Кыргыз Республикасынын Улуттук Тунгуч Гезити

1924-жылы негизделген, 7-ноябрда негизделген

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт. Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө
18 Мая 2012, 11.50 ...
13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын
18 Мая 2012, 11.49 ...
  Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры Энеме Түбөлүккө калган сенин элесиң: Анткени сен дүйнөгө Жалгыз гана
18 Мая 2012, 11.48 ...
Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы
18 Мая 2012, 11.48 ...

Апта суроосу

Кыргызстан электр энергия сатту менен казынага киреше түшүрсө болобу?



 

 

kyrgyzsalam

header_3

-_

_

emblem

 banner_paragraf    

pl

www.open.kg_banner                                            

aktilek

k-news

 

           

Аба ырайы

Яндекс.Погода

Статистика

Биздин жанылыктар

Previous Кийинки
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13

Талас

“Талас Коппер Голддун” лагери  экинчи ирет өрттөлдү

Өткөн жылдын 7-октябрдан 8-октябрга караган түнү Талас районундагы Арал айылына жакын жайгашкан “Талас Коппер Голд” ЖЧКсынын геологиялык чалгындоо лагерине кол салуу болгон. Кол салгандар жүздөрүнө чүмбөт жамынып, таяктар жана ичине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр менен куралданышып, лагердеги бир нече объектилерди өрттөшкөн. Тагыраак айтканда күзөт бекети, жатакана, ашкана өрттөлгөн. Коопсуздук башчысын уруп сабашкан. Ал кызматкер алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда жогорудагы жосунсуз жорук боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Окуя болгон соң укук коргоо органдары жергиликтүү тургундардын беш-алтоосун кылмышка шектүү катары райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Ал эми алардын жакындары, туугандары, айылдаштары, жүздөй адам жыйналып, 10-октябрда аларды бошотуу талабы менен райакимчиликке, РИИБге келишкен. Кылмышка шектүү адамдар боюнча жетишээрлик далил жок болгондуктан, аларга аймактан сыртка чыкпоо тууралуу көрсөтмө берилип, бошотулган.

Компаниянын жетекчилиги лагерге кол салып, өрттөп, компаниянын кызматкерлерине залал келтирген кылмышкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп ишенет. Компания бул инцидентке жергиликтүү коомчулуктун эч кандай тиешеси жок жана болуп өткөн окуя чакан кылмыш тобунун атайын кол салуусу деп эсептейт.

Болуп өткөн окуяга карабастан компания өлкөнүн Өкмөтү менен болгон лицензиялык келишимдин негизинде Таластагы лицензиялык аянттарында компаниянын чалгындоо иштерин улантып, жаңы бургулоо программасын ноябрь айында пландаштырылганы жаткандыгын 2011-жылдын 10-октябрында расмий билдирди. Компания өлкөнүн геологиялык чалгындоо иштерин жандандырууну тездетүү үчүн өлкө Өкмөтүнө, республикалык күч түзүмдөрүнө мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылды.

2011-жылдын 11-мартында “Талас Коппер Голд” компаниясынын 14 контейнери, кеңсе жана батирге алынган бир үй талкаланып, өрттөлгөн. Компания тарабынан кылмыш жасаган адамдарга бир нече миллион сом доо коюлуп, бирок компания аларга кечирим берген. Анткен менен кечиримдүүлүктү түшүнбөй каракчылык жасап, чектен ашкан жорук жасаган адамдардын кылмыш аракети  жалпы коомчулуктун кыжырын кайнатууда.

Козубек ИМАНКУЛОВ

kginfo_btn363     toguz-korgool                                  

logo-kg_saitka                      

erkin

  

Биздин реквизиттер

"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район

Дарегибиз

Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25