|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары Сьюзен Эллиот жетектеген АКШнын делегациясын кабыл алууда республикабызда АКШнын аскерлеринин жайгашышы тууралуу маселени козгоп, “Манас” жарандык аэропортунда 2014-жылдын жай айларынан кийин чет элдик аскердик контингент болбошу керектигин билдирди.
Мамлекет башчысы АКШ менен кызматташуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына негизденип ишке ашырылаарын, ал эми демократиялык өнүгүү эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелерин чыңдоонун факторлорунун бири катары кызмат кылаарын белгиледи.
Жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, АКШнын коргоо министринин жардамчысынын Афганистан, Пакистан жана Борбордук Азия боюнча орун басары Дэвид Сэдни, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешиндеги Борбордук Азия боюнча бюронун директору Линн Трейси, генерал-майор Джон Николсон, КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана УКМКнын төрагасы Шамиль Атаханов катышышты.Жолугушууда Афганистанда коопсуздукту чыңдоонун мааниси баса белгиленди. Андан тышкары, тараптар болочокто Афганистан террорчулар баш паанек кылган жайга жана баңгитрафиктин уюгуна айланып калбасы үчүн саясий чечим табуу зарыл экендигин белгилешти.
А. ЭСЕНОВ
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25