|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
17.02.2012
Республика боюнча аялдардын жалгыз абагы Аламүдүн районунун Степное айылында жайгашкан. Бул жерде ар кыл кылмыш менен жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын саны 300-400дүн тегерегинде. Жашы жете электерден тарта 70тен ашып калган аялдарга чейин учурайт. Аялдар абагында шарт башкаларга салыштырмалуу дурус сезилет. Анткен менен абак деген абак, аны башка салбасын. Түрмөгө түшүп, кесилген аялды коом турсун, туугандары, жакындары жээришет. Алар жылдап абакта саргарып жатканда көбүнүн күйөөсү башкага үйлөнүп алышат. Эркиндикке чыкканча документтери жоголуп кетет, үй-жайынан ажырап талаада калышат. Ошентип, жазасын өтөп бүтүп, абактын эшигинен бир кадам аттаганда зарлаган эркиндик менен кошо дагы бир чоң сыноо күтүп турган болот.
Үйү, документи жоктор канаты кыркылган куштай кайда барарын билишпейт. Ошондуктан аялдар абагынын абалы менен таанышканы баргандарга эң биринчи кезекте жазасын өтөп жаткан аялдар ушул талылуу маселени көтөрүшчү. Эркиндикке чыкканда документтерин жайына келтирип, иш таап, аяк-башын жыйып алгыча кандайдыр бир жай ачуу зарылдыгын какшап айтышчу. Ошол эле мезгилде бул ишке ашпай турган кыялдай сезилген. Анткени, мындай жай ачууга бир топ каражат жана атайын имарат керек эле.2009-жылы “Сорос-Кыргызстан” фондунун укуктук программасынын каржылоосунда аялдар колониясынын администрациясы менен биргеликте “Күлүкан” коомдук-гуманитардык фонду аялдар үчүн адаптациялык борбор ачканы бул бөксөнү толтургандай болгон. Ошондон бери Степное айылындагы аялдар абагынын тышында аялдар үчүн адаптация борбору иштеп жатат.
Биз барганда адаптация борборунда төрт аял бар экен. Экөө уурулук жасап, бири киши өлтүрүп, бири мурас талашуунун курмандыгы болгон аялдар. Жаш курактары ар кыл. Эркин турмушка адаптация кылчу жайда керебеттер, шкаф, жумшак эмерек, муздаткыч, телевизор, стол, үстөл ж.б. жаңы буюм-тайымдар коюлуп, кадимки үйдөгүдөй ыңгай түзүлгөн. Үзбөй алып келинген азык-түлүктөрдөн өздөрү тамак жасап ичишет. Фонддун төрайымы Н.Черномуркина менен долбоордун жетекчиси К.Ашыралиева бир нече күнгө жеткидей тамак-ашты борборго жеткирип беришкенине өзүбүз күбө болдук.
Надя арактын айынан киши өлтүрүп алыптыр. Акылын адаштырган жинди суу кантип киши өмүрүнө забын кылганын өзү билбейт. Дале жан дүйнөсүн бир көлөкө каптап тургандай. Гүлдөп турган куракта – 40 жашында карегин муң чалып, бетин бырыш “тордоп” койгон. Эркиндикке чыкканына эки күн гана болуптур. Соттолгону үй-жайынан ажыраган, 13 жашар жалгыз уулу балдар үйүнүн биринде тарбияланып жатат. Кичи мекени Таласка барбай, Бишкектен иш табууну көздөп жатканын айтат. “Эгер ушул борбор болбосо, кайда бармак элем, билбейм. Бирөөнүн үйүнө барсаң, көз каранды болуп каласың. Пас порт маселесин чечсем, иш таап, иштейм, уулуман кабар алам”, – деп айтып отурду. Өгүнкү аялдар абагындагылар да ачкачылык жарыялаганда аларга кошулбаптыр. “Жүүнү бошторду коркутуп өздөрүнө баш ийдиришет. Мага айта да алышкан жок”, – дейт Надя ишенимдүү үн менен. Анын айтымында абакта бир нече ирет отургандар ушундай иштердин башында турушат.
Халида 3 жыл 8 ай абак турмушун башынан өткөргөн. Үйлөнүп-жайланган эки уулу Россияда. Жумуш тапкыча ушул борбордо жашамакчы. “Бешенеге жазганы ушу экен, мындай болорун кайдан билипмин”, - деди Халида таза кыргызча сүйлөп. Шериги экөө билбестиктен (өзүнүн айтуусунда) 60 миң сомдук буюм-тайым уурдай коюшуп, жазага тартылышкан, экинчиси жакында эркиндикке чыгат.
“Күлүкан” коомдук-гуманитардык фондунун долбоорунун жетекчиси Күлүкан Ашыралиева уурулук менен жашы жете элек кыз да абакта отуруп чыкканын айтат.18ге да толо элек кыздын бара турган жери жок болгондуктан, борбордо жашатып турушкан. Себеби, жашы жетпегендерди ишке орноштурганга болбойт. Баткенден агасы келгенде гана агасына кызды тапшырып, документтерин колуна берип, эки сыйра кийим-кече, керектүү буюмдарын алып берип жөнөтүшкөн. “Эгерде аялдардын турмуштары жакшы болуп, туруктуу иштери болуп турса, мындай кылмышка барышпайт эле деп ойлойм. Айрымдары айласыздан кылмышка барып жатышканын байкайм. Алар эркиндикке чыкканда иш таап, коомго кошулуп кетишине салым кошуп жатканыбызга кубанабыз. Бул аз да болсо биз тараптан мамлекетке жардам эмеспи”, - дейт ал.
Аялдар колониясынын ичинде социалдык кызматкер Чынара Маметова жазасын өтөп жаткан аялдарды такай кабыл алат, алардын бошонуп чыккандан кийинки керектөөлөрү жана муктаждыктары изилденип турат. Кимге эркиндикке чыккандан кийин убактылуу жай керек болсо жазылышат, андан соң борборго алып келинет. Алар менен борбордо долбоордун социалдык кызматкери Айпери Майрамбек кызы иштешет. Мында аялдарга укуктук колдоо көрсөтүлөт, туугандык байланыштарын калыбына келтирүү, медициналык жардам алуу, ишке жайгаштыруу үчүн жардам берилет.
“Бир жолу аялдар колониясынан бир күндө 15 аял эркиндикке чыгышты. Алар бошонуп чыккан маал кеч кирип, караңгы түшүп калган кез эле, эшикте жамгыр куюп төгүп жаткан. Айрымдарын туугандары келип алып кетишти. А калгандары болсо, түйүнчөктөрүн колуна кармаган бойдон эл-тейип, эмне кыларын билишпейт. Жетөөнү дароо борборго жайгаштырдык. Бир чети адаптациялык борбордун абактын жанында болгону ушундайда билинет экен. Жылуу жайлуу үй, алар үчүн жайылган дасторконду көрүшкөндө көздөрүнө жаш ирмелип, түш көргөндөй саамга туруп калышты. Анан ыраазычылыктарын айтып түгөтө алышпай коюшту”, – дейт Күлүкан Ашыралиева. Анын айтуусунда абакта КМШнын башка өлкөлөрүнөн да жазасын өтөп жаткандар бар. Бул алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен байланыш түзгөнгө, ар кыл колдоо алганга кыйынчылык түзөт. Ошол себептен жакында эле эркиндикке чыгышкан өзбекстандык эки аялды Ташкентке жөнөтүүгө жардам беришти. Негизи эле абакта отурган аялдардын көбүнүн жакындары, туугандары жок.
Фонддун негизги өнөктөштөрү №2 аялдарды түзөтүү колониясы жана жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы. Адаптациялык борбордун азыркыдай иштеп жатышына Өкмөткө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, генерал Шейшенбек Байзаковдун ролу чоң. Аялдар колониясынын мурдагы башчыларынын бири адаптациялык борбордун кереги жок, бул имарат бизге керек деп, бүткөн ишке көз артып талашып, аларды Бишкекке көчүп кетүүгө аргасыз кылганда, Ш.Байзаков кайра калыбына келтирген. Башында адаптациялык борбор жайгашкан үй сарайдан да жаман болгон. Чатыры жогунан жааган жаан, кардан үйдүн дубалдары эшилип түшүп, шыбагы сыйрылып, каралбай калган жай эле. Азыр ал жогоруда айтып кеткендей таанылгыс, бардык шарттары бар чакан имарат. Албетте, аялдар абагынын администрациясы өнөктөштүктү көрсөтүп бул үйдү берип гана тим койбой, курулуш иштерин жүргүзүүгө абактагылардан кесипкөй жумушчуларды да тарткан. Мындан сырткары аялдар колониясынын жетекчилиги адаптациялык борбор үчүн программа иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө, ошондой эле бошонгон аялдарды аларга жайгаштырууга катышат. Колониянын азыркы начальниги В.Юн борбор менен мындан ары да тыгыз кызматташа берерин билдирди. Өткөндөгү түрмөлөрдө ачкачылык кармоо аялдар абагында да болгондуктан колониядагы жалпы абалга таасири тийгени бышык. Учурда аялдар абагында кырдаал оңолгонун, тигүү цехи мурдагыдай иштей баштаганын айтты. Цехте 100дөй аял иштешет экен. Айына 1500 сомдон табышат.
“Күлүкан” фонду пенитенциардык түзүмдө жазага тартылган аялдардын социалдык маселелерин чечүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашырды. Маселен, “Тазалык -1”, “Тазалык-2” долбоорлору боюнча 2004-2005-жылдарда аялдар колониясындагы мончо-кир жуучу комплекске капиталдык ремонт жасалып, жабдылган. Казакстандагы “Канадалык фонддун” (“Күлүкан” фонду алардын конкурсуна катышып, утуп чыккан) каржылоосунун аркасында 2010-жылы декабрда аялдар абагынын ашканасы да заманбап оңдолгон. Бул аялдарга түзүлгөн жакшы шарттардын бири болгонун ушул кезге чейин мындагылар сүйүнүч менен айтышат. Себеби, мончо-кир жуучу жай, ашкана деген аты болгон менен эскилиги жетип, ишпалдасы чыгып калган. Ошондой эле көмөкчү чарбаларды түзүү долбоорунун алкагында уй, тоок, өрдөк сатып берилген. 2006-жылы бул жердеги балдар үйү да жаңыланып, жабдуулар менен жабдылган. Уйдун сүтү өзгөчө жаш балдарга жакшы болду. Жазасын өтөп жаткан энелери менен кошо абактагы балдар үйүндө чоңоюп жаткан он чакты, кээде андан көп балдар болуп турат. Айрым энелер балдарын абактан төрөшөт. Тактап айтканда аларды шаардагы төрөтканада төрөтүшөт дагы балдарын да бул жердеги балдар үйүндө кармашат.
Дагы бир жакшы нерсе аялдардын ден соолугун колдоо долбоору боюнча медпунктта физкабинет ачылышы аталган фонддун жардамы менен ишке ашты. Ал эми 2008-жылы аялдар колониясында укуктук кызмат түзүлгөн.
Адистердин пикиринде темир тордун артында отуруп келген деп эле аларды жээрүү, жек көрүү коомго пайда алып келбейт. “Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк жок” деп оң турмушка кайрып алуу гана кажет. Ал жерде жогорку мисалдагылардай акча уурдап абакка түшкөнү да, мурас бөлүшө албай, алыскы туугандарынын каралоосунан отуруп чыккан биология илиминин кандидаты сыяктуу окумуштуулар да бар. Экинчи жагынан Күлүкан Ашыралиева белгилеп айткандай турмуш айынан кылмышка баруу барган сайын көп болууда. Атайылап киши өлтүрүү ж.б. оор кылмыш жасагандары башка дечи. Дегеле аялзатынын мындай турмушка кабылбашы үчүн кам көрүү жалпынын милдетиндей туюлат. Анткени, аял – эне, жар, тукум улоочу.
Бермет МАТКЕРИМОВА, «Кыргыз Туусу». Сүрөттөрү автордуку жана «Азаттык» порталынан
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25