Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

Улуу кыргыз каганаты

РЕДАКЦИЯДАН. Үстүбүздөгү  жылдын 27-январында  Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда: “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун системалуу иши элдин биримдигин чыңдоого жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алат”, – деп баса белгилеген.

Аталган документте “Кыргыз мамлекет­түүлүгүнүн эки миң жылдан ашык тарыхы дүйнөлүк цивилизациянын кенчи болуп саналган, азыркы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга татыктуу жоопту калыптандыруу үчүн таалим бо-
лоорлук мисалдардан турган барактарды  камтыйт” деп айтылат да, буга орто кылымдарда түзүлгөн Улуу кыргыз каганатынын тарыхы күбө болоору белгиленет. Ушуга байланыштуу биз Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор  Өскөн Осмоновдун Улуу кыргыз каганатынын тарыхына арналган макаласын жарыялайбыз.

Көп жылдардан бери Кыргызстандын тарыхын изилдөө жана окутуу маселелери менен алек болуп жүргөн окумуштуу-педагог катары Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Кыргызстандын тарыхын жана мада-
ниятын окуп-үйрөнүүнү тереңде­түү, бул аркылуу азыркы мезгилде жарандык атуулдукту калыптандырууга багытталган жарлыгы мага өтө жылуу сезим калтырды.

Акыйкатчылык менен бел­ги­ле-сек, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн жылдарында Кыргызстандын тарыхын изилдөө, окутуу жана пропагандалоо багытында бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Алсак, 1995-жылы эл аралык алкакта  “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы, 2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдыгы, 2003-жылы БУУнун чечими менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, Кыргызстандын коомдук аң-сезимине  бир катар оң таасирин тийгизди.  Бул даталуу окуяларга байланыштуу өткөрүлгөн иш-чаралар аркылуу кыргыз элинин тарыхы жана маданияты дүйнө элине белгилүү болуп калды. Эгемендүү өлкөбүздө өзгөчө жаштарга Ата-Мекен тарыхы боюнча билим берүү ишине көңүл бурулуп, натыйжада Кыргызстандын тарыхы өлкөбүздүн бардык окуу жайларында милдеттүү түрдө окутула баштап, орто мектептин окуу­чулары, кесиптик билим берүүчү жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн жаңы муундагы оригиналдуу окуу китептери жазылды. Бул окуу китептери жыл өткөн сайын толукталып, көптөгөн кылымдарды камтыган байыркы жана уюткулуу кыргыз элинин тарыхын калыс, таасын чагылдырууга багытталууда. Жыл
сайын он миңдеген нускада басмадан чыгып жаткан окуу китептеринде биз сөз кылалы деп турган Улуу кыргыз каганаты жөнүндө да жакшы маалыматтар берилген.

1. Енисейлик кыргыздар

Ар бир зор окуянын алдындагы тарыхы болоору белгилүү. Ошондуктан Улуу кыргыз кагандыгын баяндоодон мурда енисейлик кыргыздардын улуу мамлекет түзгөнгө чейинки тарых-таржымалына кыс­кача токтололу.

Мен, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине 1971-жылы кирип, аны 1976-жылы бүтүргөм. Ошол кезде тарых адис­тиги боюнча атайын билим алып жаткан студенттерге Кыргызстан тарыхын окутууга бир аз гана сааттар бөлүнүп, анда да Кыргызстандын Совет доорундагы тарыхы гана окутулчу. Ошол кезде бизде кыргыз элинин тарыхы 1917-жылдан эле башталат турбайбы деген пикир калыптанган. Кыргыз элинин байыркы доордогу, орто кылымдардагы тарыхы жөнүндө үзүл-кесил гана маалыматтар айтылып, ал мезгилде кыргыздар тоо-тоонун башында жарым жапайы турмуш өткөргөн, дүйнөлүк цивилизациядан  артта калган, маданиятсыз эл катары сыпатталчу.

Алигиче эсимде, Кыргызстандык тарыхчылардын ошол кездеги корифейлеринин бири, өтө атактуу профессор бизге лекция окуп жатып: “В.Бартольд деген окумуштуу-тарыхчы IX кылымда кыргыздар улуу держава түзгөн деп жазыптыр, муну айрым кыргыз окумуштуулары кубаттап жүрүшөт. Бартольддун чындыкка такыр туура келбеген бул жомогу кыргыз элинин улутчулдук сезимин козгоп, интернационалдык тарбия берүү ишине тоскоолдук кыла турган өтө реакциячыл пикир. Бул маселе боюнча Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде талкуу болуп өттү,  атайын токтом да даярдалып жатат. Улуу кыргыз державасы болгон эмес” - деп айткан эле. Ошол учурда Енисей кыргыздарынын тарыхын изилдеп жүргөн окумуштуу агайларыбыздын куугунтукталып жүргөнүнө да күбө болгонбуз. Ушундан улам совет доорунда билим алган тарыхчы мугалимдер Енисейдеги кыргыздар менен Теңир Тоолук кыргыздардын байланышы тууралуу жазылган пикирлер туура эмес турбайбы деген ойдо калганбыз.

Шүгүрчүлүк  дейли, замандын өзгөрүшү менен элибиздин тарыхын терең изилдөөгө, аны калыс чагылды-рууга, окутууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү алдык. Азыркы учурда теңир-тоолук жана енисейлик кыргыздар бир эл экендиги илимде толук далилденди. Орус­тун улуу окумуштуусу Н.Аристовдун пикири  боюнча кыргыздар биздин заманга чейинки  3-1 миң жылдыктардагы коло доорунан бери эле Енисейден Тянь-Шанга чейинки тоо кыркаларын мекендеп, ушул эбегейсиз чоң мейкиндикте көчмөн турмуш өткөргөн. Борбордук Азиядагы саясий кырдаалга байланыштуу кыргыздар биздин заманга чейинки III кылымда экиге бөлүнүп, бир бөлүгү Енисейди, экинчи бөлүгү Тянь-Шанды мекендеп калган. Бирок кыргыздардын эки бөлүгүнүн байланышы XVIII кылымга чейин эч үзүлгөн эмес. Азыркы кыргыз эли енисейлик жана теңир тоолук  кыргыздардын  ар кайсы доордогу миграцияларынын натыйжасындагы жуурулушунун негизинде XV-XVI кылымдарда биротоло калыптанган.

Ошентип, енисейлик кыргыздардын тарыхы биздин заманга чейинки III кылымдан башталат. Енисей деген аталыш  байыркы кыргыз тилинде чоң дарыя дегенди түшүндүрөт. Евразия континентиндеги эң чоң дарыялардын бири Енисей дарыясынын башаты болгон Миң-Суу же Миң-Өзөн аймагы  байыркы кыргыздардын мекени болгон. Тарых көрсөткөндөй, чынында теңир-тоолук кыргыздарга салыштырмалуу енисейлик кыргыздар өзүнүн социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүшүндө өтө зор бийиктикке көтөрүлүп, күчтүү өнүккөндүгүн баса белгилөөгө болот.

“Кыргыз” аты, анын мамлекет­түүлүгү жөнүндө биринчи  ирээт кытай тарыхчысы Сыма Цянь өзүнүн “Тарыхый жазмалар” аттуу китебинде эскерет. Анда биздин заманга чейинки 201-ж. хунндардын падышасы  Модэ шанүй жортуулга чыгып, кыргыз ээлигин басып алгандыгы айтылат. Демек, кыргыздар б.з.ч. III  кылымдан баштап Борбордук Азиядагы кубаттуу дөөлөт болгон Хунндардын империясынын курамына кирип, бул кубаттуу дөөлөттүн эли менен тыгыз байланышып, алар аркылуу эл аралык окуяларга аралашкан.

Енисейлик кыргыздар жө­нүндөгү алгачкы маалыматтардын бири кытайдын кол башчысы Ли Линдин тагдырына байланыштуу эскерилет. Көчмөндөрдүн Хунн империясы Кытай империясына ар дайым коркунуч туудуруп келген. Улуу кытай сепили да көчмөн хунндардан коргонуу үчүн курулган. Б.з.ч. 99-жылы Кытай аскерлери хунндардын ээликтерине кол салып, бирок курчоодо калып жеңилет. Ошондо колго түшкөн кытайлык кол башчы Ли Лин хунндарга кызмат өтөөгө макул болот. Хунндардын падышасы Ли Линдин акылын, тажрыйбасын, каармандыгын баамдап, ага өз кызын аялдыкка берген жана башкаруучу титул ыйгарып, енисейлик кыргыздарды хунндардын атынан башкарууну тапшырган.

Кыргыздар табиятынан эле  башка этносторго жакшы мамиле жасап, аларды өзүнүн курамына сиңирип алуу касиетине ээ болушкан. Биз жогоруда белгилегендей, кыргыздар коло доорунан бери эле Теңир-Тоо менен Енисейдин ортосундагы зор мейкиндикти мекендеп, бирде тигил жакты, бирде бул жакты карай көчүп, малга-жанга ылайыктуу жерлерге байыр алып, көчүн кайрадан улап келген. Көчмөн турмушта кыргыздардын чыдамкайлык, меймандостук, башка этностор менен ынтымакта жашоо, ыңгайы келген учурда аларды өзүнүн бооруна тартуу, өз канына, маданиятына сиңирип алуу, ошол эле учурда башка элдердин жакшы жактарын кабыл алуу өңдүү мыкты сапаттары калыптанып өнүккөн. Тарыхта кыргыздар Енисейге алгач ирээт барганда ал жакты мурдараак мекендеген европоид түспөлдөгү динлиндерди өздөрүнө ассими-лиациялап алганы белгилүү.

Демек, кыргыз эли байыртадан эле эч убакта жабык этнос болгон эмес. Кыргыз элинде ачыктык, кең пейилдүүлүк, калыстык, башка элдерди урматтоо сезими күчтүү өнүккөн.

Ли Лин жетектеген енисейлик кыргыздар хунндар менен бирге  б.з.ч. 90-жылы Каңгай тоолорунун этегинде  Кытайдын Хан династиясынын армиясы менен беттешет. Бул салгылашта Ли Линдин  көпчүлүгү кыргыздардан турган аскерлери жеңишке жетишет. Андан кийинки беттешүүлөрдө да Ли Лин өзүнүн чыныгы кол башчылык талантын көргөзүп, кыргыздардын сүймөнчүлүгүнө ээ болот. Ушул жерден кыргыз элинин кытай баскынчыларына каршы күрөшүн чагылдырган улуу “Манас” эпосундагы теги кытайлык деп эсептелген Алмамбет бабабыздын тагдыры башка элге ак кызмат өтөгөн Ли Линдин тагдырына окшошот. Бул окшоштук улуу эпосубуз Борбордук Азияда биздин заманга чейинки болуп өткөн тарыхый окуялардан башталганынан кабар берет.

Кыргыздар б.з.ч. 60-жылдарына чейин Хунн дөөлөтүнүн туруктуу вассалдары болуп, андан соң көз карандысыздыкка умтулган. Натыйжада б.з.ч. 56-жылы кыргыздар эгемендүүлүккө жетишкен. Дал ушул жылдан тартып кытай жазуу булактарында  кыргыз падышалыгы жөнүндө эскерилет. Бул падышачылык хунн дөөлөтүнүн борборунан алыстыкта жайгашкандыктан хунндардын бийлигине толук баш ийбей өз алдынча болуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн  жаңы башаты катары өнүккөн.

Кыргыздардын биздин замандын I миң жылындагы тарыхы, ушул миң жылдыктын орто ченинде, тагыраак айтканда VI-XII кылымдарды камтыган байыркы түрк доорунун тарыхы менен тыгыз байланышта өткөн. “Түрк” деген этноним (кытайларда “туцзие” деп эскерилет) кытай жыл баянында биринчи жолу 546-жылы эскерилет. Согдулуктар, перстер жана византиялыктар жаңы талаа багынтуу­чуларын “түркүт” деп, ал эми эл өзүн “түрк” деп атаган.
Байыркы түрк тилинде “түрк” деген түшүнүк “түркүк”, тактап айтканда,  “асман менен жердин түркүгү”, “дүйнөнүн түркүгү” деген сыяктуу өтө сыймыктуу маанини берген. Түрк уруулары IV-V кылымдарда хунндардын чөйрөсүндө калыптанган. Түрк доорунда Борбордук Азия­дагы  уруулар  феодалдык  чакан мамлекеттерге биригишип, өздөрүнүн  ээликтерин тактай баштаган. 552-жылы Бумын аттуу каган түрк урууларынан түзүлгөн майда мамлекеттерди  бириктирип, Улуу Түрк каганатын негиздеген. Бул Евразиядагы  эң чоң мейкиндикти ээлеген ири мамлекет болгон. Кага нат 603-жылы Батыш түрк каганаты жана Чыгыш түрк каганаты болуп экиге бөлүнөт. Ушундан тартып Теңир Тоолук кыргыздар Батыш Түрк каганатынын, ал эми енисейлик кыргыздар Чыгыш Түрк каганатынын таасиринде калат.

Енисейлик кыргыздардын тарыхы VII к. аягы VIII к. башында Барсбек жетектеген кыргыз каганаты аркылуу эскерилет. Барсбектин доорунда Чыгыш Түрк каганаты Экинчи түрк каганаты катары кайрадан түзүлүп, мурда Улуу Түрк кагандыгы ээлеген жерлерди, анын ичинен енисейлик кыргыздардын мамлекетин да басып алуу аракетин баштайт. Барсбек Экинчи Түрк каганатынын каганы  Капагандын баскынчы саясатын алдын алуу үчүн Кытайдын Тан динас­тиясынын императоруна, Тибетке, азыркы Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Түргөш каганына элчилерди жөнөтүп, алар менен Экинчи түрк кагандыгына каршы союз түзүүгө аракеттенет. Барсбектин дипломатиясынын  натыйжасында 709-жылы кыргыздардын, Тан империясы менен Түргөштөрдүн  ортосунда түрктөрдүн баскынчылык саясатына  каршы күчтүү   коалиция түзүлгөн.

Ушундай кыраалда түрктөр  күтүп отурбай союздаштарга биринчи болуп сокку урууга аракеттенет. Жаздын келишин күткөн  союздаштарды жалгыздатып талкалоо үчүн түрктөр эң күчтүү душманы болгон кыргыздарга кыштын кыраан чилдесинде  кол салмак болот. Түрк аскерлери  Саян тоосундагы өтө кууш капчыгайды өрдөгөн жалгыз аяк жол менен карды жиреп отуруп он күндө Көгмөн ашуусун ашып, айлампа жол аркылуу кыргыздардын тылына кирип, түн ичинде ааламат согуш баштайт. Капысынан кол салган душман бир түндө бейкапар уйкуда жаткан кыргыздардын көбүн кырып жиберет. Эртеси Барс­бек аскер күчүн Суңга токоюна топтоп, душманга өжөрлүк менен каршылык көрсөтө баштайт.

Өскөн ОСМОНОВ,  КРнын тарыхчылар ассоциациясынын президенти, КРнын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25