|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
14.02.2012
Евробиримдик менен кабыл алына турган келишимге ылайык, грек өкмөтү өзүндөгү оор финансылык кризистен чыгыш үчүн 130 млрд.евро жардам алат. Жумурияттын каржы министри Евангелос Венизелос депутаттарга кайрылып, "өлкөнү сактап калыш үчүн" бул чечимди колдоого чакырды. "Биз мамлекетти сактап калышыбыз керек, - деди министр. - Эгер биз антпесек, эл бизди кечирбейт". Бул маселе көптөн бери өлкөнүн өзүндө талаш-тартыштарды жаратып келген. Анткени жардамды алыш үчүн Греция бюджеттик чыгымдарын кескин кыскартышы зарыл. Айлык акынын, пенсиянын өлчөмүн азайтат. Буга зээни кейиген он миңдеген адамдар өкмөттүн кадамдарын айыптап, жекшембиде бир топ шаарларда нааразылык демонстрацияларына чыгышты, бир нече имаратты өрттөштү. Баш калаа Афинадагы демонстранттар полиция менен кагылыша кетип, 80 ашуун адам жаракат алды, алардын 30 - полисмендер. Ондогон адамдар камакка алынды.
Путинди колдогон акциялар өттүПрезиденттикке талапкер Владимир Путинди колдогон акцияларды профсоюздар уюштурууда. "Интерфакс" агенттиги жазган укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Барнаул шаарында 9 миңдей, Читада болсо 2 миңдей киши митингге чыкты. Акциялар "Күчтүү, туруктуу, эгемен Орусия" деген ураан астында өттү. Тула шаарындагы мындай акцияга вице-премьер Дмитрий Рогозин менен ырчы Иосиф Кобзон катышкандыгы кабарланды.
Хакерлер ЦРУнун интернет сайтын бузду
Жума күнү кечинде АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) интернет тармагы бир канча убакыт иштебей калды. "Anonymous" уюшкан хакердик топ мексикалык Camimex тоо-кен иштетүү палатасынын сайтын бузуп, бир катар маанилүү каттарды уурдаганын мойнуна алды. Бир ай мурун "Anonymous" Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросу менен Юстиция министрлигинин сайттарын бузган. Хакерлер түрдүү компьютерлерден бир аталыштагы маалыматтын өтө чоң агымын атайын бир интернет сайтка жиберүү аркылуу аны убактылуу иштен чыгарат.
Бельгияда кыргызстандык сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды
Брюсселдеги вернисажга акыркы он жылда Бельгияда жашаган кыргызстандык сүрөтчү Ибрагим Бакировдун абстрактык стилдеги жыйырма эмгеги жана замандаштарынын онго жакын портреттери коюлду. Алар литографиялык ыкмада сепия (кесек боек) менен тартылган. Брюссель шаарындагы Маркус Мартини атындагы маданий борбордогу көргөзмө бир айга созулат. "Кыргызстандык профессионал сүрөткердин эмгектери аркылуу адамдарды искусствонун керемет дүйнөсүнө кызыктыруу боюнча жаңы саамалыкты баштап жатабыз", - деди көргөзмөнүн куратору Анне Лепере.
АКШда президентке кол салууга аракеттенген өзбек жаран соттолду
Алабама штатындагы сотто 22 жаштагы Улугбек Кодиров Барак Обаманы өлтүрүүгө аракет кылганын мойнуна алды. Эми ал 30 жыл абакка кесилип, 750 миң доллар айып пул төлөшү керек. Жума күнү болгон соттук жыйында Кодиров "Өзбекстан ислам кыймылынын" тапшырмасы менен мындай ишти уюштурууга барганын айтты. Ал Эмир деген каймана ысымы бар адамдан интернет аркылуу тапшырмаларды алып турган. Кодиров өткөн жайда Алабама штатынын Бирмингем шаарынын четинде автомат сатып алууга даярданып жатканда кармалган. Ал курал алып жүргөн, террорчуларга материалдык жардам берген деген негизде айыпталууда. Улугбек Кодиров Кошмо Штаттарга студенттик виза менен жетип, бирок окууга кирген эмес.
«Азаттык» радиосунун, «Кабар» агенттигинин сайттарынан жана интернет
булактарынан даярдаган Дайырбек МЕЙМАНОВ, «Кыргыз Туусу»
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25