|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Лос-Анжелесте Грэмми музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, америкалык музыкалык академия 54-жолу өз лауреаттарын атады. Бул жолку салтанаттын жылдызы - 6 номинацияда жеңген британиялык ырчы Адель болуп калды. Анын "Rolling In The Deep" деген композициясы жылдын эң мыкты ыры деп таанылды. Былтыр ноябрда Аделдин тамагынын үн түйүндөрүнө операция жасалып, ошондон бери ырдай элек болчу. Сыйлыкты алып жатканда ырчы аны сакайткан доктурларга ырахматын айта кетти. Аткаруучунун "21" деген ыр жыйнагы да жылдын альбому деген категорияда 1-орунга татыды. Аделдин атаандаштары бул ирет Леди Гага, Кэти Перри, Кени Уэст, Бруно Марс жана башка мегажылдыздар болушту. Академиянын сыйлыктары 1958-жылдан бери тапшырылып келатат. Музыканттар дүйнөсүндө ал кинодогу Оскарга тете сыйлык. 78 категориядагы жеңүүчүлөрдү академиянын мүчөлөрү добуш берүү аркылуу аныкташат.
Грекия: Берген март эмес, алган мартАзыр дүйнөдө карызы жок жашаган мамлекеттер саналуу эле. Бирок үстү-үстүнө үйүлгөн карызы улуттук дүң өндүрүшүнөн 1 жарым эседен ашып кеткен, бүткүл Европаны бейпайга салган Грециянын мисалы башка өлкөлөр үчүн сабак болчудай. Саналуу жыл мурда эле сырттагыларга байманасы ашып-ташып тургандай көрүнгөн, калкы 11 миллиондун тегерегинде экендигине карабай, 10 миллиард доллар сарптап, 2004-жылы Олимпиаданы өткөргөн, футболдук курама командасы да ошол жылы Европанын чемпиондугун жеңип алган Грекия ызы-чуу менен коштолгон ар түрдүү нааразылыктан бир жылдан бери башы чыга элек.
Мухтар Аблязов камалат
Лондондун соту качкында жүргөн казакстандык банкир, мурдагы министр Мухтар Аблязовду "сотту сыйлабаганы" үчүн 22 айга камоо боюнча чечим чыгарды. Лондондогу соттук жараян БТА-банктын арызына байланыштуу, дал ушул банкты мурда Аблязов башкарчу. Сот Аблязовду Британиянын аймагында бир нече ишканалар боюнча маалыматты жашырганы үчүн аны күнөөлүү деп тапты. Мухтар Аблязов Казакстандагы эң ири жеке банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштечү. БТА 2009-жылы улутташтырылып, банкрот деп жарыяланган. 1990-жылдардын аягында Мухтар Аблязов Казакстандын энергетика, өнөр жай жана соода министри болуп иштеген. 1999-жылдан 2002-жылга чейин Аблязовго карата түрдүү жагдайларда кылмыш иши козголгон, ал камакта отурган, 6 жылга кесилген. Бирок президент Нурсултан Назарбаев тарабынан күнөөсү кечирилген, дал ошол учурларда чоң саясатка активдүү аралаша баштаган. БТА-банк Аблязовго каршы 9 арыз менен кайрылган - алардын баарын топтогондо 5 миллиард долларды түзөт. 2011-жылдын июль айында Британиянын өкмөтү Аблязовго саясий башпаанек берген, бирок казак бийликтери аны Казакстанга экстрадициялоо боюнча аракеттерин токтотуша элек. Аблязов өзү өкүм угузулуп жатканда сот отурумуна катышкан жок.
Ыр түркмөндөрдү көтөрүлүшкө чакыруу катары бааланууда
Түркмөнстанда таанымал рэпердин эки жылга кесилишине жана дагы башка чектөөлөргө карабастан, өлкөдө рэп топтору көбөйүүдө. Улам көп сандагы улан-кыздар рэпти турмуш чындыгын жар салуунун ыкмасына айландырып жатышат. Бейрасмий кабарларга караганда, сахнадагы Маро деген аты менен белгилүү болгон Максат Какабаев былтыр январда камакка алынып, 15 күнгө кесилген.Маро кийин эки жылга эркинен ажыратылган жана анын атасы, бир тууганы, алтургай жездеси түрмөгө түшкөн. Анын эмне үчүн кесилгенине бийликтегилер түшүндүрмө берген жок. Бирок журналисттер камакка алууну мамлекет тарабынан уруксат берилген түркмөн улуттук эстрадасынан айырмаланып, Маронун чыгармаларында идеологиялык маселелердин козголгондугу менен байланыштырышат. Маронун бир ыры бийликтегилерди айрыкча чочуткан болушу мүмкүн. "Ойгон, Ойгон!" деген ырын өкмөттөгүлөр түркмөндөрдү көтөрүлүшкө чакыруу катары баалаган болушу толук ыктымал.
«Азаттык» радиосунан, «Кабар» агенттигинен жана интернет булактарынан даярдаган Нурзат Арунова
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25