Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

Базардагы алдамчы “электрондук” таразалар

Дайыма элди алдап жүргөн атамекендик таразалардан кутулганыбызга беш-алты жылдан ашып, так, туура иштеген электрондук таразалар пайда болуп, базарга барганда элдин көңүлдөрү тынчып калган эле. Мына эми буюрса заводдун чыгарган электрондук так иштеген таразалары деп, кубанышкан болчу. Бирок ал кубаныч көпкө созулган жок.

Адам баласынан эч нерсе качып кутулбайт экен. Ушул электрондук таразалардын да айласын таап, “алдамчылык академиясын” бүтүргөн уятсыздар алдай турган кылып жасап коёт экен.

Эгер майда-чүйдө товар алсаң, бир кишиден жок дегенде 150 граммдан 250 граммга, эгерде кап менен, же ящиктеп сабиз, пияз, картөшкө алсаң, көзүңдү бакырайтып каратып туруп эле 5-6 килограммды алдап коёт экен. Мисалы, Ош базарында көп эле товарлар тартылып сатылат. Сатуучулардын көпчүлүгүндө эле электрондук таразалар. Алардын 70-80%ы туура эмес алдамчы таразалар.

Алып сатар мурдагы чайкоочу, азыркы урматтуу коммерсанттардан эмес, дүң сатылчу базардан конфет, балык, тоок этин жана башка нерселерди алып жатып, “эмне баалар башкача, базардын 100-150 метрче ары жагында 3-4 сомго арзан, силердики кымбат” десем, “алардын таразасы туура эмес”, “кандайча, экөө тең эле бирдей электрондук таразалар эмеспи” десем, “алар атайы жасалган таразалар” десе болобу. Эгер ишенбесең текшерип көр деди.

Дагы бир айта кете турган нерсе, дүңүнөн сатылчу дүкөн, база товардык точкаларда пачка, коробкасы менен тоок этин сатып алганда байкагыла, алардын жалпы салмагы 15 кг.дын тегерегинде, бирок аларды ачып, 1-2 кг.га чейин муз салып коёт экен. Бул эмне деген шумдук, кандай уятсыздык.

Деги булар акча десе, өзүн да, ата-энесин да сатып жиберүүгө даярбы деп да ойлоп кетесиң. Же буларды көзөмөлдөп карап, жазалай турган кишилер жокпу? Карап туруп, кайра эле союздун жакшы күндөрү эсиңе келет. Ал кезде алдамчы сатуучуларга күн жок болчу. Алардын сазайын ОБХССтер гана берчү. Азыр эми жакшы, андай текшерүүчүлөр жок. Ар ким өз билген намазын окуп жатат. Бул жерде бир гана кызыктуу суроо туулат, качанга чейин мындай нерселер улана берет.

Абдылда УМАРОВ, Бишкек шары

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25