|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
17.02.2012
Эки өлкөнүн алакасы – элге чачар берекесин
Жакында Каракол шаарында Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы соода өкүлчүлүгүнүн кызматкери Владимир Некрасов менен Ысык-Көл облмамадминистрация башчысынын-губернаторунун милдетин аткаруучу Мирбек Асанакунов өз ара достук, соода алакасы боюнча меморандумга кол коюшту. Эки жактын өкүлдөрүнүн айткандарына караганда меморандумда жазылгандарды аткаруу – эки жакка тең ыңгайлуу. Буга чейин экологиялык жактан таза өстүрүлгөн жашылча, жемиштерин, сүт азыктарын, өзгөчө картөшкөсүн өз убагында сата албай, оңой жол менен пайда тапканга көздөрү кызарып жедеп кыныккан ортомчуларга текейден арзан кармата берип жан кыйнаган түйшүктөрү акталбай келген көлдүк дыйкан-фермерлерге кеңири жол ачылчудай.
Журналисттер менен өткөрүлгөн жыйында Орусиянын соода тармагындагы эки элдин жакындыгы азыркы убактылуу кыйынчылыктардан биргелешип тез, оңой чыгып кетерине мүмкүнчүлүктөр бар экендигин билдирди. Ал жыйынга катышкандардын берген бир катар суроолоруна жооп катарында көл өрөөнүнө фермерлер үчүн айыл чарба шаймандары, жер семирткичтер берилерин, Орусияда айыл чарба азык-түлүктөрүн кабыл алуучу бир катар пункттар ачыларын, жумушчу кадрларды кесиптик-техникалык даярдыктардан өткөрүү жагы да караларын айтты.Жээнбай ТҮРК
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25