Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары
21 Февраля 2012, 12.41 ...
Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз
21 Февраля 2012, 12.40 ...
Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык
21 Февраля 2012, 12.40 ...
– Үрөнчүлүк боюнча 68 мамлекет менен байланыш­табыз. Жылына 118 млн. дол­лардык үрөндү экспорт­тойбуз. 2023-жылга Түркиянын 100
21 Февраля 2012, 12.39 ...

Апта суроосу

Жогорку кеўеш єз милдетин жакшы аткарып жатабы?



 

kyrgyzsalam
header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                      

КИБ "ИШЕНИМ"      

aktilek

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3

Улуу устаттын аты унутулбайт

Кыргыз Республикасынын  эл артисти, СССР композиторлор союзунун мүчөсү,  профессор Алтынбек Жаныбековдун бейнесине сүртүмдөр

Туулган жер жана алгачкы кадам 1970- жылдары  “Ала Арча” аттуу ырды радиодон угуп калаар элек.   Кийин бул ырдын музыкасын  жазган Алтынбек Жаныбеков менен кызмат боюнча кезигишүүгө көп мүмкүн¬чүлүктөр болду.  
Агайдын айтуусу боюнча эң алгачкы ирет “Ала Арчаны”  Казакстандын радиотелевидениесинин эстрадалык оркестри менен  В. Птица  дирижерлоп алып чыккан экен (сөзү Кривощенконуку).

Кийин “Ала Арчаны” Николай Пак Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин коштоосунда Кыргызстан эле эмес, башка мамлекеттерде да аткарып, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Асанкан Жумакматовдун дирижерлугунда репертуарынан тү¬шүрбөй  ырдап келгени белгилүү. Ырда айтылган керемет жер Алтынбек Жаныбековдун туулган жери.   
Алтынбек Жаныбеков 1952-жылы  18 жаш курагында Муратаалы Күрөңкеев  атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына вокалдык бөлүмгө тапшырган. Бала күндөн музыкага шыктуулугу,  угуу, туюу, кабылдоо  сезимдеринин күчтүү экендигин байкаган мугалимдер теориялык, композициялык жактан да билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп беришет.
Алтынбек Жаныбеков 3-курска келгени окуу жайдын директору А.Малдыбаев чакырып: “Балам, сен жакшы окуйт экенсиң. Музыка жаз”, – деген сунушун айтат. Залкар композитордун бир гана сөзү жаш Алтынбек үчүн канчалык дем бергени кийин окуган окуусунан, жазган музыкасынан сезилет. 3-курстан  ыр  жазуудан баштап, акырындап хордук чыгармаларга өтөт.   Музыканын азбукасынан – теория-сольфеджиодон баштап, гармония, полифониянын математикалык татаал сырларын окуп, эң сонун билим алып чыгат.
Вокал  боюнча  адистик¬ке ээ болот, профессионалдуу ыр-доонун жолдорун  окуп, үйрөнбөсө,  мүмкүн “Ак куу”,  “Түндө”, “Шофердун ыры”, “Мен жумушчу” сыяктуу классикага айланган  ыр, романстарды  жаза алат беле.
Фортепиано жана оркестр үчүн концерт жанрына биринчи кайрылуу жана сүйүү романсы
Дипломдук ишти тандоо оңойго турган эмес. Концерт сыяктуу чоң жанрды бул кыргыз жигит жаза алабы, жаза албайбы  деген күмөн саноо турган.
Кыргыз музыкасын изилдеп, илимдер академиясынан  карап, обон-күүлөрдү таап чыгып, биринчи  бөлүмдү  жазат. Политоналдуулукту  колдонот. Мындай ыкма  казактарда  да болгон эмес. Дүйнөлүк музыкада бар, бирок Орто Азия, Казакстан  боюнча жокко эсе. 1964-жылы март айында Кыргызстан композиторлор  союзунун 7-пленуму өтөт. 7-пленумда Алтынбек Жаныбековдун кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу жазылган “Фортепиано жана  оркестр үчүн жазган концерти”  аткарылат. Концертти  Кыргызстанда гастролдо жүргөн Казак симфониялык оркестри аткарган. Оркестр менен дирижерлогон Асанкан Жумакматов болгон. Ал эми фортепианодо  Алтынбек Жаныбеков өзү  ойногон.
Алтынбек Жаныбеков Алма-Ата консерваториясын  бүтүрүп келгенде Абдылас Малдыбаев жаш композиторду  кучагын жайып тосуп алат.
– “Ысык-Көлгө” барып эс алып кел, уйкуңду кандыр. Беш жыл чарчаган чыгарсың, – деп   путевка берет. Көлгө баратып, жөн барбай бир нерсе жаза келейин деген таризде  акындардын поэтикалык жыйнагын караштырып, бир топ  китеп¬терди сатып алат. Кийин алардын ичинен  А.Токомбаевдин, К.Маликовдун  тексттерине обондорду жаратканы белгилүү.
Шостаковичтин
берген баасы
Алтынбек Жаныбеков 1965-жылы Петр Ильич Чайковский атындагы  консерваторияда эки жыл аспирантурада окуган.
1963-жылы  Кыргызстандын  Россияга өз ыктыяры менен кошулганынын  жүз жылдыгы  болуп, орус совет музыкасынын декадасы өтөт.  Д.Д.Шос¬такович, Вано Мурадели, М.Чулаки, В.Власов, М.Раухвергер, В.Фере, музыковеддер В.Виноградов, академик И. Мартынов, Г.Щепалин, композиторлор В.Сорокин (Ленинград), А.Нестеров (Горький), Е.Родыгин (Свердловск),  бир топ музы¬кант¬тар, пианисттер  келишет.
Д. Шостакович менен жолугушуу болуп, улуу композитор кыргыз композиторлорунун чыгармаларын угат. Алтынбек Жаныбеков да  скрипка, альт , виолончель үчүн жазган ”Триосун” көрсөтөт.   
“Тектирге чыккан буудайды,
Теңселтип шамал ыргайбы.
Теңдиктүү ушул турмушта,
Теңтуштар ойноп жыргайлы” –  элибизге кеңири таанымал бул саптарды камтыган  жөнөкөй обондун таасиринде  аспаптык  мыкты чыгарманы жараткан.
Баатырга арналган симфониялык  поэма
1961-жылы Кыргызстан композиторлор союзунун 3-республикалык   съезди өтөт. Жаштардын чыгармачылыгынын  ичинен   Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналып жазылган Алтынбек Жаныбековдун симфониялык поэмасы, вокалдык жанр  боюнча “Түндө”романсы  жана “Шофердун ыры” тандалып, аткарылган.
СССР  Маданият минис¬трлиги,  Бүткүл союздук Ленин комсомолунун Борбордук комитети жана СССР композиторлор союзунун башкармалыгы август айында Жаштар чыгармачылыгынын кароосун өткөрүп, анда байгелүү орунга илинген авторлордун чыгармалары аткарылган. Кароо сынакка 60ка жакын симфониялык, балеттик, камералык-аспаптык жана вокалдык чыгармаларды тандап алышкан.
Анда 2-даражадагы диплом    Алтынбек Жаныбековдун  Советтер  Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арнап жазган симфониялык  поэ¬ма¬сына ыйгарылган.
1967-жылы апрель айынын аягында Кыргызстан композиторлорунун 4- съезди өтүп,  А.Жаныбековдун “Симфониялык бийлери” аткарылган.
Ушул эле жылы аспирантураны бүтүрүп, кыргыз жергесинде биринчи ачылган искусство инс¬титутунда  жаш композиторлорду окута баштаган. Кийин Кыргыз Улуттук консерватория болуп уюшулган бул окуу жайда  профессор Алтынбек Жаныбеков эң таланттуу композиторлорду  тарбиялады.
Алтынбек Жаныбеков  бардык жанрда чыгармаларды жазды. Токтогул тууралуу,
“Байыркы жерде”, “Менин Кыргызстаным” өңдүү жана Шопоковго арналган бир бөлүмдүү симфониялык поэмалары, бийлери, сүрөттө¬мөлөрү,  камералык  аспаптык, камералык-вокалдык чыгармалары – музыкалык изил¬дөөлөрдү талап кылган чыгармалар. Композитордун стилин, жүзүн  темалары, идея¬лары аркылуу  көрсөтө алган чыгармалар.
Жамила МАМАТОВА,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
музыка изилдөөчү

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25