|
ЭлТРде – Манас күнү Жаңылыктар Үстүбүздөгү жылдын 21-майында ЭлТР телекөрсөтүүсүндө Манас күнү өткөрүлөт.
Бул маанилүү маданий иш чара үч бурчтук түрүндө 18 Мая 2012, 11.50 ... |
|
Кыргыз баатырларына зыярат Жаңылыктар 13-майда Стамбул жана Анкара шаарларынан 5 чоң авто унаа менен 300дөн ашуун кыргыздар Изник шаарынын күн чыгыш дарбазасынын 18 Мая 2012, 11.49 ... |
|
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Батыры
Энеме
Түбөлүккө калган сенин элесиң:
Анткени сен дүйнөгө
Жалгыз гана 18 Мая 2012, 11.48 ... |
|
“Жаңы Ала-Тоонун” жазгы санында Жаңылыктар Өлкөбүздөгү жалгыз адабий басылма болуп жаткан «Жаңы Ала-Тоо” журналынын жаңы саны КРнын эл жазуучусу Э.Турсуновдун жаңы 18 Мая 2012, 11.48 ... |
17.02.2012
Бишкекте Түрк айыл чарба адистеринин иш тажрыйбаларын талдаган эл аралык кеңешме өтүп жатат.
“Жакшы топуракка өнүмдүү үрөн таштай албаган дыйкандын колу уялсын”. Түрк элинин белгилүү акыны жазган бул саптарды Түркиянын үрөн өндүрүүчүлөр бирикмеси өздөрүнүн девизи катары алып жүрүшөт. Акыркы он жыл аралыгында боордош мамлекеттин үрөнчүлөрү өз өлкөсүндө эле эмес, эл аралык алкакта да чоң жеңиштерге жетишип жаткандыгына алардын коңшу мамлекеттердин үрөн рыногуна болгон оң таасири далилдеп турат.
Түрк өнөр жайчыларынын жана үрөн өндүрүүчүлөрүнүн бирикмесинин делегация мүчөлөрү атайын ишкер кеңешме менен борборубуз Бишкекке келишкен. Буга чейин алар Азербайжан, Украина, Орусия жана Босния Герцеговина мамлекеттеринде болуп кайтышкан.
Бишкек кеңешмесинин алкагында Кыргызстандын үрөн өндүрүүчүлөрү менен TSUAB бирикмесинин мүчөлөрү ортосунда айыл чарба багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Негизги максаты – үрөнчүлүк өндүрүшүндө кызматташууга жетишүү жана тажрыйба алмашуу. Биздин беде, эспарцет өңдүү үрөндөрүбүз аларды көптөн бери кызыктырып да жүргөн экен. Өз кезегинде түрк үрөнчүлөрүнүн жашылча жана жемиш багытындагы жетишкендиктери эл аралык деңгээлде да бааланууда.Кеңешмеге коңшулаш Казакстандан, Азербайжандан жана Орусиядан адистер катышып жатат. Көп жактардан келишкен адистердин биздин айыл чарба багытына болгон көз караштары бирдей—жакшы экендиги мени кубандырды. Алар биздин жерибизди—топурагыбызды абдан жогору баалашты, өтө ысык эмес климатыбызды жана өзгөчө агын сууларыбыздын таза жана мол экендигине суктангандыктарын да жашырышкан жок. Демек, мындай бейиштин төрүндөй болгон жерибизде таза жана сапаттуу азыктарды өндүрүүнүн өзү эле ырахат болууга тийиш.
Кеңешме дагы эки күн аралыгында өз ишин улантмакчы. Кеңешменин кечээ күнкү ишинде биздин айыл чарба министрине, Кыргызстандын үрөн өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчисине, финансы полициясынын башчысына, Айыл чарба университетинин агрономия факультетинин деканына жана башка бир катар айыл чарба багытындагы адистерге эстелик белектер тапшырылды. Бул белектер берекелүү Кыргыз жеринин айыл чарба адистерин кубантып эле тим болбой, аларды намысына келтирип, билек түрүнө иштөөсүнө түрткү берет деген ишеним менен кеңешмеден чыктым.
Гүлсүн КАРАБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”
"Кыргыз Туусу" гезити
Бишкек ш., Абдумомунова көч., 193.
ИНН. 01012199310063
Р/С 4172000248
ОАО РК "Аманбанк2"
МФО 330107705
Код. 004 Первомайский район
Кыргызстан, Бишкек ш., 720040.
Т. Абдумомунов көч. 193.
телефон: 62-20-18
факс: 62-20-25