|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
10.02.2012
Мына жакынкы күндөрү өзүмдү дени-карды соо адам сезгенимдин үчүнчү жазы толот, а мен болсом дагы эле отуз жылдан ашык эсимди оодарып, үй-бүлөмдү кошо кыйнап келген оорудан жеңил кутулганыма ишене албай жүрөм. Өзгөчө, акыркы жылдары жүрөктүн тез уруп кетүүлөрү күчөгөндөндүктөн, келечегим кандай болоор экен, – деген кооптуу ойлор тынчымды кетирип, бир топ түйшөлткөнүн, айтпасам да түшүнүктүүдүр.
Ошондой, кыйналып жүргөн күндөрдүн биринде, – «Түркия мамлекетинде кыргыздын бир чыгаан уулу, Талант Батыралиев деген дарыгер жигит бар экен.
Ал европада кардиолог катары абдан бийик бааланып, клиниканы жетектейт экен, биздин өлкөгө миллион долларга келген гумжардамды да ошол уюштуруптур. Убагында кыргыз дарыгерлерине салтанаттуу тапшырылган жүрөккө операция жасай турган шаймандар да ошол аркылуу келиптир, мына жакында мыкты адистерден топ түзүп, Кыргызстанга жардам берүүгө жиберет экен» – деген сөздөрдү угуп калдым. Тактап келсем, бардыгы чын экен, меники сымал ооруларга операция жасай турган кардиологдордун келишине үч күн калыптыр. Кудай жалгап, ошолорго көрүнө тургандардын тизмесине кирип калдым.Рахмат сага иним. Бар экенсиң, Манас бабабыздын урпагы, элдин уулу экенсиң! Мага окшогон канча кишинин жанын кыйнаган оорусун алып таштоо менен оор түйшүктөн эле арылтып койбой, келечегине үмүттүн эшигин ачтың, митедей оюган сарсанаадан кутултуп, көңүлүн сергиттиң, алардын жакын адамдарын сүйүнттүң. Мындан ашкан соопчулук, адамга болгон ак ниет жардам болобу?
Элдин уулу дегеним – сенин «Элим! Өлкөм!» деген асыл сезимиңе, ар-бир жасаган ишинин ажарын ачкан устаттыгыңа мен сыяктуу ыраазы болгон адамдардын көптүгүнөн айтып жатам. Бөтөн эл, бөлөк жерде ирденип кетиш гана эмес, ошол элдин кадыр-баркына ээ болуп, адистерин жетектеп, мекендештериме жардам кылайын деп ошол элдин Барбаросс аттуу профессорлорун бригадасы менен Кыргызстанга жөнөтүш, оңой адамдын колунан келе бербейт. Баракелде! Ылайым өркүнүң өссүн! Алла таалам ак жолуңдү ачып, өмүрүңү берсин. Сендей уулу бар экенин адистер же жабыркагандар гана эмес, бүтүн кыргыз билсин, сыймыктансын, – деп ушул катымды баарыбыздын сүйүктүү гезитибиз «Кыргыз
Туусу» аркылуу жиберип жатам.
Мелис ШАРШЕНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын эл артисти, профессор
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25