|
Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары 21 Февраля 2012, 12.41 ... |
|
Айыл чарбасында аткарар иш алдыда Жаңылыктар Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
«Манаста» каралган маселе – тышкы саясат Жаңылыктар Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
Үрөндү биргелешип даярдайбыз Жаңылыктар – Үрөнчүлүк боюнча 68 мамлекет менен байланыштабыз. Жылына 118 млн. доллардык үрөндү экспорттойбуз. 2023-жылга Түркиянын 100 21 Февраля 2012, 12.39 ... |
21.02.2012
Тарыхый материалдарга таянсак кыргыз-өзбек бир атанын - Түрк атанын балдарыбыз. Элибиздин тили деле бир - Түрк тили. Ошондон болсо керек, эч кандай котормочусу жок эле бири-бирибизди түшүнөбүз. Динибиз деле, дилибиз деле бир. Жашаган жерибиз, ичкен суубуз, үстүбүзөгү асманыбыз, дем алган абабыз деле бир.
Кыскасы, бардык жашоо булактарыбыз бир. Илгертен эле азап-тозокту бирге тартып, сүйүнсөк-кубансак да бир болуп, совет бийлигин бирге тосуп алганбыз.
21.02.2012
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин мааракесине арналган бул китепте белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, илимпоздордун, маданияттын ишмерлеринин, журналисттердин жүрөктөн чыккан терең, жылуу пикирлери, баалары, адилет ой толгоолору, эскерүүлөрү ар кандай жанрда чагылдырылган.
Т.Усубалиевдин «Элибизге терең ыраазымын» аттуу китеби 2011-жылдын декабрь айында жарык көргөн. Китеп окуучулардын суроо-талаптарын эске алуу менен эки жолу 1000 нуска, көлөмү 23 басма табак менен басылып чыкты. Төрт бөлүмдөн турат: расмий бөлүм, публицистикалар, поэзия, эскерүүлөр, ой жүгүртүүлөр. 50дөн ашык авторлор катышкан, 40тан ашык фото-сүрөттөр менен коштолгон. Китеп эки жолу тең «Бийиктик» басмасынан басылып чыкты.
21.02.2012
1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы Кыргызстан үчүн оор сыноо болгон. Бирок, анын 10 жылдыгы республикада түзүлгөн кырдаалдан улам өз деңгээлинде белгиленбей калгандыгы өкүндүрөт. Биз ошол кезде Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген, ошол окуяга түздөн түз катышып, эл аралык террористтер менен сүйлөшүү учурунда жана Эгиз-Талаадагы салгылашууда көрсөткөн эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган Курманбек Султановго жолуктук. 1999-жылдагы Баткен окуясында анын ысык-суугун өз башынан кечирген милициянын полковниги ошол учур тууралуу мындай эскерет.
21.02.2012
Кымбаттуу окурман, менин колума калем алып бул макаланы жазууга "Кыргыз Туусу" гезитинин 17-январдагы №3 санына чыккан Сам-сак Станалиевдин "Кыргыз мадания-тынын күн нуру" деген макаласы түрткү болду. Мындай жүрөктүн тереңинен чыгып, сезимди толкуткан, жогорку деңгээлде жазылган макаланы көптөн бери окуй элек элем. Бирок, С.Станалиевдин "К.Тыныстанов кыргыз маданияты-нын күн нуру" – дегени ашыгыраак сезилди мага. Анткени, калган чыгаан уулдарыбыз анда эмненин "нуру" болот? – деген суроо туулбай койбойт. Ошол эле 1937-жылда Тыныстанов менен чогуу, айыпсыз атылып кеткендер кимдер анда?
Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Тыныстановдун эли үчүн курман болгон өмүрү, чыгармачылыгы мактоого татырлык жана түбөлүктүү. Андан ары автор "Биринчи акынын, биринчи жазуучусун, биринчи окумуштуусун атууга жетелеп барган биздей эл бул дүйнөдө бар болду бекен?" – деп бүтүндөй кыргыз элин күнөөлөйт, бул туурабы?
21.02.2012
Моралдык-нравалык теманын азыркы кыргыз драматургиясында өзгөчө социалдык-философиялык жалпылоолорго алынып, новатордук жанрдык-стилдик формада чечмелениши Ч.Айтматовдун казак драматургу К.Мухамеджанов менен биргелешип жазган "Фудзиямада кадыр түн" аттуу жанры боюнча социалдык-психологиялык драмасынан даана көрүндү. Драма нравалуулук проблемасынын кыргыз драматургиясында терең көрүнүшү гана эмес, дүйнөлүк масштабда глобалдуу проблеманы, "канткенде адам улуу адам болот?" маселесин жалпы адамзат алдына курч жана конкреттүү коюшу, дүйнөлүк окурмандарды, көрүүчүлөрдү ынандырышы менен идеялык-эстетикалык жогорку сапатка ээ.
Страница 1 из 145
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25