27.01.2012
15-январдын түнү кыргыздын ыр күйөрмандары телевизордун кашында тирмийип, Стамбулда өтүп жаткан “Евразия жылдызы” эл аралык мелдешин кыпылдап, Кудайдан тилеп, дегдеп, сүрөп карап олтурушту. Эсеби, маселен, түн ортосу саат үч тургай, телевизорду үч саат карагандан жалкып калган мен тээ тай үйрөтүп жүргөн кезимдей ойдолоктоп турбадымбы. Неси болсо да Гүлжигитибиз күндөй, гүлдөй да жаркып, байыркы элдин рух дөөлөтүн жана бир ирет ааламга жаңыртты. “Атаңдын гөрү дүнүйө!.. Бали кыргызым, бар бол, уулум!” деп, Боогачы атабыз баштаган Муса, Атай, Мыскал, Болот, Рыспай... деги койчу, аван алптарынын арбактарына жалынып, байге алган Гүлжигитке кошулуп, ыйлап да жибердим...
Гүлжигит мырза биздин көз алдыбызда чоңойду. Дегеним, атасы Касейин менен, айылдаштар Касыке дейбиз, Ат-Башынын Ак-Музунда, аты эле айтып тургандай, дуул¬даган шамалында кой кайтарып, касиеттүү өзөн Бороондунун аппак музунда жылгаяк тээп, жашы улуу, жаны бирге дегендей ээрчишип өсүп жетилдик. Касыке КМУнун экономика факультетин бүтүрүп келгенден тарта андагы Кызыл Туулуу бай чарба Куйбышев атындагы колхоздо 1994-жылга чейин бухгалтердик кызматты кылдат аткарып келди. Апасы Майраш да Ат-Башынын кызы, Боогачы мектебинде химиядан сабак берди. Гүлжигит айылдык интеллигенция үй-бүлөдө, ошол тополоңдуу 1990-жылы тө¬рөлгөн.
Калыков деген фамилия чоң атасына таандык. Аталарыбыз теңтуш болгондон Калык байкени мыкты билем десем жаңылбайм. Колхоздун активи болду, кийин чарбанын коюн багып, айтылуу Ак-Сайды жайлап, кыштап жүрдү. Калык байкенин мү-нө¬зүндөй мүнөздү Кудай сүйгөн пендесине берээр, айрыкча кең пейил жүзүнөн мээрими төгүлүп турчу.
“Эл сагынбас эр болбойт, жер сагынбас ат болбойт”... Алыскы Ак-Муз айылыбызды эки бир тууган уруу – моңолдор, черик туруктап келет. Калык байке черик тукумунан. Бабаларыбыз – Жакыпбек баатыр, Матай олуя акыл-айла менен сактап, бөлүштүргөн касиеттүү ата конушубуз Ат-Башы өрөө¬нүнүн күн чыгыш төрү – Ак-Муз. Арзуу, махабат ырлардын паашасы болгон Жакыпбек уулу Боогачы 1916-жылы моңолдорго болуш болуп турганда алгач там үй, медресе, мектеп салдырып негиздеген айыл. Ал эми ушул аймакка алгач буурусун салып, арпа үрөнүн сепкен моңолдор Муратаалы жакшыдан калган туяк Дүрбөлөң эже Калык байкенин байбичеси, Гүлжигиттин чоң энеси. Мунун эмнесин жобурайт дегидей... Себеби тегин, тарыхын дайын этүү маданияты, а экинчи жагы ким атактуу болсо эле, “өзүбүздөн экен!” деп эки этегин желпиген уруучул, ансыз да ыркысыз кыргызды ыдыратууга алып бараткан бир ууч сабатсыз, делбетап, май курсак мансапкорлор бакырып, байрак кылып аткан балан-түкүн уруу “фонду”, “ынтымагы”, “курултайы” авторлоруна кулак кагыш. Бизде эбегейсиз “Манас” бар. Ааламга дайын Айтматов бар. Кечээ Стамбулда Гүлжигит инибиз “Менин жеңишим – кыргыз элимдин, бүт Түрк дүйнөсүнүн жеңиши!” деп жакшы айтты. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, таза, бийик, интеллекттүү жаштар өсүп келе жатат. Көрө билели, баалайлы, колдойлу. Артка эле кылчактай бербей, прогресске умтулуп, коргондон чыкпайлыбы...
Ал эми Гүлжигиттин талант, шык, өнөр эрдигине келсек, айрымдар ойлогондой бүгүнкү ийгиликке ал капыстан жете калган жок. Ата-энеси ал али наристе кезде, 1994-жылы Бишкекке көчүп келди.
“Айылда там-таш, мал бар дегендей, элден кем эмес жашап турдук. Ошол кезде жолдошум кызыл өңгөчү ооруп борборго келип, дарыланып жүрдү. Ак-Муздан кайра күчөйт, бул жакка келсе оңолуп калат. Анан аргасыз көчтүк. Үй жок, сатып алууга акча жок. Ошондо классташым Календеров Жанболот жардам берип, Ново-Павловкадан ушул үйдү сатып алдык. Иш да табылбай, аябай кыйналдык. Майраш жакыныраак №2 мектепке башталгыч класс¬тын мугалими болуп эптеп орношту. Жарыбаган айлык, менин болсо соодага таптакыр шыгым жок экен. Бухгалтердин көптүгүнөн эч жерден орун табылбайт. Аргасыздан айлыгы аз жумуш менен алектендим. Бир күнү апасы “Койсоңчу...” дегениме болбой жарма жасап, Ош базарына сата баштады. Беш балам тең №2 мектепте окуп тарбияланышты. Алардын негизги маршруту мектеп – үй – Ош базары болду. Кыскасы, ошончо жылдан бери биздин үйдүн милдет-түйшүгүн Майраш локомотив болуп тартып келатканына эл күбө. Ал эми Гүлжигит болсо 5-класс¬тан эле музыкага ынак болуп, ар кандай деңгээлдердеги сынак-фестивалдарга катышып келатат. Негизи окуган мектебинин музыка сабагынын мугалими Светлана Куприянованын эмгеги зор”, – кечээ сүрөтүн алганы Касыкенин үйүнө барсам, ушуларды айтып олтурду. Бир кездеги айыл мектебинде бирге иштеген кесиптешим Майрам жеңе мектептен жаңы келип, чайын иче калып, адатынча белин бек бууп, Ош базарына шашып жөнөдү.
Олуязаада Куйручук бабабыз өз кезегинде, “Боогачынын аванындай авандуу ырчы, Шаршендей күлдүр¬гөн куудул кыргыздан кийин чыкпайт го...” – деген экен. Тарых жүз жылда бир кайталанат деген ырас окшобойбу. Туура бир кылым илгери, үнүн угуп калган аксакалдардын айтканындай сүт бото тайлактай “Үкөйүм” деп боздоп, созолонтуп, Ала-Тоо койнун аванга толтурган улуу ырчы Боогачы чыккан Ак-Муздун дагы бир урпагы Каленов Алтынбек былтыр республиканын баш байгесин алса, мына эми Гүлжигит мырза андан арыга – “Евразия жылдызы” байгесине ээ болду.
Эзелтен күлүк ат, сулуу кыз, эр жигит, өнөрпоз бүт элге таандык делет. Болсун! Караңызчы, алты өлкөнүн чаканы, жарды делгени, а бирок эң байыркы баба журту – Кыргыздын жигити алдыга чыгып, улут руху кө¬көлөп, намысыбыз козголуп турганын. Бул – жакшылыктын жышааны, Кудай буюрса, түрк атанын балдары баш кошоор кезең жууктап, ак калпак элибизге оомат ооп келатканы го!
Дүйшөн КЕРИМОВ