|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Кыргыз элинин улуу руху, туу чокусу болгон “Манас” куту улук эл төрөсүнүн эстелигин, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун эстелигин “Ала-Тоо” аянтына маңдай-тескей каратып тургузулган күн эң сыймыктуу жана түбөлүктүү.
Байкап көрсөк, Манас атабыз “курама жыйып журт кылган, кулалы таптап куш кылган” өлбөс-өчпөс рухунан, түбөлүк урабас эмгектеринен кураштырып, акылында кеми жок, Ааламда теңдеши жок акылмандык алоо жүрөктүн табына кактап, ширетип мезгилге көпүрө салып, аны мүрүсүнө коюп мүргүбөй көтөрүп тургансыйт.
Бул эки улуу инсан “Ала-Тоо” аянтына бет-маңдай каратып турган күч сөздүн кереметинде же жөн гана эстелик болсун деген жери жок, кала берсе, Чыңгыз ата өзү айткандай “Манас” менин жанымда жүрөт дегениндей бул эки улуу инсан караандаш болгон, туу кылган максатынан, эңсеген идеалынан кайтпай жашоонун бардык касирет-кайгысына кайыл болуп, атүгүл ажалдан да жазганбай, тике даап барышкан.Биз, кыргыздар, дал ушул акылында кеми жок, Ааламда теңдеши жок кеменгер Манастын уркунан (тукумунан) кыраан Чыңгыздын элинен болобуз. “Манас” эстелиги дайыма кыймыл-аракеттин, дайыма жандуу организмдин касиетине ээ мындай баа жеткис асылзат өткөн маданий эстеликтин чегинен чыгып, түз эле азыркы учурдун талабына шайма-шай
жооп берген жандуу эстелик.
Чыңгыз ата болсо көзү ачык, көкүрөгү тунук, таланттуу, биз сыймыктана турган залкар жазуучу. Кыргыз жергесиндеги көп чүкөнүн сакасынын сакасы, жазуучунун сарасы болгон. Ошондуктан биздин терең ишенимибизде Чыңгыз атаны канча бийиктетип, көкөлөтүп, даңазалап айтканга акылуубуз. Чыңгыз Айтматов талантынын күчү менен тарыхтын жазуучулук (адабияттык) көпүрөсүнө түбөлүк түркүк болуп калган жазуучу.
Бул эки улуу инсандын эстелиги менен, тактап айтканда, кыргыз элинин улуу рухунун туу чокусу “Манас” менен залкар жазуучу Чыңгыздын элеси аркылуу биз кыргыз элинин атынан өмүрдүн түпкү маанисин, башкы муратын элге кызмат кылуу, “эли үчүн эр өлөт, эр өлбөсө эли өлөт” деген макал бекеринен айтылбаган, асыл идеяны көрсөтмөкчүбүз.
Мындан ары элибиздин баскан жолу шар болот, душмандын жолу тар болот, биздин ортобузду алыстатып, бөлүп турган эч нерсе жок болот. Тескерисинче, бардык иште биргебиз: эмгегибиз бир, күрөшүбүз бир, дилибиз бир. Улутубуз – кыргыз, урааныбыз – Манас!
Асаналы ХАЛИЛ уулу, манасчы
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25