|
Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары 21 Февраля 2012, 12.41 ... |
|
Айыл чарбасында аткарар иш алдыда Жаңылыктар Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
«Манаста» каралган маселе – тышкы саясат Жаңылыктар Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык 21 Февраля 2012, 12.40 ... |
|
Үрөндү биргелешип даярдайбыз Жаңылыктар – Үрөнчүлүк боюнча 68 мамлекет менен байланыштабыз. Жылына 118 млн. доллардык үрөндү экспорттойбуз. 2023-жылга Түркиянын 100 21 Февраля 2012, 12.39 ... |
21.02.2012
Кара-Балтада каадалуу иштер көп
Жайыл районунун маданият үйүндө Кара-Балта шаар мэринин 2011-жылдагы шаардын экономикалык-социалдык жактан өнүгүшү боюнча отчеттук жыйыны өткөрүлдү.
Шаар мэри Д.Шабдановдун 6 ай иштегенине карабастан жыл жыйынтыгы эң жакшы аяктап, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү боюнча бир канча иш чаралар аткарылган. Алсак, В.Н.Шатик жетектеген ардагерлер кеңеши, окутуу жана үйрөтүү борбору, 58 кварталдык, 280 үй комитеттери, 24 өкмөттүк уюмдар, Кызыл жарым ай коому ж.б. көптөгөн уюмдар шаардын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишет.
21.02.2012
Лагерди өрттө-гөндөргө экинчи ирет кечирим берилди
Талас районундагы Арал айылындагы Талды-Булак кенин чалгындап жаткан “Талас Коппер Голд” компаниясынын лагерин өрттөө боюнча айыпталган тогуз адамдын ишин Талас райондук соту карады.
Сотто кылмыш жасады деген айып коюлган сегиз адам көрсөтмө берди. Алар 2011-жылдын 7синен 8-октябрга караган түнү саат 12лер чамасында лагерге атчан барышып, ал тургай кароолчулардын башчысын ур токмокко алышып, катуу сабашкан. Сотто жабыр тарткан кароолчулардын башчысы Таалайбек Сыдыгалиев көрсөтмө берип, бирок ал соттон айыпталуучулардын жазасын жеңилдетүү өтүнүчүн билдирди. Ошол жоболоңдуу окуядан аталган компания 3 млн. 135 миң сом материалдык зыян тарткан.
21.02.2012
Окуучулар чатырларда окуйбу?!
Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылындагы 250 окуучу мындан ары чатырларда окуй башташмакчы. Анткени айылдагы С.Атамбеков атындагы орто мектеп кулап калуу абалга эбак эле келген. Береги маалыматты билдирген облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Салия Жолдошова 1966-жылы салынган аталган мектеп 1997-жылы Ак-Талаа районунун аймагында болгон жогорку баллдагы жер титирөөдөн кийин эле пайдаланууга жараксыз деп табылгандыгын, ошол жылдан бери эле жаңы мектеп курууга мамлекет тарабынан эч колдоо көрсөтүлбөй келгендигин белгилейт.
– Мектептин бир жак бөлүгү 5-февралда Молдо-Тоодо болгон 5 баллдык жер титирөөдөн кийин кадимкидей кыйшайып калыптыр. Ошондуктан учурда төрт чатыр жеткирилди.
21.02.2012
Каттооң жок болсо, добуш бере албайсың
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдагы 22-декабрындагы Жарлыгына ылайык, 2012-жылы 4-мартта Баткен, Жалал-Абад, Нарын,Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү Кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөрүлөт.
Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиеванын биздин кабарчыбызга берген маалыматына ылайык, республиканын түштүк борборунда шаардык кеңештин 45 депутаттык оруну үчүн 8 саясий партиядан 706 өкүл ат салышууда. Калаада 73 шайлоо тилкеси түзүлгөн. 50%ы саясий партиялардан, калганы жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлүп, эки жылга шайланган тилкелик жана жергиликтүү комиссия мүчөлөрү азыркы учурда шайлоочулардын тизмесин жана жергиликтүү кеңешке биринчи жолу өткөрүлүп жаткан партиялык шайлоонун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп жатышат. Бул ирет шайлоого шаарда каттоосу бар жарандар гана катыша алышат. Ошондуктан шаардыктар өлкөнүн келечеги үчүн бул маанилүү саясий өнөктүккө активдүү катышууга тийиш. Т.АБДЫРАЗАКОВ
21.02.2012
Социалдык колдоонун бир айлыгы
Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Ж.Раззаков 20-февралдан 20-мартка чейин Баткен облусунун аймагында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн бир айлыгын өткөрүүнү жарыялады.
Бир айлыктын жүрүшүндө социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү боюнча, калктын социалдык жактан корголбогон катмарына социалдык колдоо жана бир мезгилдүү материалдык жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акциялары жүргүзүлөт. Аз камсыз болгон улгайган адамдарга акысыз негизде турмуш-тиричиликтик, медициналык жана юридикалык кызматтар көрсөтүлүп, мектеп-интернаттарына, жатак-үйлөргө, үй-бүлөнү, балдарды колдоо жана реабилитациялык борборлоруна, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык жактан колдоолор болот.
Страница 1 из 50
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25