|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Кара-Балтада каадалуу иштер көп
Жайыл районунун маданият үйүндө Кара-Балта шаар мэринин 2011-жылдагы шаардын экономикалык-социалдык жактан өнүгүшү боюнча отчеттук жыйыны өткөрүлдү.
Шаар мэри Д.Шабдановдун 6 ай иштегенине карабастан жыл жыйынтыгы эң жакшы аяктап, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү боюнча бир канча иш чаралар аткарылган. Алсак, В.Н.Шатик жетектеген ардагерлер кеңеши, окутуу жана үйрөтүү борбору, 58 кварталдык, 280 үй комитеттери, 24 өкмөттүк уюмдар, Кызыл жарым ай коому ж.б. көптөгөн уюмдар шаардын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишет.
Инвестиция тартуу боюнча АРИС программасы аркылуу 4 млн. сомго жакын иш аткарылып, “Грондиши” компаниясы аркылуу 5 млн. еврого шаардык суу тармактары оңдолмокчу. Шаар ишкерлери үчүн 7 млн. сомдук кепилдик фонду иштеп келет. Шаарды жашылдандыруунун 3 айлык жүрүшүндө 100дөн ашык уюмдар, 35 миңден ашык адамдар катышып, 1070 миң сомдук иштер жасалган. Өткөн жылы өнөр жай ишканаларында 46930 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, план 135%га аткарылып, өсүү ыргагы 2010-жылга салыштырганда 425%ды түзгөн. Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү да унутта калбады. Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 2176 миң сом, карылар күнүнө 441 миң сом, майыптар күнүнө 130 миң сом бөлүнүп берилген.Болот ЖУМАГУЛОВ
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25