|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
21.02.2012
Кыргыз дипломатиясынын тарыхын, өткөн жыйырма жыл ичиндеги жетишкендиктерин белгилөө, мамлекеттик башкаруу жана эл аралык мамилелер адистиктеринде окуп жатышкан студенттердин билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу, алардын тышкы байланыш тармагын өнүктүрүүнүн жолдорун изилдөө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөрүлгөн иш чаранын негизги максаты болуп калды.
Өз сөзүндө КТМУнун ректору профессор Себахаттин Балжы Президенттин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Исаков Сапар мырзанын келишине ыраазычылыгын билдирүү менен Кыргызстандын өрнөктүү, энергиялуу жана жаш тажрыйбалуу жетекчилеринин бири экендигине жана атайын өзүнүн иш тажрыйбаларын студенттер менен бөлүшүп туруусу үчүн чакырылгандыгына токтолуп, мындан ары да бул семинар ай сайын болуп турарын айтты.
Президенттин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков студенттер менен жолугушуп жаткандыгына кубанычта жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети үлгүлүү окуу жайлардын бири экендигин баса белгилеп, өзү он эки жылдан бери жогорку окуу жайларда Эл аралык мамилелер боюнча сабак берип келе жатканын жана дипломатиялык иш тажрыйбалары жөнүндө маалымат берип, азыркы кыргыз дипломатиясынын бүгүнкү күндөгү абалы, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан тышкы иштер саясатындагы эл аралык кызматташуулары, тышкы соода саясаты жана индустриалдаштыруу стратегиялары, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүлөрү тууралуу ой бөлүштү.Ш.КАДЫРОВ
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25