|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Социалдык колдоонун бир айлыгы
Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Ж.Раззаков 20-февралдан 20-мартка чейин Баткен облусунун аймагында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгын өткөрүүнү жарыялады.
Бир айлыктын жүрүшүндө социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү боюнча, калктын социалдык жактан корголбогон катмарына социалдык колдоо жана бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акциялары жүргүзүлөт. Аз камсыз болгон улгайган адамдарга акысыз негизде турмуш-тиричиликтик, медициналык жана юридикалык кызматтар көрсөтүлүп, мектеп-интернаттарына, жатак-үйлөргө, үй-бүлөнү, балдарды колдоо жана реабилитациялык борборлоруна, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык жактан колдоолор болот.
Эң башкысы – туруктуулукӨткөн жумада Лейлек районунун акими Т.Арипов райондун активи менен жолугуп, жалпы аткарылуучу иштердин негизги багыттарын аныктоо жана тармактар боюнча ишмердүүлүктү жандандыруу жөнүндө маселе карап, 2012-жылга аткара турган милдеттер туурасында талкуулашты.
Райондун аймагында саясий туруктуулукту сактоо, улуттар арасындагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү, айыл округдарда, ар бир мекеме-уюмдарда бекем эмгек тартибин орнотуу, көзөмөлгө алуу, жаштарды иш менен камсыз кылуу негизги багыт болмокчу.
«Лейлек» эркин экономикалык аймагына 100 гектар жер ажыратылып берилгенин, буга ишкерлер келип иштөөсүнө колдоо көрсөтүп, өндүрүлгөн продукцияны дүйнөлүк экспортко чыгарууга жетишүү, ар бир айылда балдар бакчаларын ачууга жетишүү туурасында сөз болду. Жыйынтыгында жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө активдүү даярдык менен баруу, айыл чарба техникаларын даярдоо, дыйкандарды күйүүчү-майлоочу май, үрөн, жер семирткичтер менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керектиги эскертилди.
Врачтар кыргыз тилине өтүштү
Азыркы кезде мамлекетибизде көптөгөн тармактар иш-кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзгөндүгү белгилүү. Бирок медицина тармагынын кыргыз тилине өтүшү кечеңдеп келаткан. Мына ушул кемчиликти Баткен дубанынын Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери биринчилерден болуп жоюшууда. Алар ооруканаларда жүргүзүлүүчү бардык иш-кагаздарын кыргыз тилине которуп чыгышып, мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүнө өз салымдарын кошууда. Бул ишти белсенип колго алгандар - Лейлек аймактык ооруканасынын директору А.Кожомовдун жана мээрбандар иши боюнча орун басары М.Назарова. Ооруканадагы иш кагаздарынын кыргыз тилинде жүргүзүлүшү жергиликтүү калк үчүн да, жалпы кызматкерлер үчүн да жеңилдиктерди жараткандыгына баары ыраазы.
Лейлекте жаздык себүү башталды
Лейлек районунда 2012-жылдын түшүмү үчүн жаздык кылкандуу дан эгиндерин себүү башталды. Жалпы район боюнча 13096 га жерге пландаштырып, анын 5326 га буудай, 7770 га жерге арпа себилет. Эрте жаз келген Арка өрөөнүндө 15-февралда айдоо башталса, 20-февралда Бешкент, Маргун, Кулунду айыл округдарында кызуу башталып, район боюнча 20-апрелде бүтүү планы да кабыл алынды. Жаздык эгиндерди себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча райондук штабдын курамы түзүлүп, ар бир айыл округга жумасына 2 жолу маалымат берип туруу, аткарылышын көзөмөлдөө жагы тапшырылды.
Көмүр экспорттолууда
Сүлүктү шаарынын мэри Ш.Бакибековдун айткандарына караганда, шаардын аймагы жалпысынан 1733 гектарды түзөт. Геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында шаардын түштүк-чыгыш тарабында көлөмү 180,0 тоннадан ашык кара алтындын, 42,0 млн. тоннадан ашуун кварц кумунун, акиташ, гипстин запастары жана башка курулуш материалдарына жарай турган сырьелор бар.
Бүгүнкү күндө шаарда 15 өнөр жай мекемелери иштеп, алар өздүк каражаттары менен натыйжалуу иштешүүдө. Акыркы үч жыл аралыгында өнөр –жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү өскөн. Шаарда 18 көмүр өндүрүүчү ишкана иштеп, кара алтынды өндүрүүнүн көлөмү 109,2%ды түзүп, жыл ичинде 171 миң 912 тонна көмүр өндүрүлүп, облустун калкын жана коңшу Тажик Республикасынын Согди облусун көмүр менен камсыз кылууда.
Г үлчехра ТАЖИБАЕВА
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25