыр алыскы-жакынкы аймактардан Бишкекке агылган массалык миграциядан улам бардык мектептерде орун жетишсиз. Мына ошондуктан өздөрүнүн микроучастокторундагы эмес мектептерге балдарын бергиси келишкен ата-энелер кирүү взносун төлөөгө аргасыз. Ансыз мектептерге алышпайт. Мен өзүм өткөн жылы баламды иштеген жумушума жакын жердеги мектептердин бирине берүүнү көздөп, бул нерсени баштан өткөрдүм. Мектептин директору менден 25 миң сом сурады. Менин, албетте, анча акча төлөөгө чамам жок, ошондуктан башка мектептен орун издөөгө аргасыз болдум.
Мыйзамдуулук жагына келсек, Билим берүү жана илим министрлигинин 2010-жылдын 6-майындагы №223/1 буйругу, Шаардык билим берүү башкармалыгы да буга тыюу салышкан. Ошентсе да ал токтобой келет. Ошол эле буйрукта мыйзамсыз акча каражаттарын чогултушкан мектеп директорлоруна карата аларды иштен бошотууга чейинки чараларды колдонуу керектиги көрсөтүлгөн. Бирок, анын ишке ашырылышы кыйын. Анткени чогултулган акча жогоруда айтылгандай коомдук фонддорго түшүп, ал ата-энелерден түзүлгөн комитет тарабынан жумшалып жана көзөмөлдөнүп жатпайбы! Юридикалык жактан алганда директордун тиешеси жок! Ал бечара, жада калса кирүү взносунун көлөмүн да аныктабайт! А иш жүзүндө ал фонд “директордун жеке менчик фонду”, коррупциянын ана башы!
Ата-энелердин
акчаларысыз мектептер жашай алышабы?!
Адилеттүүлүк үчүн экинчи тараптын да пикирин угуп коелу. Мектептер мындай акча чогултууларсыз жашай алышабы? Бул суроо менен Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги Айнагүл Ниязовага кайрылдык.
– Бул эң башкы маселе, – дейт ал. – Азыр бюджеттен жалпы билим берүүчү мектептерде мугалимдердин эмгек акылары, Соцфондго төлөмдөр, коммуналдык кызматтар, 1-4-класстардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 5-7-класстардын окуучуларынын тамактануусу толук финансыланат. Дагы капиталдык жана утурумдук ремонттун – 20%дан ашык эмеси, эмеректер жана жабдуулар үчүн муктаждыктын – 10%ы, өрт коопсуздугу боюнча иш чаралардын – 40%ы, окуу китептерине муктаждыктардын – 20%ы.
Мезгилдүү басма сөзгө жазылуу, методикалык адабиятты сатып алуу, чарбалык муктаждыктар, медикаменттер, канцеляриялык товарлар жана оргтехника үчүн чыгымдалуучу материалдар, оргтехниканы кармап туруу жана тейлөө, Интернет кызматы, спорт инвентары, физика жана химия кабинеттери үчүн реактивдер статьялары боюнча бир тыйын да финансыланбайт.
Өткөн жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга бизде негизинен лак-боек материалдар сатылып алынып, спорт аянтчалары, сантүйүндөр, бассейндердин, дааратканалардын жана тамак-аш блокторунун фасаддары ремонтттолуп, эшик-терезелер, шифер алмашылып, айрым мектептерде пластик терезелер коюлган.
Шаардык бюджеттин акчасына жылытуу системаларын, чатырларды ремонттоо иштери, электр өткөргүчтөрүн алмаштыруу жүргүзүлгөн. Жалпысынан 39 мектеп жана 35 бала бакчада капиталдык жана утурумдук ремонт иштери жасалган. №33 мектептин имаратын реконструкциялоо жүргүзүлүп, спорт зал курулуп, трансформатордук подстанция курулган. Мына ушунун баарына 63 миллион сом кеткен.
Бишкек шаарында билим берүү мекемелеринин ремонту үчүн өткөн жылы жалпысынан дээрлик 100 миллион сом акча жумшалса, анын 10 миллиондон ашууну республикалык бюджеттен, 45 миллиону шаардык бюджеттен, 2 миллион 480 миңи райондордун бюджеттеринен, 23 миллиону гранттардын эсебинен жана 18 миллион 400 миңи ата-энелерден чогултулган акча болгон.
А.Ниязова берген мына ушул цифралардан улам окурмандар өздөрү жыйынтык чыгарып алышсын!
Акыркы жылдары дал ушул ата-энелерден акча чогултуулар бардык коррупциялык иштердин башаты жана ата-энелер, коомдук уюмдар тарабынан коюлуп жаткан дооматтардын башкы себеби болуп калгандыктан Билим берүү башкармалыгы быйылтан баштап кирүү төлөмдөрүнө тыюу салууну киргизди. Андан тышкары мектепти колдоо үчүн төлөмдөрдү айына 300 сомдон ашырбоо талабын койгон. Шаардык мэрия менен бирдикте төлөмдөрдү таптакыр жоюу же аларды мыйзамдаштыруу боюнча сунуштарды даярдап жатышат. Эгерде азыр алардан таптакыр баш тартканда анда шаардык билим берүү тармагынын бюджетинде 300 миллиондой “жыртык”пайда болот. Муну мэрия өзү финансылай алса, проблема таптакыр чечилмек. Бирок мынча каражатты быйыл мэриянын табуусу реалдуу эместей болуп турат.
Маселени чечүүнүн экинчи варианты – ата-энелердин төлөмдөрүн мыйзамдаштыруу. Эсептөөлөргө ылайык, мында ата-эне бир окуучу үчүн бир окуу жылында 1272 сом, же айына 127 сомдон төлөйт. Ар бир мектепте атайын эсеп ачып (азыркыдагыдай коомдук уюмдарды эмес, мектептин – бюджеттик уюмдун расмий эсебин), акчаларды ага түшүрүү. Ошондо азыркы учурдагы жогорку окуу жайларындагыдай болуп, аны биздин укук коргоо жана фискалдык органдар расмий текшере жана акча каражаттарын мыйзамсыз пайдаланышкан мектеп директорлорун мыйзам чегинде жазалай алышмак. Ошондо мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан көзөмөл күчөтүлмөк. Анда директорлор да азыркыдай коомдук уюмдарга шылтоолошуп, жазадан кутулуп кетише алмак эмес.
Билимдин гана эмес, баланын тарбиялануусунун, дүйнөгө көз карашынын калыптануусунун да башаты болгон тармакта дагы кандай проблемалар бар? Бул жөнүндө сөз экинчи макалада улантылмакчы...
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25