|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жаңыбай Жунусбековдун өзүнүн айтымында Россиянын кыш чилдесинде Россиянын сазында жатып калган жеринде карагайдын бутактары биринчи жолу аман алып калган экен. “А экинчисинде врачтар айыктыра алышпай койгондо, өзүмдү чөптөр жана арча менен дарылап алдым”, – дейт ардагер.
Ж.Жунусбеков 1943-жылы март айында 18 жашында майданга аттанат.
– Кийинки жылдын 18-январында чабуулга чыгып, бирок немистердин катуу каршылыгынан кийин токойдо сазда 12 сутка коргонуп жатууга аргасыз болдук, -дейт ардагер. – Жан керек экен суукка кайышсак да баш көтөрө албадык.
Түнкүсүн жанымдагы орус жоокер экөөбүз карагайлардын бутактарынан сындырып, аларды алдыбызга төшөп алдык. 1-февралда кайрадан чабуулга чыгып, ошондо орус жолдошумдун эки бутуна тең ок тийип жатып калды. Аны каралап мен да калдым.Ал менден атып салуумду суранды, мен болбодум. Ошентип аны плащ-палаткага салып алып, төрт сутка ачка жүрүп, токойдон алып чыктым. Ошондо өзүмө да катуу суук тийген экен, ооруп калып, дарыланып айыкпагандан кийин жайында демобилизацияланып айылга келдим.
Ардагердин жашоосу айылдык кыргыздардан айырмаланып турат. Анын мончосу, анда ваннасы бар экен. Мончонун шыбында арча бутактары илинип, түркүн дары чөптөр кыстарылып турат.
– Арча миң жыл жашайт, – дейт Жаңыбай аксакал. –Азыр мен арча салынган ваннаны дайыма кабыл алам. Мына ушул мени узак жашатып келет.
Чынында эле Жаңыбай аксакал азыр 88ге келсе да тың. Тамаша-чынды аралаштырып сүйлөйт. Бизге да согуштан кийинки жа-
шоосу жөнүндө айтып берди. Согуштан кийин өзү туулуп-өскөн Талас өрөөнүндөгү Үрмарал айылына келип, 10 айлык курстан өткөн соң 11 колхозду тейлеген агроном болуп иштейт. Райондогу алгачкы тракторду да айдаган. Кийин дагы 2 айлык курстан өтүп келип, райондогу бардык 27 колхозду тейлеген агроном болот. Андан соң облустук элге билим берүү башкармалыгында жооптуу кызматкер, “Үрмарал” колхозунда башкы агроном болуп үзүрлүү иштеп жүрүп пенсияга чыккан.
Анын турмушундагы дагы бир кызык окуясы – ошол кезде Талас өрөөнүнө көчүрүлүп барган чечендердин кызына ашык болуп калып үйлөнгөндөгүсү. Сүйлөшүп жүргөн кызы Зуура, аны чечендердин салты боюнча уурдап кетип, 3-4 күн таптырбай бекитип коюусун суранат. Ошентип дагы бир интернационалдуу үй-бүлө жаралып, алар 1 кыз,2 уулдуу болушат. Азыр да ынтымактуу жашап келишет.
Улуу Ата Мекендик согуштун арабызда суюлуп бара жаткан ардагерлеринин биринин таржымалы мына ушундай.
Аскар МАМЫШЕВ, Бакай-Ата району
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25