Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

Ууруларга укурук салынаар бекен?

Борбор шаарыбыз Бишкекте азыркы кыйын заманда өзгөчө чөнтөк кесерлер менен квартира уурулары күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бул ырайымсыз, уяты жок уурулардан кандай кылып, эмне кылганда арылабыз. Деги булардан кутулуунун айласы барбы? Же булар “кармалбаган ууру, ууру эмес” дегендей, өз каалагандарын жасап, элди кууратып жүрө береби, же буларга мыйзам жокпу?

Азыр элдин көп­чүлүгү, мисалга 65-70%ы кыйынчылык абалда жашашат. Жумушу бары иштейт, жогу “ат өлбө, араба сынба” дегендей эптеп-септеп күндөлүк турмушун өткөрүүнүн аракетинде ар кандай убактылуу иш­терде иштеп жүрүшөт.

Ар бир квартирага үйгө бир кишини дайыма жипсиз байлап коюунун өзү кыйын. Ошондон пайдаланган уяты жок, даяр оокатка көнгөн уурулар күндүзүбү же кечкисинби байкап туруп кирет да, баары-жокту бүлдүрүп, эшик-терезени сындырып, көзгө сүртүп жүргөн кымбат баалуу буюмдарды алып кетишет.

Мындай “профессионал” мыкаачы ууруларга үй-квартирасын тонотуп, азапка түшүп көргөн кишилер биздин борбор шаарда көп, жүздөп саналат. Мен угуп билгендерден эле ТЭЦ району жактагы уурдалган квартиралардан эки-үчөөнү билем. Мисалы, Чүй проспектисиндеги № 43 үйдө уурулук тез-тез кайталанып турат. Өткөн 2010-жылы № 1 квартираны кайсы айда экени эсимде жок, түнү кирип, бары-жогун алып кеткени менен, алиге чейин алар тууралуу чеке жылыта турган эч нерсе айтыла элек. Ошол эле үйдүн № 2 квартирасынын быйыл мындан эки–эки жарым ай мурда күндүз эле саат эки чендерде бардык кымбат баалуу нерселерин уурдап кетип, табылбай тынчып кеткени абдан өкүнүчтүү.

Мындай практикасы ашкан “профессионал” уурулар жеке менчик үйлөрдү да эстен чыгарбай бат-бат тоноп турат. Сөзүбүз куру болбос үчүн мисалга токтолсок, Биринчи май районундагы Харьков көчөсүндөгү бир-эки менчик үйлөрдү 2011-жылдын февраль-март айларында тоногонун биздин № 13 участоктун участкалык милициялары да жакшы билсе керек. Эми ошондой эле чөнтөк кесерлерге келсек, аларга эч эле айла жок. Аларды кадам сайын учуратсак болот. Мындай профессионал ууру, чөнтөк кескичтерге бир айла табылаар бекен? Качанга  чейин “Өзүңө этият болуп, кошунаңды ууру тутпа” деп тынчсызданып жүрө беребиз.

Абдылда УМАРОВ, Бишкек шары

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25