|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Өткөн жылы кыш эрте түшкөндүгүнө байланыштуу 100 гектар буудайдын күздүгү айдалбай калган, жер семирткич жетиштүү камсыз болбогон, мал чарбасында жугуштуу мал ылаңы көбөйүп, экспорттоого чоң тоскоолдук болгон.
Айыл чарбасы жана мелиорация министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Дыйканбай Кенжебаев баяндамасында айткандай, өткөн жылы айыл чарбасында 103,7% өсүш болгон. 147347 млн. сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн. Облустардан Ош – 104, Чүй – 103, Жалал-Абад – 102 пайыз жогорулоону камсыздашкан. Дыйкандарга 7%дык 567 млн. сом насыя, Россиядан 1000 тонна буудайдын, Казакстандан 500 тонна арпанын үрөнү жана арзан күйүүчү май берилген.
Коллегияга катышкан вице-премьер-министр Аалы Карашев өлкөнүн 60%дан ашык эли айыл чарбасында эмгектенип, тиричиликтерин өткөрүп жатышкандыктарын, айыл чарбасы 2,3% өсүш менен жыйынтыкталгандыгын, ички дүң продукциянын негизги бөлүгүн түзгөн айыл чарбасына мамлекеттик чоң колдоолор көрсөтүлөрүн белгиледи. “Өткөн жылы фермерлерге 9%дан 1 млрд.сом насыя бөлүнсө, быйыл дагы 1 млрд. сомду 7%дан февраль айынан баштап берүүдөбүз. Албетте, бул аз. Май айында кошумча булактарды таап, дагы 1 млрд. сомдук чакан насыялоону караштырып жатабыз. РСК, Айыл банктарына 200 млн. сомдон котордук. Алды ала башташты. Мурда өсүмдүк өстүрүүчүлөргө гана берилсе, быйыл мал баккандарга 500 млн. сом каралды”, – деди А.Карашев.Вице-премьер-министр өзгөчө дыйкандарды үрөн менен камсыздоого басым жасап: “188 үрөн чарбалары бардыгы айтылып келет. Алар чындап эле үрөн даярдап жатышабы же банктардан насыя алуу үчүн катталып келишеби? Инвентаризация жүргүзөбүзбү, аттестация өткөрөбүзбү иликтеп, республика боюнча үрөн даярдоо жагын чечсек”, – деген тапшырма берди. Муну менен катар жер семирткич, сугат суу менен камсыздоо, өсүмдүк, мал ооруларына каршы күрөшүүдө жоопкерчилик менен иштөө милдеттерин койду. “Айыл чарба министрлиги статистикада отурбаш керек. Кандай айыл чарба продукциясы кантип, канча өндүрүлөт, кайда канчадан сатылат – бардыгынын планы иштелип, жетекчиликке алыныш керек”, – деди. Өкмөттүн “Туруктуулук жана бакубат жашоо” программасына ылайык жарыяланган жүз күндүктүн жыйынтыгында аймактардагы мамлекеттик уюмдардын жетекчилеринен тартып министрлерге чейин аткарган жумуштары тууралуу жоопкерчилик сураларын, мурдагыдай иштебей илең-салаң жүргөндөр кызматтарынан четтетилери эскертилди.
Мал чарбасында негизинен ветеринардык иш алып баруу начардыгы, мал ылаңына каршы күрөшүү жумуштары талаптагыдай жүрбөй жаткандыктан мал азыктарын экспорттоого тоскоолдук болгондугу белгиленди. Ветеринарлар жетишпей жатса, 20% кыскартуунун терс таасири тиери айтылды.
Мелиорация боюнча маалымат берген Жусумат Эсенов 1 млн. 11 миң гектар сугат жерди суу менен камсыз кылуудагы иштерге бөлүнгөн акчанын жетишпей жаткандыгын, биринчи сугатты камсыздоого иштерди аткаруу үчүн бюджеттеги бөлүнгөн каражатты кечиктирбей жыл башында эле берилишин суранды.
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Султанбек Маткеримов аймак боюнча күздүк буудай Өкмөт пландагандай эгилгенин, тапшырмадан 51 миң тонна буудай ашык алынганын, 10500 гектарга өстүрүлүүчү кант кызылчасынын үрөнүн кант заводдору камсыздоого келишимдер түзүлгөндүгүн, дыйканчылыкка насыя аз болуп жаткандыгын билдирди.
Көпчүлүк талкууга чыккандар насыя алууга аракеттенишкен фермерлер көптүгүнөн баарына берилбей жаткандыгын, техникалардын эскилигин, күйүүчү май, үрөн, жер семирткич менен камсыздоо маселелерин көтөрүштү.
Жыйынды алып барган айыл чарба жана мелиорация министри Сапарбек Тынаев облустарды кыдырганда көргөн кемчиликтерди четтетүү жагын ар бир аймактын, тармактын жетекчилеринен сурап, кайрадан тапшырды. “Эгерде, айтылган сындардан жыйынтык чыгарылбаса, өсүү, өзгөрүү болбосо мурдагыдай унчукпай кала бербейбиз, жоопкерчилик суралат”, – деди министр.
Марип ТАЙЧАБАРОВ, “Кыргыз Туусу”
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25