|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
14.02.2012
Талас элдик театры 1964-жылы Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалованын буйругу менен элдик театр деген статуска ээ болуп ачылган. Анткени ошол жылы Фрунзе шаарында өткөрүлгөн фестивалда биринчи орунду жеңип алган. Бул кароо-сынакка алар драматург Токтоболот Абдумомуновдун “Билсең, азил, билбесең чын” деген пьесасын алып чыгышкан. Пьесаны 1961-жылдан тартып Талас райондук маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштеген Назарбек Камчыбеков койгон. Деги Назарбек Камчыбеков деген ким болгон, анын таланты туурасында окурман журтуна кыскача баян этели.
Назарбек Камчыбеков ырчы, комузчу, акын гана болбостон, мыкты артист, режиссёр-коюучу болгон. Айталык, Бексултан Жакиевдин “Алтын аягында” Меке чалдын, “Кайгылуу Какейде” Чоюбектин ролдорун ийине жеткире иштеп, көрүүчүлөрдүн терең ыраазычылыгына арзыган. Назарбек Камчыбеков баш-аягы алтымышка жакын каармандардын ролун жараткан. Алардын ичинде “Кыз качканда” (автору Калканбай Ашымбаев), “Жоголгон комуз”, “Мен дагы бирөөнүн баласымын” (автору Райкан Шүкүрбеков) чыгармаларын мисалга алсак болот. Ошондой эле “Кара кум” драмасында Дөөтбайдын, Ч.Айтматовдун “Бетме-бетинде” Курман-Назарбек Камчыбеков өз убагында кыргыздын чыгаан таланттары Алымкул Үсөнбаев, Ашыралы Айталиев, Шекербек Шеркулов менен бир жүрүп, залкарлардын мектебинен өткөн.
2003-жылы Астанада өткөн казак-кыргыз эл аралык акындардын айтышында Ардак грамота менен сыйланган.
Өмүрүнүн акыркы жылдарында Кыргыз Республикасынын манасчылар, төкмө акындар ассоциациясынын Талас облусу боюнча устат-мугалим болуп иштеген. Ал кайда болбосун өнөр жаатындагы “көзүрлөрдүн бири” экендигин толук далилдеген “Төкмө акын” деген ардактуу наамдын ээси эле. “Колдо бар алтындын баркы жок” демекчи, өнөр адамдарына астейдил баа бере албай келатканыбызды моюнга алуубуз абзел.
Айтайын дегеним, Назарбек Камчыбековдун тубаса талантына, ар кыл өнөрүнө өз убагында акыйкат баа берилген жок. Бул иште Талас облустук маданият башкармасынын жетекчиси Кубан Эстебесов калыс мамиле жасабай “Кыргыз эл артисти” деген наамга көрсөтпөй, татыктуу адамды басмырлап келген. Ал тургай “Эмгек сиңирген артист” деген наамга сунуштаганга жарабады. Беш-алты ырды кыйшаңдап аткарган “аска тоосу барлар” деле эмгек сиңирген артист болуп жатышпайбы. Ал эми чейрек кылым, же жарым кылым бою чарчабай, чаалыкпай иштеген бизге окшогондор четте калып жатпайлыбы. Залкар акын Аалыкем “Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин” деп бекер айтпагандыр.
Аскарбек ИМАНБЕКОВ, акын-жазуучу, журналист
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25