Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары
21 Февраля 2012, 12.41 ...
Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз
21 Февраля 2012, 12.40 ...
Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык
21 Февраля 2012, 12.40 ...
– Үрөнчүлүк боюнча 68 мамлекет менен байланыш­табыз. Жылына 118 млн. дол­лардык үрөндү экспорт­тойбуз. 2023-жылга Түркиянын 100
21 Февраля 2012, 12.39 ...

Апта суроосу

Жогорку кеўеш єз милдетин жакшы аткарып жатабы?



 

kyrgyzsalam
header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                      

КИБ "ИШЕНИМ"      

aktilek

 

           

Банктан маалымат

Информер валют по НБКР с сайта exchange.kg

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3

«Кыргызстандын өнүгүшүнө коррупция, улутчулдук, маңкуртчулук бөгөт болууда»

21.02.2012

dosbabГезитибиздин мурдагы санында белгилегендей,  17-февралда түштөн кийин Өлкө башчысы  Алмазбек Атамбаев  Ош мамлекеттик университетинин,  Ош технологиялык университетинин жана Оштогу гуманитардык педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулар жамааты, студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Президент: "Баарыбыздын жүрөгүбүздү ооруткан бир нерсе бар, ал – Кыргызстандын келечеги, элибиздин келечеги. Кыргызстан бизге, кыргызстандыктарга гана керек. Кыргызстандагы тынччылык дагы өзүбүзгө гана керек, мен эртең эле коммунизм болуп кетет дегенден алысмын, тескерисинче азыр Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоол болуп турган көп факторлор бар. Анын бири катары мен өзгөчө коррупцияны белгилейт элем. Улутчулдук жана маңкуртчулук экенин айтат элем. Ушул үч нерсе Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоол болууда",- деп баса белгиледи.

Уландысы...

   

Бардык кайрылууга көңүл бурулат

21.02.2012

SAGbabab“Акыркы мезгилде коррупция боюнча 57 кылмыш иши козголуп, 6 кылмыш иши Өкмөттүн Коррупцияга каршы сайты аркылуу кайрылуулардын негизинде ачылды. Азыркы тапта тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Жарандардын активдүүлүгү артып жаткандыгын белгилеп коюу керек, бизге ишеним телефондоруна, Коррупцияга каршы сайт аркылуу кайрылган жарандардын саны көбөйүүдө. Биз козголгон кылмыш иштерин аягына чыгаруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз”, – деди ички иштер министри З.Рысалиев Премьер-министр менен жолугушуу учурунда (сүрөттө).

Министр жакын арада ИИМдин ишеним телефондору көр­сөтүлгөн рекламалык жарнактар шаар боюнча илине тургандыгын маалымдады.

Уландысы...

   

Ош шаарынын эртеңи эмне болот?

21.02.2012

OshshЖер чоюла бергидей желим эмес

Өлкөбүздө эгемендүүлүктүн таңы атаар мезгилдеги 90-жылдагы Ош шаарыбыздын тарыхында жазылган кыргыз-өзбек кагылышынын себеби жер талаштан келип чыкты деп ошол учурдагы чоңдорубуз оозу-мурду кыйшайбай тыянак чыгарышкан.

Ал коогалаңдын келип чыгышынын башкы себебинин тамыры таптакыр башкада экендигин мына, туптуура жыйырма жыл өткөндө кайрадан дагы көрбөдүкпү. Ошентсе да ал жылдарда Ошто да турак-жай курууга жерге муктаж жаштардын талабын канааттандыралы деп канчалаган сугат жерлерди садага чаап жаңы конуштарды түптөгөнгө жетиштик! Кайран гана жаңы конуштар!

Уландысы...

   

Сейит ЖЕТИМИШЕВ Кыял кайрыктары

21.02.2012

JetimishevЗамандаш кандай көрсөң сенин ишиң,

Оюмду ойноктотпой айткан үчүн.

Кудайга ыраазымын берген мага,

Чындыкты чыдап айтар үлүш-күчүн.

 Ал күчтү камап-матап күйүнтпөймүн,

Күч менен эл көйгөйүн үгүттөймүн.

Көйгөйлөр көлдүн жыбыр толкунундай,

Көрбөйт деп көй кашка элди түңүлтпөймүн.

Уландысы...

   

“Сары-Челек”... санамы

21.02.2012

Sarichelek“Сулууга бүткөн кал окшойт” – бул ыр жыйнагым мындан бир жыл мурда жарык көргөн эле. Анда акын Жоомарттын: Суналган төрдө чалкар көл, Сулууга бүткөн кал окшойт – деген ыр саптары китептин аты да, бет ачаары да болгон. Бул элестүү, жандуу салыштыруу бала кезимден тарта сезимиме кыттай уюп, кыздардын жүздөрүнөн кал көргөн сайын, кыргыз жергесинин “үч калы” – Ысык-Көлү, Соң-Көлү, Чатыр-Көлү жан жаханымда чайпала бере турган. Акыры алар ыр толкундарына айланып олтурат. Бул чакан жыйнагымдын кол жазмасын окуп чыгышкан алтын уч калемгерлер, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев учурунда ак баталарын да беришкен. Аны окурмандар жыйнактын алгач беттеринен окушкандыр. Үзүндүлөр да келтире кетмекмин. Анда устатым Сүйүнбай: “Адабиятта өз тили, өз үнү бар таланттуу акын Нурпаис Жаркынбай кыргыз элинин сыймыгы болгон айтылуу Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көлдүн кимди болсо суктандырчу кооздугун, алардын ар биринин өзгөчөлүгүн бийик эргүү, кылдат сезгич жүрөк менен даңазалайт”.

Уландысы...

   

Страница 1 из 152

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25