|
Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары 21 Февраля 2012, 12.41 ... |
|
Айыл чарбасында аткарар иш алдыда Жаңылыктар Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
«Манаста» каралган маселе – тышкы саясат Жаңылыктар Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
Үрөндү биргелешип даярдайбыз Жаңылыктар – Үрөнчүлүк боюнча 68 мамлекет менен байланыштабыз. Жылына 118 млн. доллардык үрөндү экспорттойбуз. 2023-жылга Түркиянын 100 21 Февраля 2012, 12.39 ... |
Азыркы “Кыргыз Туусу” гезити Ишеналы Арабаев баш болгон кыргыздын ошол кездеги билимдүү, мекенчил чыгаан уулдары тарабынан 1924-жылы уюштурулуп, “Эркин Тоо“ деген аталышта
№1 саны 7-ноябрда Ташкент шаарында жарык көргөн.
Улуттук тунгуч гезит 1924-1927-жылдары кыргыз тилине ылайыкташтырылып реформаланган араб тамгасы менен чыгып турган.
“Эркин Тоонун” биринчи редактору Осмонкул Алиев 1924-1926- жылдар аралыгында улуттук тунгуч гезитке биринчи редактор болгон.
Кыргыз тилиндеги гезитти чыгаруунун негизги демилгечиси Ишеналы Арабаев гезиттин 7-ноябрдагы №1 санына жарыяланган “Эркин Тоо” деп аталган макаласында мындай деп жазат: “Кыргыздын көңүлүнө эң ыйык туюлуп, эң кызык көрүнгөн нерсе-баарынан мурда – Эркиндик, экинчиси- Тоо... Эркиндик менен Тоону кошуп, “Эркин Тоо” деп атадык. Мына ушуну бек карма кыргыз, бек карма”.
Улуттук тунгуч гезитибиз 1927-жылы “Кызыл Кыргызстан” деген аталышка которулуп, 1956-жылга чейин ушул аталышта латын тамгасы менен чыгып келген. Чындыгында кыргыз жазуусун араб тамгасынан латын тамгасына которууда Касым Тыныстановдун сиңирген эмгеги аябагандай зор. Гезитке 1925-жылы Касым Тыныстанов үчүнчү редактор болгон.
“Эркин Тоонун” биринчи санын чыгарууга катышкан Сыдык Карачев алты жыл бою гезитте жооптуу катчы болуп иштеген. Бул киши кыргыздан чыккан алгачкы кесипкөй журналист болгондуктан, кыргыздын адабиятын, маданиятын түптөөгө көп эмгек сиңиргенин улуу муундагылар өтө сүймөнчүлүк менен эскеришет.
“Эркин Тоого” аз эле иштесе да, Чыңгыз Айтматовдун атасы- Төрөкул Айтматов гезиттин торолушуна олуттуу эмгек сиңирген.
Гезитти 1925-1927-жылдар аралыгында Шарип Көкөнов үч жолу, 1927-жылы Баялы Исакеев үч ирет, 1927-1936-жылдары Калим Рахматуллин үч мертебе жетектеген.
1955-1956-жылдары “Кызыл Кыргызстан” – “Советтик Кыргызстан” аталып, орус тамгасы менен чыга баштаган гезитке Турдакун Усубалиев, 1956-1958-жылдары Асанбек Токомбаев, андан кийин, 1963-жылга чейин Тургунбек Суванбердиев редактор болушкан.
1958-жылы 15-августта гезиттин 34 жыл ичинде элге сиңирген эмгеги бааланып жана жана 10 000-саны жарыкка чыккандыгына байланыштуу, СССР Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгына ылайык, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
1963-жылдан 1970-жылга чейин Насырынбек Жаналиев, андан соң 1972-жылга чейин Анаш Абакиров тунгуч гезитти жетектешкен.
Ал эми, 1972- 1986 –жылдар аралыгында Жаныбек Турсунов редактор болуп турган кезде гезиттин нускасы 200 миңге чейин жеткен. Гезиттин 50, 60 жылдыгын майрамдоо да Жаныбек Жумалиевичтин бактысына туш келген.
Гезитти 1986-1993-жылдарда Тилектеш Ишемкулов, андан кийин 1996-жылга чейин Курманбек Раматов жетектеген. Айта кетүүчү нерсе, гезитти компьютерлештирүү Курманбек Раматов редактор болуп турганда башталган.
1993-1994-жана 1996-2005-жылдары Абдиламит Матисаков гезитке эки ирет редакторлук кылган. Гезитти ал жетектеп турган жылдары тунгуч басылмананын 75, 80 жылдыгы белгиленген.
2005-2006-жылдары гезитти Бакытбек Орунбеков жетектеген.
Гезитке 2006-2008- жылдары Жедигер Саалаев, андан соң, 2010- жылдын май айына чейин Кыяс Молдокасымов редакторлук кылышкан.
Ал эми, 2010- жылдын май айынан баштап, улуттук тунгуч гезит - “Кыргыз Туусун” кайрадан Бакытбек Орунбеков жетектөөдө.
1924-жылдан ушул кезге чейин “Эркин Тоонун” мураскери “Кыргыз Туусу” гезитинде 30дан ашуун редактор эмгектенген. Кесипкөй адистердин алтын уясы - кадрларды даядоонун устаканасы - азыркы “Кыргыз Туусу” тарбиялап чыгарган кыргыздын чыгаан уул, кыздарынын бардыгы дээрлик калайык-калкка кеңири белгилүү коомдук, мамлекеттик жана саясый ишмерлерден болушкан. Тунгуч гезиттин жетекчилери тууралуу анын 80 жылдыгына арналып, редакциянын жардамы менен жарык көргөн Мундузбек Тентимишев жазган “Кыргыз Туусу” XXI кылым гезити“ деп аталган көлөмдүү китепте толук баяндалган.
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25