|
Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары 21 Февраля 2012, 12.41 ... |
|
Айыл чарбасында аткарар иш алдыда Жаңылыктар Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
«Манаста» каралган маселе – тышкы саясат Жаңылыктар Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
Үрөндү биргелешип даярдайбыз Жаңылыктар – Үрөнчүлүк боюнча 68 мамлекет менен байланыштабыз. Жылына 118 млн. доллардык үрөндү экспорттойбуз. 2023-жылга Түркиянын 100 21 Февраля 2012, 12.39 ... |
21.02.2012
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Латвиядагы референдумдун жыйынтыгы ал өлкөдөгү чыныгы мүдөөсүн чагылдырбайт деп билдирди. Латвиялыктар орус тилине экинчи расмий тил деген макам берүү сунушун четке кагышты. Расмий санактарга караганда, шайлоочулардын 78 пайызы демилгеге каршы оюн билдиришти. Латвия калкынын үчтөн бир бөлүгүн орустар түзүшөт. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө "жаран эмес" деген 319 миңдей орус тилдүүлөр добуш берүү укугунан ажыратылгандыктан, референдумдун жыйынтыгын адилет деп атоого болбойт деп айтылат. Бирок сунушка каршы болгондор латыш тилин эгемендүүлүктүн белгиси катары мүнөздөшөт. Дүйнөдө латышча 1,2 миллион киши сүйлөсө, орус тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 120 миллионго жетет.
21.02.2012
Германиянын канцлери Ангела Меркел оппозиция сунуштаган мурунку Чыгыш Германиядагы диссидент, укук коргоочу, протестант динаятчы Иоахим Гауктун талапкерлигине макул болду. Бул тууралуу жекшембинин кечинде Меркел журналисттерге билдирди. Башкаруучу коалициядагы башка партиялар менен оппозиция өкүлдөрү 17-февралда кызматтан кеткен Кристиан Вульфтун ордуна келчү адамдын талапкерлигин талкуулашкан. Иоахим Гаук 2010-жылы оппозиция тарабынан Германиянын президенттигине талапкерлигин коюп, бирок башкаруучу коалициянын колдоосуна ээ болгон Кристиан Вульфка уттуруп койгон. 72 жаштагы Гаук эки Германия бириккенден кийин Чыгыш Германиянын мамлекеттик коопсуздук кызматынын архивдерин жетектеген. Немистердин таанымал укук коргоочуларынын бири. Германиянын президентине добуш берүү 18-мартка чейин немис парламентинде өтөөрү күтүлүүдө.
21.02.2012
Ирандын Билим берүү министрлиги мындан ары окуу китептерин кыздар менен балдар үчүн өзүнчө басып чыгарарын жарыялады. 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан кийин Иранда окуучуларды жынысы боюнча бөлүү, же сегрегация жараяны кеңири тарай баштаган. 16-январда өткөн маалымат жыйынында Ирандын орто билим берүү министри Хамидреза Хаджибабаи жакындан тарта мектеп китептери "Ислам жумуриятынын билим берүү системасына ылайыкташтырылып чыгарылат" деп билдирди. Башкача айтканда, кыздар менен балдар ар башка китептер боюнча окутулат.
21.02.2012
Лос-Анжелесте Грэмми музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, америкалык музыкалык академия 54-жолу өз лауреаттарын атады. Бул жолку салтанаттын жылдызы - 6 номинацияда жеңген британиялык ырчы Адель болуп калды. Анын "Rolling In The Deep" деген композициясы жылдын эң мыкты ыры деп таанылды. Былтыр ноябрда Аделдин тамагынын үн түйүндөрүнө операция жасалып, ошондон бери ырдай элек болчу. Сыйлыкты алып жатканда ырчы аны сакайткан доктурларга ырахматын айта кетти. Аткаруучунун "21" деген ыр жыйнагы да жылдын альбому деген категорияда 1-орунга татыды. Аделдин атаандаштары бул ирет Леди Гага, Кэти Перри, Кени Уэст, Бруно Марс жана башка мегажылдыздар болушту. Академиянын сыйлыктары 1958-жылдан бери тапшырылып келатат. Музыканттар дүйнөсүндө ал кинодогу Оскарга тете сыйлык. 78 категориядагы жеңүүчүлөрдү академиянын мүчөлөрү добуш берүү аркылуу аныкташат.
Страница 1 из 71
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25