|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
14.02.2012
“Кыргыз Туусунун” кабарчысы Кубатбек Осмоновдун “Зордукчулдарга амал жокпу?” деген макаласында айткандардын көп жерине нааразымын. Анын соттун чечими жок эле мени кылмышкер катары жарыя кылганы менин абийириме, ден соолугума доо кетирди.
Биз сыйлаган олуттуу “Кыргыз Туусу” гезитинин ушундай такталбаган маалыматтарды сүрөтүм менен кошуп чыгарганы өкүнүчтүү. К.Осмонов макала жазып жатканда мени менен сүйлөшүп, менин оюмду да угуп койсо болмок. Ошондуктан анын макаласы бир жактуу, бирөөлөрдүн кызыкчылыктары үчүн жазылган болуп калган. Ал прокуратура кызматкерлерине кошулуп алып, мени сот чечими жок эле кылмышкер кылып жатат.
Сокулук райондук сотунун өткөн жылдын 14-ноябрындагы чечиминде, Чүй облустук сотунун административдик жана жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 25-январдагы аныктамасында тергөө иштер чала жүргүзүлгөнү аныкталып, ошолорду четтетүү, ишти калыс жана ар тараптуу тергөө үчүн кайрадан тергөө органдарына жөнөтүү көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, азырынча менин күнөөлүү же күнөөлүү эмес экендигим сот тарабынан аныктала элек.Менин жашым алтымыштан ашты. Өмүр бою жетекчилик кызматтарда иштеп, эл үчүн эмгектенип келгенмин, биринчи жолу ушундай чатак кырдаалга туш болуп отурамын. Анан жок жерден жаманатты болуп отурсаң, капа болот экенсиң.
Ошондуктан “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Бакытбек Орунбековдон бул макала боюнча териштирип, туура жыйынтык чыгарууну өтүнөм.
Шейшенбек САДАЛИЕВ, Сокулук району
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25